“Атамбаев башкадан болбосо да, Путинден сабак алса жакшы болмок”

 

- Авиа кырсыктан жабыркагандарды президент резиденцияда кабыл алганы “ажо кырсык болгон жерге барбады. Жабыркагандардан кабар алган жок” деген сөздөргө чекит койдубу?  

 

- Чекит деле койгон жок. Анткени, башка мамлекеттердин президенттери кырсык болгон жер алыс болсо, вертолёт менен барат. Жакын болсо, машина менен барып, мүңкүрөп турган элге кайрат айтат. Алыс кетпей эле Путинди эле мисалга алалы. Россиянын бир жерин кокус сел алып же суу каптап кетсе, Путин угар замат вертолёт менен учуп барып, элдин абалын сурап, көпчүлүктүн бири болуп, суу кечип, кайра да келем деп убада берип, жарым жылдан кийин эрикпей дагы барат. Атамбаев башкадан болбосо да, “досум” деп жүргөн Путинден  сабак алса жакшы болмок. Атамбаев кырсык болгон  Дача СУга колун сунса эле жеткени турат. Ошол жапжакын жерге самолёт кулаган күнү эле барса болмок. 20 күндөн кийин артистенип, жетим калган балдардын бетинен өпкөн болбой.  Президент жасалма жүргөнү болбогон иш. Резиденцияга чакырганча окуя болгон жерге барбайбы. Самолёт кандай кулады, керосин канча жерге төгүлдү, үйлөрдүн талкаланганын өз көзү менен көрбөйбү. Эл атасы болгону чын болсо, жабыркагандарды автобус менен  резиденцияга ташытпай, ошол жерге барбайбы. Балким, Текебаев башында турган депутаттык комиссия түзүлбөсө, “кырсыкка себеп болгон жүк Раиса Атамбаева менен Албек Ибраимовдуку” деген  такталбаган маалымат чыгып кетпесе, Кыргызстандагы басма сөз каражаттарынын баары “президент авиакатастрофадан жабыркагандардын абалын сураган жок” деп байма-бай жазышпаганда аларды резиденцияда дагы кабыл албайт болчу. Башкача айтканда, президент  күч келгенде кабыл алды.

 

- Балким президент  “кырсык болгон жерге барып, элди алагды кылбайын, маселени жай отуруп чечейин” деп жабыркагандарды резиденцияга чакыргандыр...

 

- Дүйнөдө бир да президент кырсыктан жабыр тарткан адамдарды резиденцияга чакырбайт. Окуя болгон жерге өздөрү  барат. 57 жашка чыкканы кырсыктан жабыр тарткандарды президент резиденцияга чакырганын биринчи жолу Атамбаевден көрдүм. Эгер эреже ушундай болгондо суу каптагандардын баарын Путин Кремлге чакырат эле го. Менимче Атамбаевдин ашынган кошоматчылары “сиз кыйналбай эле коюңуз. Керосиндин жытына ууланып калбаңыз.  Өзүңүз араң жүргөндө суук тийип калбасын. Жабыркагандарды резиденцияга биз эле ташый коёбуз”- дешкен окшойт.

 

Азыр КТРК, ЭлтР, НТС башкача айтканда, бийликке ыктаган телеканалдардын  баары авиакатастрофага кабылган учак “Манас” аба майданына май куюга токтоп, экипажды алмаштырмак экен деп саат сайын какшап, дежурларды кайра-кайра сүйлөтүп элдин кыжырын ого бетер келтирип жатышат. Алар бийликти актап жатабыз дешкени менен элди “шектүү шекшинет” деген ойго түртүп жатышканын сезишкен жок. Жогору жактагылар кырсыкты кайра-кайра айтып актана бербей, өлгөн адамдардын сөөгүн жөн жаткырса жакшы болот эле. 

 

Мен да “Боинг” учагы менен Америкага барып келдим. Москвадан Майамиге 12 саат 40 мүнөт учтук. Бир жерге конуп, май куйган деле жок. Гонконг менен Стамбулдун аралыгы андан да жакын экен. Манас аба майданына кырсыкка учураган учак май куюу үчүн эмес, көп божомолдордун чыгышына себеп болгон жүктү түшүрүү үчүн гана келгендей сезилип жатат. Мынча болду бийликтегилер элди алдабай ачыгын айтып, жүккө тиешеси бардарды жазалабайбы. Булар азыр жан далбастап жашырганы менен кыңыр иш кырк жылда да билинип калат. Ошон үчүн актангандын ордуна кырсыкка себепкер болгон жүктүн ээсин жазаласын. Болбосо эл эртеби-кечпи аныгын билип алат. Же “аялым менен санаалашымды ак жеринен каралап жатасыңар” деп, “жүктүн ээси президенттин жубайы жана Албек Ибраимов экен” деп жазып чыккан ММКларды сотко берсин. Кудай таалам деле карап турат. Өлгөндөрдүн убал сообу деле бар да. Кыңыр иш кырк жылда билинет. Текебаевге обу жок асылгандан мурун бийликтегилер ушундай маселелрде этият болушса болмок экен. Калк айтса калп айтпайт дейт. Бул маселе бекер чыгып жаткан жок.

 

“Түрктөргө инструкциясы кыргызча жазылган товардын эмне кереги бар?”

 

Адистер  кадимки рейске чыккан “Боинг” менен жүк ташыган “Боингдин” айырмасы асман менен жердей экенин, жүк ташыган “Боинг” керосинди эл ташыган учакка караганда 2 эсе көп сарптаарын айтып жатышат го?

 

- Жүк ташыган “Боинг” эл ташыган учактан майды эки эсе көп коротпойт. Эгер кырсыкка учураган “Боинг” Манас аба майданына  май куюп,  экипажды алмаштыруу үчүн гана токтогон болсо, кыргызча жазылган телефондордун  инструкциясы чыкпайт эле го. Башында “жүктүн Кыргызстанга тийешеси жок” деп чыгышты. Эгер жүк Түркияга таандык болсо, “кыргызча жазылган товардын Түркияга эмне кереги бар?”- деген маселе жарылып жатат. Кыскасы, Кыргызстанга жүк алып келип, кырсыкка учураганын мойнуна алгысы келбегенде УКМК аргасы кетип, “келаткан жүктүн 2 тоннасы Кыргызстанга таандык. Ал Стамбулга барып, кайра Бишкекке учкан учактарга жүктөлүп, анан Кыргызстанга келмек”- деген маалымат таратышты. Ага өздөрү эле ишенбесе көпчүлүк ишенгиси да келбей жатат.

 

“Албек күнөөлүү болсо аны жазалап, аялы күнөөлүү болсо, Казанды көздөй айдашы керек
 

- Кокус жүк чындап эле Атамбаевдин аялы менен Албек Ибраимовго таандык экени аныкталып калса, анда булар кырсыктан жабыр тарткан мекендештерибиздин  жоготууларын  эмне менен төлөп бериши керек?

 

- Азырынча жүк кимге таандык экени ачыкка чыга элек. Бирок, элдин калың катмарына  тарап кеткен ушактардын барына президент чекит коюп, Албек күнөөлүү болсо аны жазалап, аялы күнөөлүү болсо, Казанды көздөй айдашы керек. Сталиндей болуп, жакын адамы экенине карабай жазалабаса, эл президентти аябайт.

 

Өкүнүчтүүсү, жүктүн ээси президенттин аялы жана Бишкек шаарынын мэри деген маалымат “Турсунбек Акун Батукаевди чыгарам деп 100 миң доллар алды” дегенге караганда, чындыкка жакын, реалдуу болуп жатат. Бул жагдай кимибиз мамлекетке зыян келтиргенибизди ачыкка чыгара баштады.

 

Бирок, мен адам катары жүктүн ээси Атамбаевдин жубайы менен Бишкек шаарынын мэриники болбошун жана алардын ушул ишке катыштыгы  жок болушун каалайт элем. Себеби, жүк аты аталган адамдарга тиешеси бар болсо, анда Атамбаевдин тагдыры Акаев менен Бакиевден да оор болот. Мен азыркы президент качпай, жакшынакай болуп кызматын тапшырып кетишин каалайм. Роза Отунбаеваны аттап, тондоп узатсак, Атамбаевди да так ошентип урмат-сый менен узатсак дейм.

 

Балким, ал жүк Атамбаевге тиешеси болбосо да, ага жакын санаалаш болгон бир фигурага таандык окшойт  деп ойлойм.

 

“Бул маселенин аягына Текебаев эле чыкпаса, башка эч кимдин деле күчү жетпейт”

 

- Парламенттик комиссия ушул кырсыкка себеп болгон жүктүн аныгына жетеби?

 

- Жогору жактагылар Текебаевге обу жок асылгандан мурун ушундай маселелерде сак болушса болмок экен. Текебаев жүк маселесин көтөргөндөн бери ага асылуу кайра күчөй баштады.  Бирок, бул маселенин аягына Текебаев эле чыкпаса, азыр анын чын бышыгын аныктаганга башка эч кимдин деле күчү жетпейт. Текебаев асылгандарга багынмак турсун, тескерисинче, уятын чыгарып, бийликти кокодон алды. Бирок, жүк маселеси бүгүн-эртең эле чечиле калбайт. Аны депутаттык комиссия кылдат иликтеп чыгат. Анан жыйынтыгын жарыялайт.  

 

-Буга чейин бийликтегилер Текебаевге кол сунуп, “жүк тууралуу маселени көтөрбөсөң айтканыңды кылалы дептир” деген  имиштер тараган. Бул имиш чындыкка жакынбы?

 

- Имиштер да жөн жерден эле чыкпайт. Себеби, жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт... Менимче Текебаев бийлик менен кызматташууга барбайт. Мен Атамбаев менен Текебаевди элдештирип коёюн деген максатта “Атамбаев атаңды өлтүрдү беле, элдешип албайсыңарбы”- деп эки тарапты тең ынтымакка чакырууга аракет кылгам. Бирок, Текебаев “31-декабрда мени кандай караласа, аянтка чыгып алып, эл алдында менден ошондой кечирим сурасын. Мен Атамбаевди ошондо  гана кечирем” деп койгон. “Атамбаев менен жигитче  кол алышып  элдешип алсам, элдер мени акчага же кызматка сатылды” деп ойлошот. Ошондуктан “Атамбаев эл алдында кечирим сурамайын мен аны менен элдешпейм”- деген.

 

“Салянова алып келе албаган Батукаевди Жолдубаева алып келе алмак беле!”

 

- Башкы прокрор Индира Жолдубаева Батукаевди Кыргызстанга алып келүү боюнча Россиянын башкы прокурору менен сүйлөшүп жатыптыр го. Жолдубаеванын Батукаевди алып келгенге күчү жетеби?

 

- Эми бул жомок да. Батукаевди бийлик өзү кызыл килем төшөп узатып жиберип, аны кайра алып келе алмак беле. Аида Салянова да “Батукаевди алып келем” деп аракет кылган. Салянова алып келе албаган Батукаевди Жолдубаева алып келе алмак беле. Булар Батукаевди алып келе албасына көздөрү жетсе да,  элди алаксытыш үчүн ушундай маалыматтарды атайылап чыгарып жатышат. Батукаевди мен эмес, азыркы бийлик кетирген. Эми Батукаев  булардын колуна өзү келип түшүп берерин Кудай билет.

Мен Атамбаевди жаман көргөн жерим жок. Анткени, андан кыйын иштеп жибере турган адамды  деле көргөн жокмун. Бул башкаларга салыштырмалуу татыктуу эле шайланды. Мөөнөтүнүн аягына чейин иштесе экен дейм. Бирок, улам кырдаал оорлоп,  ага- буга тиешеси бар деп айтылган маалыматтардан улам абал өзгөрүп, мөөнөтүнүн аягына чейин жетпей калабы деп кооптоном.

 

“Американын авиа базасы кеткенден кийин Россияныкы да кетиши керек

 

- Канттагы орустардын авиа базасы боюнча келишим 5 жылдан кийин гана күчүнө кирип, жылына 4,5 млн. доллар төлөй  баштайт экен. Аталган авиабаза боюнча кандай пикирдесиз?

 

- Менин пикирим мындай. Американын авиабазасы кеткенден кийин Россияныкы да кетиши керек. Дүйнөдө үч чоң держава болсо, анын биринин авиабазасын кууп чыгып, бирин калтырып койгон туура эмес. Калтырса экөөнү тең калтырып же экөөнү тең кууп чыгышыбыз керек. Беш жыл бир тыйын албай электр энергиябызды, полигондорду бекер пайдалантканыбыз туура эмес. Жаманбы-жакшыбы Американыкы парламенттин чечими менен келген. Ал эми Россияныкы парламентин чечими жок эле келген.  Мен Россиянын душманы эмесмин. Путиндин жакшы иштерин колдойм. Бирок, акыйкаттык үчүн айтып коюшум  керек. Биз ага же буга жан тартпай баарына бирдей мамиле кылышыбыз  керек.   

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (281), 1-февраль, 2017-жыл