КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, А.Атамбаевге МУКК башчысы А.Сегизбаев өлкөдөгү азыркы кырдаал жана улуттук коопсуздукту камсыздоо иштери тууралуу маалымат берди.

 

Абдил Сегизбаев андан тышкары президентке  терроризм жана экстремизм менен күрөшүү чаралары, ошондой эле антитеррордук иш чаралардын натыйжалуулугун арттыруу боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин иштери жөнүндө айтып берди.

 

Алмазбек Атамбаев менен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш чаралар комплексин өркүндөтүү, анын ичинде  террордук жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин ашкерелөө жана бөгөт коюуга байланышкан иш пландарын талкуулашты.