АКШ администрациясы сүйлөшүү төрт мүнөткө созулганын билдирет. Анда Обама Путинди Украина чыгышындагы чатакты жөнгө салуу боюнча Минск келишиминдеги милдеттенмелерин аткарууга чакырган.

 

Ошондой эле Ак үй Обама эки өлкөнүн башкы дипломаттары Жон Керри менен Сергей Лавровду башка өнөктөш өлкөлөр менен бирге Сириядагы зомбулукту басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырганын кошумчалайт.

 

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүдө Украина темасы көтөрүлгөнүн орусиялык маалымат каражаттарына билдирди.

 

Бул эки президенттин АКШдагы шайлоодон кийинки алгачкы жолугушуусу.