“Бирөөгө ор казасаң тайыз каз, өзүң түшөсүң” демекчи, жалган маалымат же компроматтын аягы дайыма мындай жок жерден бирөөнү каралагысы келгендердин өзүнө муш болуп тийет. Мындан бир ай мурда парламент трибунасында УКМК төрагасы А.Сегизбаев жарыялаган “Белизгейт” операциясы да көп өтпөй калп болуп чыгууда. Анда айтылуу “Өлбөс Кащей” атка конгон “Ата-Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев менен анын партиялаштары А.Салянова менен А.Шыкмаматовго айтылуу уюлдук компаниянын көзөмөл пакетин М.Бакиевдин пайдасына сатууга күнөөлөнгөн болчу. Дал ушул кагаздарды Ө.Текебаев расмий түрдө кат менен УКМКга жолдоп көчүрмөсүн сурап, эми А.Сегизбаевдин өзүн жарга такоодо.  Тилекке каршы Абдил Сегизбаев айткан сөзүн эсинен чыгарып, көчүрмөсүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бере албасын билдириптир. Албетте тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айрым документтер берилбээси анык. Бирок жумурай журтка тарап кеткен бул кагаздан дагы эмнени тергей тургандыгы таң каларлык. Кыскасы, президенттин башкы душманына айланган адамдын үстүнөн жасалма компромат топтогон башкы чекист өзү уят болууда. Бакиевдердин тузагынан аман чыккан Текебаев оңой душман эместигин Сегизбаев “балашка” билер бекен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити