"Кыргызстанда мындан ары матраимовдук мафия болбойт!". Мындай билдирүүсүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бир нече жолу коомчулукка жеткирген. Ал эгерде Матраимов Кыргызстанда жашай турган болсо, кабат-кабат үй, кымбат баалуу автоунаалар менен эмес, өзүнө тиешелүү гана чакан оокаты менен күн кечире алаарын белгилеген. Анткени, анын эсепсиз байлыктарынын дээрлик баары уурулук жол менен, мамлекетти тоноо аркылуу топтолгон. 

Камчыбек Ташиев "Матраимовдун кылмыштуу жол менен тапкан байлыгы мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө, мамлекеттик саясатка кедергисин тийгизбеши керектигин" да белгилеген. 

Ошону менен Матраимов жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлердин, ал ким болбосун жетекчиби же катардагы кызматкерби, айырмасы жок, тазалоо иштери жүрүүдө. Кезек Жогорку Кеңештин депутаттарына да жетип, мында коомчулук өзү эле кайсы депутаттын Матраимов же ОПГ лидерлери менен байланышы бардыгын айтып чыгышты. Аны менен катар депутаттарды да тазалоо талаптарын коюшту. 

Бишкек Административдик соту аркылуу депутаттык мандатынан ажыратылган Шайлообек Атазов парламент трибунасында акыркы сөзүн айтып калууга үлгүрдү. Аны негизинен актанууга жана эл алдында өзүнө упай топтоого пайдаланды. 

Атазовдун айтканына караганда, ал Матраимов менен байланышта деле эмес, ал эми казино жана тууну өзгөртүү сыяктуу талаш-тартыш жараткан маселелер каралып жатканда жаңылыштык менен "макул" добушун басып алган. "Апам казиного макул болбо деди эле, мен мамлекеттик саясат үчүн макул деп добуш бергем. Азыр ага өкүнүп жатам", - деди Атазов. 

Эксперттер Атазовдун бул билдирүүсү өзүнө упай топтоо максатында айтылганы менен терс реакция жаратып койгонун айтышууда. 

Экс-депутат Бейшенбек Абдразаков аны "качаар алдындагы акыркы сөзү" деп баалады. 

"Акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, качаар алдында айтып калайын деди окшойт. Артында эмнелер бардыгын, дагы эмнелер болоорун билет да. Бул башка депутаттарга сабак болушу керек. Ар бир депутат эркин болуп, өз каалоосу менен добуш бериши керек. Колу-бутун байлап барып, кыйнап добуш бердиришпейт да, кааласа добуш берсин, каалабаса бербесин", - дейт. 

Ал эми Кайрат Кыштообаев Атазовдун билдирүүсү упай эмес, минус болуп калганын айтат. 

"Упай топтойм деп атып, минус кылып алдыбы дейм да өзүнө. Энесин да кошуп алды. "Жигиттин сөзү өлгүчө, өзү өлсүн" деп коет. Туу боюнча, казино боюнча маселе көтөрүлгөндө добушумду туура эмес берип алыптырмын, жаңылып алыптырмын дегени... Эл өкүлү деген эл ишенип жөнөткөн өкүл, жакпаган мыйзам долбоорлоруна ошол убакта позициясын көрсөтүшү керек болчу. Убагында көрсөтө албагандан кийин башына мүшкүл түшкөндөн кийин актаныштын кажети жок эле.

Өзү добуш берген мыйзамдар тууралуу, мандатынан ажырагандан кийин "мамлекеттин саясаты үчүн добуш бергем" деген актануусу Атазовдун анык жүзүн ашкерелегендей. Ал добуш бергени үчүн эмес, Матраимов менен байланышы бар үчүн, ОПГ менен аралашып жүргөнү үчүн кыргыз элинен кечирим сураса болмок.

Деги эле кылмыш жана коррупция дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен мамиле кургандар, алар депутат болобу, өкмөт өкүлдөрүбү, өздөрү эле арызын жазып кете беришсе... Азыр кылмыш 40 жылда эмес, 40 күндө эле белгилүү болуп калып жатпайбы", - деди. 

Бирок депутаттар арасында актангандар четинен чыга баштады. Матраимов менен байланышы бардыгы ачыкталып турса дагы, аны четке кагып, жанына жакындатпай жатышат. Мисалы, Надира Нарматова ал тууралуу айткан серепчилерди "ушакчылар" деп атады.