Бишкек, “Саясат.kg”. 24-январда көптөн бери Кыргызстанды дүрбөлөңгө салып, “кылым соту” аталган Азимжан Аскаровдун соту акыры аягына чыкты.

 

Ишти кайра караган Чүй облустук соту А.Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Ал 2010-жылдагы Оштогу улут аралык жаңжалды тутантууга айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган болчу. Бишкек-Ош унаа жолун тосууну уюштургандардын катарында болгону да айтылып келген. Куралсыз 13 милиция кызматкери каршылыкка чыккан элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда башаламандык жараткандар аларды сабап, Сулайманов аттуу милиция кызматкерин өлтүрүп, мыкаачылык менен өрттөп жиберишкен.

 

Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Аскаровду бошотуу талабы менен кайрылып, 2016-жылдын июль айында Германиянын канцлери Ангела Меркелден да Кыргызстанга болгон сапарында Аскаровду бошотууга жардам берүүсүн суранган.  Ал тургай эл аралык журналисттер уюму да эгер Аскаров түрмөдөн бошотулбаса, Дүйнөлүк банктан Кыргызстанга жардам берүүнү токтотуу өтүнүчү менен кайрылган. Алар эгемендүү мамлекеттин сот ишине кийлигишүү менен дагы бир улуттар аралык балакетти баштоону көздөсө керек. Бул ирет биздин сотко “Браво!”.