Бишкек, “Саясат.kg”. Өткөн жыл соңунда бириккен үч саясатчы: Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиевдин кимиси быйыл боло турган президенттик шайлоого катышары азырынча чечиле элек. Бул тууралуу “Саясат.kg” маалымат агенттигине Ахматбек Келдибеков билдирди.

 

Анын айтымында, айрым маалымдоо каражаттары атайылап, үчөөнүн ортосуна бүлүк салып, ажыратуу максатында ушундай такталбаган маалыматтарды чыгарышууда.

 

“Биздин биригип алганыбыз көп адамдардын түн уйкусун бузуп жатат окшойт. Ошондуктан, эмитен ар кандай ушак-айыңдарды, мисалы, “үчөөнүн ортосунда ырк кетти”, “Мадумаровду “сен президенттикке чыгасың” деп алдап коюшту”, “Келдибеков президенттик шайлоого катышууга даярдык көрүп, штаб ачты” – сыяктуу сөздөрдү таркатып жүрүшөт. Мунун бири да чындыкка дал келбейт. Биз биригип жатканда ар бир маселени үчөөбүз биригип чечүүнү шерттешкенбиз. Президенттикке ким чыгат, аны учуру келгенде ар бирибиздин шартыбызга карап чечүүнү бекемдештик. Бул сөз ошол боюнча турат. Учурда биз партиянын курултайына даярдык көрүп жатабыз. Баары ошондо белгилүү болот”,- деди ал.