Коомчулук Т.Акеровду эксперт, тарыхчы катары билгени менен, көпчүлүк анын инсандык бейнесин жакшы билбесе керек. Бирок, ал кыйла жылдан бир саясатта болуп келатат. Анын тегерегинде да канчалаган интригалар болду. Мына ошол багытта коомчулукту кабардар кылып коюу максатта саясатчыларды тизмектеп жүргөн, алардын санжырасын, жайын мыкты билген коомдук ишмер Кайып Шери агабызды кепке тарттык.

 

- Сиз дайыма эле саясатчылар жөнүндө эл билбеген ар түрдүү интригаларга бай окуяларды айтып келесиз. Саясат таануучу, Т.Акеров тууралуу эмнелерди айта аласыз?

 

- Айтайын. Өзүңөр жазып, тизмектеп аласыңар да. Илгертен эле таанышпыз, оппозицияда жүргөндө да санаалаш болуп, кеңешип-кесип жүрдүк дегендей. 7 -апрель күнү аянтта бирге болдук. Аянтта кызыл кыргын болуп жатты. Бир топ жаш жигиттер окко учту. Биз күтпөгөн абалга кабылдык. Бирок, жаштар артка кайтпай, окко көкүрөгүн тосуп туруп алышты. Эптеп бир нерсе кылып, ок атууну токтотуш керек болчу. Ары-карап, бери- карасак мен кыйынмын, саясатчымын деген бирөө  жок. Баары жаштар. Арабызды карасак, төбөсү көрүнгөндөрдөн Табылды Акеров жана университеттин мугалимдеринен бирин-экин бар экен. Элдин атынан ок атууну токтотууга Ак үйгө Т.Акеров баш болгон топту жиберели деп кеңештик. Мен элдин көңүлүн имере кол булгап отургузуп, дайынданып калдык…

 

-Бирок, алгач Т.Сариев кирип сүйлөшүп чыкты, ошон үчүн «Манас» орденин алды деп жатышпайбы?

 

- Аның туура. Ошол маалда Т.Сариев биринчилерден болуп СИЗОдон чыгып, Акүйдүн түндүк тарабындагы дарбазада жарым саат туруп, Д.Үсөновдун “добросу” менен биринчи этажга кирип, аны 15-20 минуттай аскерлердин жанында күтүп калат. Т.Сариев революциядан кийин, 1-кабатта туруп, “Жаныштын аскерлери автоматтарын октоп жатканын көрүп, аларды тилдедим”,- деп мактанып, сиз айткан “Манас”» орденин албадыбы. Бирок, бул карандай калп, эки ооз сөз сүйлөгөнгө “духу” жеткен эмес. Д.Үсөнов түшүп келгенде, көкүрөк кагыша кучакташып, чечекейи чеч боло, 7-кабаттагы азыркы Чыныбайдын кабинетине кирип кетишкен. Ошол чай ичкен үстөлдө, арак ичип, Орусиянын кызыкчылыгын коргоп сүйлөшүп, жасакерленип элге чыккан. Бирок, эл ага ичи чыкпай турду. Чыңгыз хан бир саткан киши, миң сатат дегендей, Т.Сариев Үзөңгү -Куушту саткан деп ишеним артпай жатты. Бул Москвадан эртең менен эле учуп келген, орустун шпиону деп эл назарын салып турду. Элдин назары тийдиби, же Д.Үсөновдун арагына кызып алганбы, айтор “элге карап” бармагын “эң  жакшы болот” деген сыпатта көрсөтүп жатып, камаздын үстүнөн кулап түштү. Мына ушундай кызыктар болгон.

 

 - Демек, Т.Сариев алды менен аянтка келбей эле, Ак үйгө  кирген турбайбы?

 

- Болгонда да, ал кыргызчылыктын салтын бузуп, Ак үйгө алдынан кирбей, артынан кирген. Анан Үсөнов-Сариевдердин арак ичип, элдин тагдырын чечип жатканын угуп, мен эми болбой калды деп, токтотуп койдум.

 

 - Т.Акеров президенттик шайлоолор учурунда Атамбаевдин штабында иштегенин журналисттер айтышат. Бирок, эмнегедир штабда иштегендердин ичинен ал жазгыз кызматсыз калды. Буга эмне себеп?

 

- Ооба, иштеген. Бирок, ал штабдан тышкары туруп иштеген. Себеби, ошол кезде Түндүк-Түштүк окуяларынан кийин, эл бийликке анчейин ишенбей калган. Абал калыс айткан экспертти талап кылып жаткан. Ошого ал саясат таануучу катары калыс пикирин билдирип, ошол кездеги штаб башчысы А.Карашев, Ф.Ниязов, А.Сегизбаевдердин ийрисин түздөп, андан сырткары ММКларда А.Атамбаев тууралуу коомчулукка оң пикир жаратууга чоң салым кошкон. Мисалы, штабдагылардын ак өпкө болуп иштешине Акеровдун бир ооз сөзү чоң себеп болгон. Башында штаб жакшы иштей албай жатпады беле. Күндөрдүн биринде, көчөдө келатсак, шайлоочулар Т.Акеровду токтотуп, сурап калышты. “Кимге добуш беребиз? А.Атамбаевдин штабы иштебей жатат го”- деп. Менин көзүмчө Акеров штабга телефон чалып, “Абдил Кеңешович, мен интрига-синтрига, эч нерсеңерди билбейм, Фаридке айтып коюңуз, мен силерге үч күн убакыт берем, үч күндө абалды оңдобосонор, анда мен Атамбаевдин штабында Орусиянын агенти олтуруп алып, башка кандидаттын пайдасына иштеп, анын утуп кетишине шарт түзүп жатат деп билдирүү кылам”, -  деп маселени кабыргасынан койду. “Эмне деп салды?”- деп, аң-таң болуп жаткан мени карап, «кээде тобокелчилик да, иштин оңго бурулушуна жардам берет» деп эч шек алдырбай, токтоо айтканы эсимде калыптыр. Ошондон кийин, штаб чамдап иштей баштады.

 

- Бирок, шайлоолордон кийин, ал президенттин алдындагы «Мурас» фондусунун жетекчисинин орун басары болуп барды эле го?

 

 - Анын тарыхы башкача, штабдагы иши менен байланыштуу эмес. Ж.Сатыбалдиев жаңы президенттин аппаратынын башчысы болуп турганда, Т.Акеров ага кирип, жаңы бийлик байыркы кыргыз тарыхына, Енисей кыргыздарынын каганатына көңүл буруп, ушул негизде иш алып барса жакшы болмок эле деп жаңы идея сунуш кылган. Ошондон кийин эле, “Мурас” фондусу ачылып, президенттин алдында бир топ тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиялар түзүлгөн. Бул иштерди Ф.Ниязов жетектеп, Т.Акеров активдүү жардам берген. Ал тургай Ж.Сатыбалдиев «Мурас» фондусунун төрагалыгына сунуштаптыр деген да сөз болгон. Бирок, Ф.Ниязовдун ичи тардыгынан С.Раев бекип калган.

 

- Эмнеге ичи тарымак эле?

 

- Эми озун ойлосоң “Мурас” фондусунун төраганын статусу, президенттин ошол кездеги кеңешчиси Ф.Ниязовдун статусунан жогоруда. Анан “Мурастын” төрагасы президентке түз кире алат эле да. Б. а. Акеров президентке жакын болуп кетет деп кызганышкан. Анан калса, Акаевдин учурунда Ниязов да,¸Сегизбаев да Т.Акеровдун начальниги болчу. Учурунда оолуккан «жетимдин» бири Сегизбаев Акаевге жагалдаланабыз деп оппозициянын ошол кезде таалайы жанып турган лидери болгон азыркы президентибиз “Алмаз Атамбаевди шыба” деп, заказ берип, Акеровго буйрук кылган. Жазбай, баш тартып койгондо, аны кугунтуктаган. Ал тургай президенттин аппарат жетекчисине Акеров тууралуу эч ким кол койбогон тоголок кат киргизилген. Бирок, чын-чынына келгенде, ошол кездеги кызматкерлердин айтымында Акеров жаңы пресс-секретарь болуп келген агроном Сегизбаевдин устаты болгон. Эгерде устатын артынан жамандабай, ынагы Осмонакун Ибраимовдон алыс болгондо, 24- марттын «токочун» жебес эле.

 

- Кайсы бир кезде “Акеров аппарат башчысы болот экен” деген сөз чыгып кетти эле?

 

- Ооба. Президент Атамбаев да аппараттын жыйынында Табылды Акеровду катар-катар мактап ийген учуру болгон. Муну уккандар, Т.Акеровдун жылдызы жанып келатат, бул министр же, президенттин аппарат жетекчиси болот го деп жоромолдоп калышкан. Ал тургай мен дагы, кеңешчи Ф.Ниязов менен жолугушканда ал менден “революционерлерге жакшы эле жардам берип жатабыз, дагы кандай жардам керек” дегенде, чын жүрөгү менен айтып жатабы деп, агыман жарыла, “биздин арабыздагы 5 жигит билимдүү экен. Бирок, кызматтары жок. Ошолорго кызмат берип койсоңор, жакшы болот эле” деп  салыптырмын. Анан: “Т.Акеровду президенттин аппарат жетекчисине коюп койсоңор, Атамбаевге жакын болуп, ага чоң жардам бермек”,- деп билбестик менен айтып алыптырмын. Ошол кезде, Ф.Ниязов, Д.Нарымбаевдер өздөрү президенттин аппаратынын жетекчиси боло албай жүргөндүгүн кайдан билипмин.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.