Бул тууралуу А.Мадумаров “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, мекендештер менен жолугушуу 18-февралда өтөрүн билдирди.

 

Маалыматка караганда, жакында Орусиядагы кыргыздардын түзүлгөн топ «Мадумаровду колдоо» кыймылын уюштуруп, 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер болуусун суранышкан. Алар саясатчыга кат жолдоп, жолугушууга чакырышкан.

 

Мадумаров мигранттардан келген катты да жарыялады.

 

Былтыр жыл аягында Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев биригип, президенттик шайлоого арасынан бир талапкер чыгарын жарыялашкан.

 

Булак: "Азаттык"