Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитети Сарпашевдин жаңы электрондук паспортун кабыл алган жок. Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиев долбоорду четке кагуу демилгесин көтөрүп, депутаттар аны колдоп, Сарпашевдин улуту жок электрондук паспортун “жөн гана акча чогултуунун жаңы ыкмасы” деп жыйынтык чыгарышты. Дал ушул долбоорду кабыл алуу демилгесин КСДПчы Дастан Бекешовдун көтөрүп чыгуусун да депутаттар кескин сынга алышты.

 

Депутат Аскарбек Шадиев электрондук паспортту  киргизүүнү “Мамлекеттик каттоо кызматынын жылаңач бизнеси” деп атап, “эмне үчүн бул долбоорду эл өкүлү көтөрүп жатат, эгер бул жаатта эртең чоң катачылык болсо өкмөттүн шылтоосу даяр болуп жооп бербейт. Парламенттин депутаттары ушундай кызыкчылыктарын качан токтотот?”- деген пикирин билдирген Шадиевди депутат Иманалиев дагы колдоого алды.

 

Эл өкүлү Иманалиевдин пикири боюнча, “аталган паспортторду элге таратуу бекер болсо ишке ашырылсын, эгер паспортту алуу үчүн эски паспорттон башка ар кандай керектүү документтерди чогултуу талабы жана башка акча төгүү жолу менен болсо бул долбоордун кереги жок”- деп билдирет. Чындыгында эле Сарпашев акча жасаган жагынан алдына киши салбайт өңдүү. Кечээ жакында окшош сандар менен чыгарган автоунаалардын номурун сатып бүтүп, “Кыргызстанга жаңы транзиттик номерлер керек”- деп кайра экинчи ирет жаңы номурларды чыгара салды.

 

Биометриканы алып келип, анын флешкасын жоготумуш болуп, шайлоодо Шайлдабекова менен шапар тээп, ажосуна ак кызмат кылды. Кыскасын айтканда Дүйшөкеевичтин амалы “кырк эшекке жүк” дегендей эле кеп болду. Кимдин-кимдин заманы, КСДПнын заманында Тайырбек Сарпашев каалагандай тайраңдап жатат.

 

Булак: “Каганат”