“Референдумга жол жок” кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Мавлян Аскарбековдун билдиришинче, учурда жалпысынан 13 үгүт тобу ишмердүүлүгүн жүргүзүп атат. Алардын тогузу Башмыйзамды өзгөрткүсү келсе, калган төртөө өзгөртүлбөй калышына аракет кылып, элге чындыкты жеткирүү менен убара.

 

БШК үгүтчүлөргө мамлекеттик ММКлардан эфирдик убакыт бөлүп берген.

 

Маалыматтарга караганда, Конституцияны өзгөртүүнү колдогон топтордун катарында экс-депутат Мээрбек Мискенбаев жана саясий серепчи Бакыт Бакетаев да бар.