Албетте саясий партиялардын лидерлеринен тышкары бир нече жеке кандидаттар дагы чыгат, бирок учурда бийликте отурган Атамбаев жана КСДП партиясы өзүлөрүнүн талапкерин чыгарбай койбойт. Анткени учурдагы бийликтин башын оорутуп жаткан маселе дал ушул колундагы ооматты кетирип жибербей, резиденцияда жатып КСДПдагы бвалашкаларынын үстүнөн үстөмдүк кылуунун айла амалын издешүүдө. Тар чөйрөдө айтылган “дептир” деген имиштеринин аягы келиптирге айланып калмай Кыргызстанда кадимки көрүнүшкө айланып бараткансыйт. 

 

Бүгүн Сапар Исаков негедир Атамбаевдин дипломаттык иштери Мюнхен конференциясы тууралуу маалымат жыйын берди. Жыйында журналисттер анын Президенттике талапкерлигин коёр койбосу тууралуу сураганында, күн тартибинде бул тууралуу маселе жок деп жооп берүүдөгн баш тартты. Албетте ооба же жок деп так кесе айтууга али эрте. Анткени “мураскер” операциясын бүлгүнгө сала турчу башкы маселе ким болоору белгилүү болуп калса оппоненттер дароо эле ага компромат же кылган кыйшык иштерин шайлоого чейин ачыктаганга кенен убактысы болуп калат. Бирок кызыгы беш жылдан бери ажонун тышкы иштер боюнча саясат  бөлүмүнүн жетекчисинин капилет берген маалымат жыйыны коптөрдүн оозунг ачырууда. Себеби беш жыл аралыгында Атамбаев канчалаган өлкөгө, канчалаган конференцияларга барганда бербеген маалымат жыйынды берген Исаковдун бир билгени бар.

 

Экинчи дагы бир кандидат катары каралып жаткан учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон келип калса ага таң калбай деле койсок болот. Сооронбай Жээнбековдун Президент болуп келип калышын башкалардан дагы Атамбаевдин каалооосу күч. Албетте Жээнбековдун бул тууралуу дымагы барбы жокпу айтуу кыйын, бирок бирөөнүн каалоосу үчүн барышы толук мүмкүн. Анткени атка жеңил, тайга чак, элпектиги менен ажонун жүрөгүнөн “мураскер” болуу түнөгүн ттапкандай болду. Ал тургай өкмөт башчылардын ичинен Президенттин катын окуп, каалооосун билдирген Кыргызстандын тарыхындагы жалгы өкмөт башчы дал ушул Сооронбай Жээнбеков.  

 

Булак: "Каганат"