- Билген адам үчүн быйылкы жыл өтө чоң өзгөрүүлөрдүн жылы болду. Качан оңолобуз, карыздан кутула албай калсак эмне болот, өлкөнүн эртеңи эмне болот деп "ичкенибиз ириң, жегенибиз желим" болуп дайыма убайга түшүп жүргөн коркунуч жоголду. 

Курулуп жаткан курулуштар, ар өндүрүштүк ишканалар, стадион, темир жол, жол, мектептер жөнүндө айтпасак деле көрүнүп турат. 

Акмак тажиктердин эки жолку кол салуусуна туруштук берип, кыйрап-өрттөнгөн үйлөрдү кайрадан тургузуп алдык. Аскердик техникаларды сатып алып, акыбалына мышык ыйлай турган армияны, күч түзүмдөрүн бир аз болсо да жөнгө салып алдык.

Албетте, кемчиликтер деле толуп жатат. Коррупция менен күрөшкө эч кимдин ичи чыкпайт, эгер эле туура сөз сүйлөй турган болсок. Себеби, президентибиз коррупцияга кокосуна чейин баткан, адамдык сапатын качан эле жоготуп бүтүшкөн, карапайым элди кумурскадай да көрбөй көпкөн илгерки жегич сотторду дагы деле иштетип жатат. 

Отуз жылда баардык президенттер менен иштеп, бардык президенттер жаман, ал эми жалгыз өзү аппак болгон коррупционер Акылбек Жапаровдун өкмөттү башкарып турушу эле көп нерседен кабар берет. "Көр көрдү караңгыда тааныйт" болуп, коррупционер Акылбек өкмөткө жакшы кадрларды алат беле? 

Өзүнүн аяк, быягынан чыккандарды топтоп алган да. 

Ташиев канчалык коррупция менен күрөшпөсүн, башкалары анын эмгегин жокко чыгарышып, жардам бергендин ордуна ашыра чаап жатышат. 

Чынын айтсам, коррупция менен күрөшө турган бийлик Мадумаров айтмакчы эки айда болбосо да, бир жылда тегиздеп коюш керек эле. 

Кадр маселеси өтө начар. Кыскасы быйылкы кете турган жылдын мактай турган жактары да, кемчилдиги да толуп жатат. 
Келерки жылга мен биздин бийликтен бир гана нерсени үмүт кылып күтөт элем. Коррупционерлерге өлүм жазасын киргизип, чын дилден өлкөнү өнүктүрүү иштерин башташса деп. Коррупцияны жое албай жатып, "экономика өстү, жашоо оңолду", - деп элди алдашпай эле коюшсун. 

Бул бийликтин алга кетүүгө өтө чоң шансы бар. Ал шанс- эл бул бийликти колдоп келди, колдоп жатышат. Келерки жылы коррупцияны жылоолой алышпаса, миң иш кылышса да элдин ишеничинен чыгып калышат. 

Коррупцияны жое албаган бийлик, ошол коррупцияга өздөрү кирип кетишкен болот. 

Таза бийлик коррупционерди  пешенесине атат.