- Дайырбек, соттун чечими эми гана күчүнө кирдиби? Президент Алмазбек Атамбаевге айып пулуңду төлөп жатасыңбы?

 

- 2014-жылы сентябрында www.maalymat.kg сайтына 2010-жылдагы Ош окуясына байланыштуу макала жарыялаган. Анда июнь коогалаңына саясий баа берүү маселеси көтөрүлүп, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү, анын ичинде Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Алмазбек Атамбаев Ош коогалаңыныны алдын албагандыгы үчүн абдан катуу сынга кабылган. Кийинчерээк президент Алмазбек Атамбаев эмес эле анын ордуна Башкы прокуратура макалада айтылгандар “Президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо кетирди” деп, соттон кылмыш ишин козгоону абдан катуу талап кылган. Бирок, кийинчерээк арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде гана жүргүзүлүп, мага 2 миллион сомдук доо коюлду. Жалпыга маалым, ушул жылдын июнь айынан тарта айып пулду төлөй баштагамын. Бирок, жок нерсени шылтоолоп, Кыргыз бийлиги www.maalymat.kg сайтымды тартып алышты. Тилекке каршы, өздөрү андан ары эптеп, иштете албай жатышат. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевге эки мииллон карызымды акырындык менен моминтип төлөп жатамын.

 

- Кантип?

 

- РСК банкынын Бишкектеги бөлүмүндө президент Алмазбек Атамбаевдин наамына атайын эсеп ачылган. Айла куруганда акция уюштуруп, элден бир сомдон акча чогулттум. Жалпысынан азырынча он эки миң сом гана жыйналды. Мунун баары мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин атайын жеке эсебине которулду.

 

- Баса, Кыргыз бийлиги “Дайырбек Орунбеков Жогорку Соттун чечимин таптакыр аткарбай атат. Камалышы дагы кажет!” деп байма-бай коңгуроо кагып атпайбы?

 

- Бул эми Кыргыз бийлигинин кезектеги эле шоусу! Чындыкты айткан жана жазган башка кесиптештериме ушинтип ачык сес көрсөтүүсү! Соттун чечимин аткарбагыдай, эмне, менин башып экөө бекен? Бирок, мансаптагылар, ошентип, өздөрү атайылап чуу көтөрүшүүдө. Ушул жылдын 9-ноябрына дейре 2 миллион сомду Алмазбек Атамбаевге толук төлөшүм кажет! Антпесем, 14-нобярда өкүм аткарылат дагы, мени эптеп андан ары түрмөгө баары бир тыгышат.

 

- Анда эле сөз эркиндиги өлбөйбү?

 

- Азыркы Кыргыз бийлиги сөз эркиндигин чектеп гана атат дейсиз да. Президент Алмазбек Атамбаев жана анын командасы сөз эркиндигине ачык эле согуш жарыялашпадыбы. Айла жок, пешенеме жазганын көрүп, бул кордукка деле бара-бара чыдайбыз да.

 

- Дайырбек, айла куруганда азыркы абалыңды эл аралык уюмдарга түшүндүрүп, чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сурасаң болбойт беле?

 

- Албетте. Мындай мүмкүнчүлүк менде азыр деле бар. Бирок, кыргыздар айтышат эмеспи, “Баш кесмек бар, тил кесмек жок!” Бөлөк-бөтөн жерде султан болгуча, өз жериңде ултан болгонго жетпейт, Алишер аке.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Булак: “Майдан.kg” гезити, 14.11.2016-ж.