Бишкек, “Саясат.kg”. Россиянын президенти Владимир Путин президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады.

 

“Узап бараткан жылы биз кыргыз-орусиялык стратегиялык өнөктөштүк жана союздук багыттагы кызматташууну өнүктүрүү, ошол эле учурда Евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алга жылдырууда көп иштерди жасадык. Биргелешкен аракеттердин натыйжасында биз мындан ары да Россия жана Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташууну бекемдей берерибизге ишенем”,- деди РФ лидери.

 

В.Путин президент Атамбаевдин жакындары жана туугандарына чын ден-соолук, бакыт, ийгилик, ал эми Кыргыз элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады.