Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бюджет жана каржы комитети менен тартип, кылмыштуулукка каршы жана коррупция менен күрөшүү комитеттери “Республика-Ата Журттун” энчисине тийди.

 

Аталган комитеттердин башчылыгына “РАЖ” Таабылды Тиллаев менен Мирлан Жээнчороевди көрсөткөн. Таабылды Тиллаев бюджет жана каржы комитетинин башчылыгына “Ата Мекен” фракциясынан Сайдулла Нышанов менен атаандашып, көпчүлүк 73 добуш менен колдоого алынды.

 

Ал эми кылмыштуулукка каршы жана коррупция менен күрөшүү комитетинин башчылыгына РАЖдан Мирлан Жээнчороевдин талапкерлиги чыгарылды, ал “Өнүгүү-Прогресстин” талапкери Тынчтык Шайназаровду артка таштап, 68 добуш менен жетекчилик орунга ээ болду.

 

Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетине КСДПнын депутаты Гүлкан Молдобекова 98 депутаттын “макул” деген добушу менен жетекчи болду.

 

Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети “Бир Болдун” энчисине тийип, Аскарбек Шадиев 96 добуш менен алдыга чыкты.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетине “Кыргызстан” фракциясынан көрсөтүлгөн  Айтмамат Назаровдун талапкердиги 98 добуш менен колдоого алынды.