Жакында кыргыз саясатында дагы бир күтүүсүз окуя жүз алды: буга чейин “Республика – Ата Журт” партиясына бириккен саясатчылар Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бабановдун тандеми жоюлду. Ошону менен катар, “Ата-Журт” партиясы кайрадан жаңыланып, анын катарына Адахан Мадумаров менен Ахматбек Келдибековдун кошулуганы кабарланды. Мунун баары 2017-жылы боло турган президенттик шайлоонун шарапаты менен болуп жатканын жаңы биригүүгө барган саясатчылар да жашырышкан жок. Мына ушул маселелерди тактап, өлкөдө болуп жаткан саясий процесстерге карата көз караштарын билүү максатында биз “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди кепке тарттык. Анда мархамат, маек назарыңыздарда...

 

- Коомчулукта “Ата-Журт” партиясы катарына жаңы адамдарды кошуп, кайрадан түзүлгөнү тууралуу маалымат кызуу талкууга алынууда. Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана сиз үчөөңүздөрдүн бир партияга бириккендигиңиздердин канчалык чындыгы бар жана биригүүнүн максаты эмне?

 

- “Ата-Журт” - бүгүн же кечээ эле жарала койгон партия эмес. Буга чейин далай жеңиштерге жетишип, элдин ишенимине кирген, калк башына түшкөн кыйынчылык кырдаалдарда элге чындап жөлөк болуп, чогуу жүргөн партия. Ошол эле мезгилде, акыркы ар кандай саясий кырдаалдарга байланыштуу “Ата-Журт” кайсы бир деңгээлде саясаттан бир аз четтеп калган. Себеби, партиянын калк ичиндеги кадыр-баркын, жетишкен ийгиликтерин жок кылуу – азыркы мамлекеттин башында турган адамдардын уктаса түшүнөн кетпеген баш максаты болчу. Мамлекеттик машина жапырт бизге каршы иштеп туруп алды, өтө арам технологияларды колдонушту. Партиянын башында турган адамдарды саясий аренадан сүрүп чыгаруу, керек болсо, жок кылуу үчүн да аракеттер көрүлдү. Алар кайсы бир деңгээлде максаттарына да жетишти. Бирок, биздин эркибизди сындыра алышкан жок. Ошондуктан, ийилсек да сынбастан, майтарылсак да талкаланбастан, кайрадан партияны күчтөндүрүп, элге кызмат кылууга бел байладык. Мына ошол максатта А.Келдибеков, А.Мадумаров менен чогулуп сүйлөшүп, ар кандай ойлор айтылып отуруп, биригүү процессин баштаганбыз. Биз саясий жактан биригип жаткандан кийин саясий уюм болушу керектигин чечип, “Ата-Журтка” токтолдук. Партия мындан кийин бардык саясий күрөштөргө чыгып, элдин мүдөөсүн аткарууга колдон келген күч-аракетибизди жумшайбыз. Бардык нерсени ачык айтыш керек, эгер биз ачык айтпай тумандатып, жашыруун сырларды кармап, же өзүбүзгө ыңгайлуу кылып айта турган болсок, “эл үчүн” деп биригип атканыбыз жалганга чыгып калат. Ошого мен ачык айтайын, биздин биригүүбүздүн башкы максаты - 2017-жылы боло турган президенттик шайлоо. Кудай буйруса, үчөөбүз биригип, элдин башын бириктире турган талапкер алып чыгуу ниетибиз бар. Насип буйруп, арабыздан бирибиз президент болуп калсак, элге-журтка ак кызмат кылып берүү ниетиндебиз.

 

- Бирок коомчулукта сиздердин биригүүңүздөрдү “жалаң түштүктүк саясатчылар биригип алышты”,- деп сыпаттап, “регионалдык деңгээлдеги эле партия болуп калды” деген пикирлер да жаралып атат. Буга эмне дейсиз?

 

- Эң биринчиси - жөнөкөй саясатчылар же эл сыйлаган адамдар эмес, лидерлер биригүүгө кадам таштадык. Пикир келишип, көз караштарыбыз дал келип турса, регионду териштирип отурмак белек. Мисалы, түндүктөн чыккан Атамбаев менен пикирлерибиз кайчы түшөт, бириге албайбыз. Бабанов менен болсо биригип көрдүк. Бирок эшигибиз баарына ачык.Ушуну менен эле бизге кошулчулардын катары толукталды деп айтпайбыз. Түндүк жергесиндеги кадыр-барктуу, эл үчүн иштеген, патриот саясатчылар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп атат, Кудай буйруса алар да биз менен бирге элге кызмат кылышат.

 

- Бабанов менен кайра эки башка жолго түшкөнүңүздөрдү ар кандай мүнөздө тергеп жатышат. Бир даары “Бабанов Ташиевди алдап кеткен” да дешти. Чын эле сизди Бабанов алдап кетти беле?

 

- Өмүрбек Токтогулович экөөбүз 2014-жылы жакшы ой-санаа менен биригүүгө барганбыз. Карасанатайлык же жекече кызыкчылыктар болгон эмес. Оюбузда парламенттик шайлоого чогуу барып, утуп чыксак мамлекетке кызмат кылалы, элдин жашоо-турмушун жакшы нукка бурууга салымыбызды кошолу деген аруу ниет бар эле. Ал ниетибиз кайсы бир деңгээлде ишке ашты. Бирок, саясатта көп маселелер болот экен, биригүүбүз менен кайсы бир топ күчтөнсө, кайсы бир топ алсызданды. Башында “баарын тең алып кетебиз, баарын биргеликте чечебиз”- деп келишкенбиз. Анткен менен акырында андай болбой калды. Бөлүнүүнүн демилгечиси мен болдум. Себеби, эгер биз “Республика - Ата Журт” менен жүрө берсек, бийликтеги адамдардын айрымдарына унчукпастан, баш көтөрбөй кызмат кыла турган акыбалга туш болдук. Мен ушул кырдаалды түшүндүм. Эгер мен бүгүнкү бийликке туура эмес кадамдарын ачык айтып чыга турган болсом, бул менин саясий өнөктөшүмө жакпай калары айдан ачык. Анын позициясы башка, меники башка боло баштады. Табиятымдан чындык тарапта болуп келгем, туура эмес иштерди көрүп атып да, “өнөктөшүмө кесепети тийип калбасын”- деп оозду жаап жүрө берүү мага туура келбейт экен. Антип отура берчү болсом өз жүзүмдү, ички дүйнөмдү жоготуп алчудаймын. Ошого бөлүнгөнгө туура келди. Мен айтып, ал макул болуп, саясаттагы жолубузду эки башка чыйырдан улоону чечтик.

 

- 11-декабрда жергиликтүү шайлоо менен катар Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум да өткөрүлгөнү атат. Сиз Конституцияны өзгөртүүгө макулсузбу?

 

- 2010-жылы өлкөбүздүн түштүгүндө оор кырдаал түзүлгөндө эле учурдагы Баш мыйзамды алмаштыруу зарылдыгын айтып чыкканбыз. “Башмыйзамды түп-тамыры менен алмаштырып, башка жаңысын жазуу керек”- дегенбиз. Дагы тактап кетейин, бүгүнкү Башмыйзам 2010-жылы түштүктө оор кырдаал түзүлгөн убакта кабыл алынган. Биз ошол убактан баштап бул Башмыйзамды өзгөртүү керектигин айтып чыкканбыз. Бирок, саясий күчүбүз жетпегендиктен, ал иш жүзүнө ашкан эмес. 2015-жылы парламенттик шайлоодо да кайра айтып чыктык. Архивдерден карасаңар болот, кайсы жерге барбайлы, биринчи Конституцияны өзгөртүү зарылдыгынан кепти баштайт элек. Олуттуу өзгөртүүлөргө барууга басым жасап, парламенттик же президенттик башкаруунун бирөөсүн тандап алып, мамлекетти бир системага баш ийдирүү керектигине токтолгонбуз. Депутаттардын да санын азайтуу керек, 120 депутат өтө көптүк кылат, анын баарынын кереги деле жок, ашып кетсе 60-70 депутат өлкөгө жете турганын билдиргенбиз. Сот системасы, бийлик полномочиелерин бөлүштүрүү боюнча өзгөртүүлөргө өлкө зарыгып тургандыгын айтканбыз. Ал эми азыркы сунушталып аткан конституциялык өзгөртүүлөрдө эмне каралган? Олуттуу эч нерсе жок. Мамлекеттин, элдин турмушуна таасирин тийгизе турган, өргө жетелей турган бир өзгөртүү бар бекен? Тилекке каршы, жок. Бул болгону бийлик башындагылардын өздөрүнө ыңгайлаштырылган өзгөртүү экени ачык эле көрүнүп турбайбы. Бул  президент баштаган топтун каалоосу менен болуп атат. Мамлекеттин турмушундагы чоң саясий жаңыланууну жаратуучу конституциялык өзгөртүүгө бара алган жокпуз.

 

- Айрымдар конституциялык өзгөртүүнү “Атамбаев бийликтеги мөөнөтү соңуна чыккандан кийин да дачасында жатып алып өлкөнү башкара бере тургандай кылып өзгөртүп атат” дешүүдө. Ошондой өзгөртүүлөрдү көрө алдыңызбы?

 

- Бул долбоордон анчалык эле президент дачада жатып алып мамлекетти башкара бере тургандай өзгөртүүгө көзүм урунбады. Президент Ак үйдө отуруп алып деле элдин турмушун оңдой албай, мамлекетти өйдөгө чыгара албай айласы куруп атса, анан кайдагы дача? Акыркы алты жылда турмушубузда өзгөрүу болдубу? Негизи президент эмнеге шайланат? Так ошол эл турмушуна жаңылык киргизүү, жаркын келечекти камсыздап берүү үчүн эмеспи? Алты жылдан бери мамлекеттеги олуттуу өзгөрүүнү көрө алдыкпы? Ошондуктан дачада жатып алып башкарышына көзүм жетпейт. Дача эмес, азыркы отурган жеринде эле башкарып алсынчы.

 

- Учурда Референдумга каршы чыккандарды куугунтуктоо башталы. Анын бири Текебаев. Анын алып чыгып аткан аргументтерине ынанып атасызбы?

 

- Чындык ар дайым эл тарапта болот. Текебаев өзү деле убагында чоң каталарды кетирип, туура эмес иштерди кылган. Көптөгөн саясатчылардын жолуна бөгөт койгон. Аны да ачык айтыш керек. Ал киши азыр президент боюнча бир катар олуттуу фактыларды алып чыкты. Ал айтып аткан 2,5 гектар жерге президенттин салып аткан үйүн атайын барып көрүп келдим. 2,5 гектар деп расмий түрдө эле айтылыптыр, а чындыгында жолдор асфальттанган, короосу менин баамдоомдо 5-6 гектарга жетет. Бул өтө уят иш. Мамлекеттин акыбалын, элдин жашоо-турмушун карап туруп деле 5-6 гектар жерди ээлеген хансарайда жашоодон уялышы керек эле. Андан сырткары президенттин колунда иштеген Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун, анын аялынын 30-40 чакты жер тилкелери бардыгы ачыкталды. Ушунун баары президенттин айланасындагылар эл мүлкүнө кайдыгер караган, мамлекетти талап-тоноп аткан, таза эмес адамдар деп айтканга далил болуп берет. Андан улам Текебаевдин азыр айтып аткандары бир эсептен колдоого татыктуу иш. Кайсы бир фактылар боюнча президенттин кылганы аныкталса, буга коом өзү баасын берет.

 

(Уландысы бар)

Маектешкен

Гүлмайрам Турусбекова

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.