Бишкек, “Саясат.kg”. Саясий туткундарды коргоо комитети билдирүү таркатты. Анда саясий көз караштары үчүн камакка алынган саясатчылар Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Төрөбай Колубаевдин укуктары бузулуп жаткандыгы айтылат.

 

 

“Саясий туткундарды коргоо комитетинин” билдирүүсүн толугу менен сунуштайбыз:

 

“Биз, Саясий туткундарды коргоо комитетинин мүчөлөрү, саясий көз караштары, бийлик төбөлдөрүнө сын-пикирин айтканы үчүн Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалып, камакта жаткан саясатчылар: Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Тойгонбек Калматов, Төрөбай Колубаевдин тагдырына кабатырланып жаткандыгыбызды билдиребиз. Дээрлик 9 айдан бери аталган саясатчылар камакта жатат, алардын үстүнөн токулган кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко өткөзүлгөн, бирок жетиштүү далилдердин жоктугуна байланыштуу сот процесси жабык өтүп жатканын айтып коюу абзел. Бул фактынын өзү эле, сотко чакырылган бир да күбө тагылган айыптарды колдобой жатканына карабастан, Ак үйдүн көзүн караган соттор тыянакты алдын-ала чыгарып койгондой таасир калтырат.

 

Ошол эле учурда камактагы саясий туткундарга ар кандай жолдор менен моралдык кысым көрсөтүлүп, алардын укуктары одоно бузулуп жаткандыгына далилдер жетиштүү. Бул жагынан алып караганда, соттун адилет чечилишине ишенимибиз күн өткөн сайын азайып баратат.

 

Тарых үчүн айтып коюу керек, бул саясатчылар жеке керт башынын кызыкчылыгы үчүн камалып жаткан жок. Алар өлкөбүздүн эртеңки келечеги үчүн күйүп-бышып, бийлик тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтерди көзгө даана сайып көрсөткөндүгү, ачуу, таамай сын айткандыгынын айынан куугунтукка тушугуп, камалышкан. Эгемен тарыхыбыз өзүнүн саясий оппоненттерин сын айтканы үчүн камакка алып, эркин сындырууга аракет жасоо кандай кесепеттерге алып келерин нечен ирет көрсөттү эле. Ошондуктан, бийлик ээлери да кеч бололекте көзүн ачып, акыйкат жолго түшүшү керек.

 

Урматтуу кыргыз элим! “Баш кесмек бар, тил кесмек жок”,- деп коёт кыргызда, ошол эле учурда Башмыйзам ар бир атуулга өз көз карашын, пикирин эркин билдирүүгө жол ачат. Биз мына ошондон пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында Жалал-Абад шаарында саясий туткундарды коргоо иретинде тынчтык митингин өткөзүү чечимине келдик.

 

Андан негизинен үч маселе каралат:

 

1. Камактагы саясий туткундарды тезинен бошотуу, соттордун чыныгы көз карандысыздыгын камсыз кылуу;

 

2. Өлкөбүздүн Башмыйзамын өзгөртүү боюнча референдумга каршылык билдирүү;

 

3. Өлкө башчысы А.Атамбаевге каршы импичментти жарыялоого даярдыкты колдоо;

 

Биз, өлкөбүздүн эртеңки келечегине кайдыгер карабаган бардык атуулдарга кайрылабыз, келип өз үнүңүздү кошуп, колдоо көрсөтүңүз!

 

Саясий туткундарды коргоо комитети”