Бишкек, “Саясат. kg”. Парламенттик шайлоо алдында бириккен “Ата Журт” менен “Республика” саясий партиялары кайра эки ажырым жолго түшүштү. “Ажырашуу” демилгеси “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлгөнүн айтышууда.

 

 

Убагында бул эки партия биригип, парламенттик шайлоо деген чоң жарышка аттанып чыгышканда, көпчүлүк саясий серепчилер пикир, көз караштардын эмес, кызыкчылыктардын биригиши деп аташкан. Ага чейин Ташиев менен Бабанов саясий чөйрөдө бир ымга келе албаган, ал турмак коомчулукка жарыя болгонго чейин жеткен каршылашууну карманган саясатчылар катары билинген. Бул учурунда  Ташиев менен Бабановдун бири биринин дарегине башка эмес, ата-энесин кошуп, сын жиберишкени менен тастыкталат. Анан эле бир түндүктүн алдына баш катышып, биригүүгө кадам ташташкандары алгач коомчулук үчүн күтүүсүздүк болгон. Парламенттик шайлоого аз гана күн калганда Ташиевдин жарыштан четтетилиши Бабановго “Республика-Ата Журт” деп аталган, эки партиядан бириккен бир партияга толук кожоюндук кылуусун шарттаган. Кийинчерээк, саясатчылар өздөрү моюндаганы менен бул экөөнүн ортосунда кайчы пикирлер арбын жаралып, ал турмак парламенттеги “Республика-Ата Журт” фракциясындагы “Ата Журт” партиясынын катарынан кошулган депутаттарга лидер тарабынан кысым көрсөтүлүп атканы да айтыла жүргөн.

 

 

Парламенттик шайлоодон кийин Ташиев менен Бабанов салкындай баштаган мамилелери эл алдына чыгып кеткенинен кабатыр алышканбы, “биз бирибиз парламенттин ичине кирип, бирибиз сыртта калсак да, дагы деле баштапкы мамилебизден жазган жокпуз”, - деген сымал, кар үстүндө кучакташкан сүрөттөрүн жарыялашкан. Анткен менен сыртын канчалык сулууласа да, ичтен башталган ириң акыры өзүн таанытпай койбойт экен.

 

Камчыбек Ташиевдин айтымында, алар уруш-талашы жок, жай сүйлөшүү менен бөлүнүү келишимине келишкен. Жергиликтүү шайлоолорго “Ата Журт” эми өз алдынча барса, Бабановдун партиясы акыркы жолу “Ата Журт” деген кошумча аталышты өз партиясына улап алып барат. Андан кийинки шайлоолордо толугу менен бул эки партия өз алдынча жарыштарга чыга башташат.

 

Саясий кызыкчылык, мандат кумары бирикпегендерди бириктирсе, бир жылдан кийин болуучу президенттик шайлоо тескерисинче, биригип алгандарды кайра бөлө баштады. Өлкөнүн биринчи адамынын ордуна талапкерлигин коюу ниетинде жүргөндөр эмитеден “алды – артынан тал кармап”, санаалаштарын табуу аракетине түшүштү.

 

Жакында эле Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров жана Ахматбек Келдибековдордун биригүүсү боюнча маалымат тараган эле...