Кечээ, 23-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен тар чөйрөдө баарлашты.

Андан соң парламент төрагалары кеңири курамда жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан мамлекеттеринин ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Нурланбек Шакиев эки өлкөнү бир туугандык, жакын коңшулук жана ишенимдүү стратегиялык өнөктөштүк тыгыз байланыштырып турарын белгилеп: “Өткөн жылы мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 30 жыл толду. Бул жылдар аралыгында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлүп, көптөгөн келишимдерге кол коюлду. Биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана эки тараптуу иш сапарлар уюштурулду. Андыктан калыптанган алаканы мындан ары да жигердүү өнүктүрүүбүз кажет”, – деди.

Ошондой эле Казакстан Парламентинин Сенатына өткөн шайлоонун ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин Төрагасы парламенттер аралык байланыштарга да кеңири токтолду.

“Өткөн жылы эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын деңгээлинде бир катар жолугушуулар болуп өттү. Муну менен катар эл аралык байланышка тиешелүү тармактык комитеттер да биргелешкен көчмө жыйын уюштурушту. Ал эми бүгүнкү расмий иш сапар да эки өлкө үчүн өтө чоң тарыхый мааниге ээ”, – деген Нурланбек Шакиев парламенттик делегациялардын, депутаттык достук топторунун өз ара иш сапарларын уюштуруунун да маанилүүлүгүн кошумчалады. Айрыкча, ТүркПА, КМШ ПАА, ЖККУ ПА өңдүү эл аралык аянтчалардын алкагындагы алакалар тууралуу сөз кылды.

Мындан тышкары, жолугушууда экономикалык байланыштар да талкууга алынып, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча коюлган максаттар жөнүндө айтылды.

Анын ичинен биргелешкен өнөр жай соода-логистикалык комплексин түзүү, Чолпон-Ата-Алматы автожолун куруу, Кичи-Капка-Бесагаш өткөрмө пунктунун ишин кайра жандандыруу, ошондой эле биринчи аймактар аралык форумду өткөрүү өңдүү сунуштар берилип, айрыкча чек арадагы тоскоолдуктарды жоюу маселелери көтөрүлдү.

“Мен жогоруда белгилеген маселелердин тез арада ишке ашуусу үчүн парламенттик көзөмөлгө алууну сунуштайм”, – деген Нурланбек Шакиев, ошондой эле Казакстандын миграциялык саясатына тиешелүү мыйзам долбоорлорун кароодо кыргызстандык мигранттардын укуктук абалын эске алуу зарылчылыгын белгиледи.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Жогорку Кеңештин Төрагасына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады. Муну менен катар, эки тараптуу кызматташуудагы жетишкендиктерге кеңири токтолуп, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин өткөн жылдын май айында Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кабыл алынган маанилүү чечимдерге көңүл бурду.

Тагыраагы, биргелешкен кыргыз-казак өнөр жай соода-логистикалык комплексинин курулушуна капсула салынганын эске салып: "Бул долбоорду ишке ашыруу инвестициялык базанын өсүшүнө жана эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз байланыштын калыптанышына жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем", - деген Маулен Ашимбаев казак тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна катышууга даяр экендигин маалымдады.

Мындан сырткары, Сенат Төрагасы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери тууралуу да сөз кылып, артыкчылыктуу багыт катары тармактык комитеттердин менен депутаттык достук топторунун өз ара алакасын активдештирүү, парламент аппараттарынын ортосундагы кызматтыштыкты чыңдоо, парламентаризмди өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу, ошондой эле парламенттер аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү чараларына токтолду.

Сөзүнүн аягында Маулен Ашимбаев Төрага Нурланбек Шакиев тарабынан айтылган бардык демилгелерди колдоорун айтып, анын ичинен маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады. Тагыраагы, Манас баатырдын менен залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин Астана шаарына орнотуу демилгеси тууралуу кеп кылды.