КСДП фракциясынын депутаттары Анвар Артыков менен Кожобек Рыспаев “Кыргызтелеком” ААКсы боюнча түзүлгөн убактылуу комиссиянын маалыматын угуу учурунда кесиптештеринин “ашепке шекчилдигине” кейишти.

 

Бир катар депутаттар жыйынга атка минерлерди чакырууну эп көрүштү. Бирок, бул депутат Рыспаевге ишенбөөчүлүк катары көрүндү.

Депутат  кесиптештеринин ишенбөөчүлүк менен жасаган мамилесине ичи чыкпай, “Бири бирибизге ишенбей турган болсок жумушчу комиссияны деле түзбөй коюшубуз керек эле”, - деп капа болду.

 

“Дагы баарын чакырып алып суроолорду жаадырсак, демек, биз кесиптештер бири бирибизге ишенбейт экенбиз. Алар оз иштерин жасашты, а биз уккубуз келбей атат”, - деген Рыспаев комиссиянын маалыматынын чын-төгүнүн аныктагысы келгендей, чиновниктерге сөз берүүнү каалаган депутаттарга нааразы болуп алды.

 

Ал антсе, комиссиянын жетекчилигинде турган дагы бир КСДПчы Анвар Артыков “бизди уккуңар келбесе, анда эмнеге комиссия түздүңөр?!” – деп депутаттарга мурду менен бир тийди.

 

“Өзүңөр комиссия түздүңөр, эми уккуңар келбей атат, бул мага түшүнүксүз. Кыргызстандын тарыхында дароо эле он суроого жооп таап чыга койгон комиссия болгон эмес”, - деди Артыков.

 

Талаш-тартыш жаралгандан улам бул маселеге добуш берүү белгисиз мөөнөткө калтырылды. Комиссиянын маалыматы да угузулган жок.