Учурда оппозициянын катарын толуктаган “ата-мекенчи”, экс-башпрокурор,  депутат айым А.Салянова кел-кели келип турганда бийликтин камчысын ашкере чаап, А.Келдибеков, К.Ташиев, С.Жапаров, Т.Мамытов, К.Самаков сыяктуу кыргыздын далай мырза жигиттерине кылмыш ишин козгоп, темир тордун артына отургузгандыгы белгилүү. Ким билет, “келме кезек, терме тезек” деген ушулбу, же бул айым азыр президент А.Атамбаевди каттуу сындап жаткан Ө.Текебаевдин тарабында экендиги себеп болдубу, айтор КР Генералдык прокуратурасы 25-ноябрда 2010-жылы 28-июнда Алексей Елисеевге  адвокаттык лицензияны узартуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш ишин ачты. Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы катары белгилүү жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол эле жылы июнь айында Елисеевден адвокаттык лицензияны узартуу боюнча арыз түшкөн. Юстиция министрлигинин аппараты анын лицензиясын узартуу боюнча документтерди даярдап, ошол кездеги министрдин орун басары Жылдыз Мамбеталиева министрдин милдетин аткаруучу Аида Саляновага алып кирет да, “Мыйзам боюнча биз Елисеевдин лицензиясын узартпай коюуга акыбыз жок”- деп билдирет.  Аида Салянова ал буйрукка кол коёт. Башкы прокуратура бул кылмыш ишин иликтөөнү УКМКга өткөрүп бергени белгилүү болду. Эми Аида айым эмне дээр экен?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.