Маалыматка ылайык, парламенттик шайлоого катыша турган саясий партиялар күрөө акчаны БШКга которо турган атайын эсепти 7-августка чейин банкта ачуусу шарт болчу. Ал эми бүгүн атайын эсеп ачылгандыгын тастыктаган билдирүү жөнөтүшмөк. Эгер партия эсепти 8-августта ачкан болсо, аларга каттоо жүргүзүлбөйт. Ошондой эле күрөө акчаны 25-августка дейре которуу керек.

 

Белгилей кетсек, шайлоого катыша турган жалпы 34 саясий партиянын 24ү гана атайын эсеп ачышып, үчөөсү – “Ата Мекен”, “Өнүгүү”, “Бир бол” беш миллион-күрөө акчаны БШКга которгон.