Бүгүн, 1-декабрда, президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү.

Анда журналисттер тарабынан өлкө башчысына ар кандай суроолор берилди.

 

 

 (Сүрөттө: Азимбек Бекназаровдун жакында жарыкка чыккан китеби. Сүрөт Элнура Кулуеванын баракчасынан алынды)  

 

 

 

Атамбаев өзүнө карата Текебаевдин импичмент жарыялоо аракетин “доктор Кубанычбек Апаздын жоругуна” салыштырды.

 

“Баарын байкап отуруп маанайың чөгөт. Бирөө-жарым доктор Апазды алмаштырып турбаса да болбойт. Жаштар үчүн бул нерсе чоң сабак болушу керек. Эгер саясаттан акча жасагың келсе, бул үчүн жооп бересиң. Кыргызстанда ар кандай адамдар бар. Нурлан Мотуев да аялдарга кастинг жарыялады эле, бул мени абдан кубандырды”, - деди Атамбаев.

 

Ал эми жакында жарыкка чыгып, Атамбаевдин президенттикке келер алдындагы бардык окуяларды ачык чагылдырган Азимбек Бекназаровдун китебин “жомок” деп атады.

 

“Саясатчылар китепти көп жазышат. Текебаев да жазган. Китеп деген китеп да, аны ар ким өзүн макташ үчүн жазат. Баары пенде да. Кандай жомокту жазбасын, чындык баары бир калкып чыгат”, - деп белгиледи.