- Каныбек агай, Орозайым Нарматовага жасалма диплом берген окуу жайга да, өзүнө да кылмыш иши козголду. Эми диплому шек жараткан депутат, аткаминерлердин да диплому текшерилиши керекпи? Анткени, диплому күмөн жараткан бир топ депутаттардын да аты аталып жүрөт го?

- Биздин эгемендигибиз тарыхый чоң бурулуштан улам колубузга тийип калды. СССР чукулунан эле кыйрап, дүйнөлүк капиталисттик система өз максатына жетип, өзүнө курч атаандаштыкты түзгөн социализм лагерин быт-чыт кылып талкалап таштады. Ар бир Союздук республика өз оокаттарын өткөрө башташты. Биз, кыргызстандыктар, өз энчибизге тийген завод-фабрикаларды талап-тоноп алдык, Колхоз-совхоздорду дагы ошондой кылдык. Акыры келип, Батыш технологдорунун жетегине түшүп алып, билим берүү системасын талкалап кирдик. Жалпы орто, атайын кесиптик жана жогорку кесиптик окуу системаларыбыз чет элдик шылуун технологдордун колуна салынып берилди.  Натыйжада, ЖОЖдорубуз дагы акча жасоонун эле жолуна түшүп алды. Түркүн-түмөндөгөн ЖОЖдор пайда болду. Бул жагынан КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик баарына  мүнөздүү болгон “коммерциализация” азгырыктары ЖОЖдорду каптап кетти. Көп республикалар убагында акылдарына келишип, бул шайтан-азгырыкты токтото алышты. Бирок, биз, кыргызстандыктар такыр эле токтоно албай койдук да. Ал турсун окууну формализмге айлантып, саны көп, сапаты жок дипломдорду оңду-солду бере башташты. 90-жылдардан бери билим алышкан жаштарыбыздын билим деңгээлдери өтө эле төмөн болуп кетти. Ошондо эптеп-септеп билим алган балдарыбыздын көбү азыр мамлекеттик кызматтарга карай бой урушту. Алды министр, депутат боло башташты. Жасалма дипломдор жөнүндө өзүнчө кеп болгону дурус. Бирок, расмий эле алынган дипломдордун ээлеринин билимдери өтө начар болуп кетти! Акыркы 20 жылдын ичинде өзүнчө эле “жоготулган муундардын” (потерянное поколение) армиясы пайда болду. Ал эми Орозайым кызыбыздын тагдыры дагы ушул кырдаал менен тыгыз байланышкан. Ал жалгыз эмес. Орозайым коюлган дооматтарды ошол муундагы жаштардын көпчүлүгүнө койсо болот. Алардын ичинде азыркы жана мурунку депутаттар жана аткаруу бийлигинде иштеп жүргөндөр дагы бар чыгаар. Мен Нарматованын диплому жөнүндө эч нерсе айта албайм. Тергөө текшерип алаар. Бирок, убагында ЖКга талапкер болгондо, БШК эмнеге тыкыр текшерген эмес? Чынында бул иштин жаңырыгы кийин БШКга дагы катуу тийиш керек? Алардын жоопкерчиликтерин дагы кароо абзел. Депутат Орозайым Нарматованын  диплому жөнүндөгү полемика Кыргызстандагы акыркы 20 жыл аралыгындагы ЖОЖдордо орун алып келген паракорчулук менен коррупциянын жүзүн элге ачык жарыялоого мүмкүнчүлүктү жакшылап түзүп койду. Ушул кырдаалды пайдаланып туруп эле расмий бийлик билим берүү системасын аңтар-теңтер кылып туруп, келечекке жол ачкан реформаларды жүргүзүп алса болот.

- Эми жасалма дипломдорду сатып алгандар да, аны акчага азгырылып  саткандар да жазаланышы керекпи? Анткени, бул кылмыш болгондо дагы оор кылмыш деп жатышат го...

- Жасалма диплом деген түшүнүктүн өзүн оор кылмыш деп билишибиз керек. Анткени, диплом адамдын жогорку кесиптик билимин тастыктаган расмий мамлекеттик документ. Анын ээси жооптуу кызматтарга кабыл алынып, элдин, өлкөнүн тагдырын чече турган функцияларды аткара башташы мүмкүн. Демек анын жогорку билимин тастыктаган диплому эч кынтыксыз болуусу зарыл. Албетте, дипломду саткан дагы, аны сатып алган дагы бирдей жаза алуусу керек. Эк жак тең мамлекеттин көзүн боёп, оор кылмышка барып жатышат. Андай адамдарды аёонун эч кереги да жок. Коом бузулат, болбосо! Өнөкөт болуп кетет. Натыйжада, өлкөнү сабатсыз шүдүңгүттөр башкарып калышы мүмүн. Демек, мамлекеттин пайдубалы урай баштайт. Бул коркунучтуу кылмыш!

- Айтканыңызга ынаналы, окугандан эриккен үчүн ушундай жагдай орун алып жатабы  же алган билим эмес, диплом мааниге ээ болуп калганбы?

-  Бүгүнкү күндө жогорку билим алуу өтө эле төмөнкү деңгээлге кулап түштү. Баардык жерде акчага болгон азгырыктар орун алды. Карапайым элдин көр оокаты уламдан-улам кыйынчылыкка дуушар болууда. Окууга контракт төлөш керек. Анан шору каткан уул-кыздарыбыз өздөрү жумуш иштөөгө аргасыз болуп жатпайбы. Бул абал тээ 90-жылдар эле башталган. Азыркы күнгө чейин күчөп уланып келе жатат. Эгер мамлекет өзү каржылап окутууга кудурети жеткенде бул каргашалуу абал пайда болбойт эле. Билим берүү системасын ашкере эле коммерциалаштырып жибергенибиздин натыйжасы мына ушул. Сапат өлдү, “дипломдуу көк мээлердин” доору келди. Анан каяктагы өнүгүү? Каяктагы прогресс? Жогорку Кеңештин депутаттар, аткаруу бийлигинин жооптуу кызматкерлери өтө сабаттуу адамдар болушу керек. Аттиң азыр бизде андай эмес.

- 2010-жылдагы Ош окуясы боюнча тергөө башталганы ал окуяны кимдер, эмне үчүн уюштурушканын аныктайт деп ишеним артсак болобу?

- Менимче Ош окуясын өтө так жана ыкчам тергеп элге чындыкты жеткирүү керек. Буга чейин жаап-жашырып, элди алдап келишпедиби? Натыйжада, Ош-Жалал-Абад кыргынын уюштурушкан төбөлдөр калып кетип эле жөнөкөй адамдар камалышты. Мындай болбойт. 1990-жылдагы Ош трагедиясын дагы ушинтип унуткарып коюшкан. Анан кутурган сепаратисттер кыргынды 20 жылдан кийин кайталашты. Эми андай болбойт деп ким кепилдик бере алат? 2010- жылдагы Түштүк апаатын биздин эле бийликке жана байлыкка тойбогон саясатчылар уюштурушкан. Эми болсо, уялбай дагы эле саясатты бучкакташып эл аралап жүрүшөт. Уят!

- Бирок, жашоону жаңы барактан баштап, ал окуяга кайрылыштын кажети жок эле дегендер да бар го?

- Расмий бийликтин 2010-жылда орун алган Апрель жана айрыкча, Июнь коогалаңдары боюнча кайрадан кылмыш ишин козгогону эң туура кадам. Кантсе дагы эбегейсиз көп сандагы жарандарыбыздын кандары бейкүнөө эле төгүлбөдүбү!? Ага жооптуу ким? Негизги максаттары эмне болгон? Бул кызматка мас болгон адамдардын жөнөкөй эле шалаакылыктарыбы же максаттуу бир кылмыш иштерине барыштыбы? Башкы суроо ушунда турат! Анын үстүнө азыркы бийлик ошол коогалаңдар боюнча акыйкат чечимдерди чыгарып беребиз дешип бир нече жолу элге убадаларды айтышкан. Бул эртеби-кечпи баары бир көтөрүлө турган маселе. Айыпсыз адамдардын кандары баары бир коё бербейт. Бул сапар каралбай калса, келечекте жогорку суроолорду чечүү үчүн болгон аракеттер улам-улам көтөрүлө берет. Ошондуктан прогрессивдүү көз караштагы кыргыз жарандары бийликтин чечкиндүү кадамдарын колдой башташты. Убактылуу өкмөттүн (УӨ) канчалык күнөөсү бар экендигин адилет тергөө менен аныктап койгондун эмнеси жаман? Биринчи кезекте ошол эле УӨтүн мүчөлөрү үчүн керек болгону турбайбы? Жашоону жаңы барактан башташ үчүн өткөн ишти сөзсүз териштирип алуу керек. Болбосо “ушундай деле кайталанса боло берет экен”- деген жоопкерсиздик суроолор чыга берет. Кандуу окуялар жазыксыз калса, ал сөзсүз кайталанат! Албетте, УӨтүн мүчөлөрү буга каршы туруп жатышат. Бирок, менимча, алардын арасында акыйкат тергөөлөр аркылуу тарых алдында акталып алуу ниеттери бар адамдар дагы бар чыгаар, капырай. Кантип эле аёсуз жана бейкүнө төгүлгөн кандарды карайлатып туруп жаап салабыз деген ой менен эле жашап калышсын?! Эл ага жол бербейт.

- Айрым аналитиктер 2010-жылдагы кандуу окуя боюнча кылмыш ишин козгоо азыркы бийлик Убактылуу өкмөттүн оозун жабуу үчүн жасалган аракети деп жатышат го? Бул боюнча кандай ойдосуз?

- 2010-жылы эки чоң трагедияда орун алып, карапайым элдин уул-кыздарынын каны төгүлдү. Ал алаамат УӨтүн ишмердүүлүгү менен тыгыз байланыштуу. Жаңы бийлик мунун моралдык жагына жооп берет. Анткени, бир жыл бою убадалар айтылып келди. Болгону чечкиндүү аракеттер гана орун алуусу абзел. Тергөө жана сот иштери акыйкаттык аркылуу гана калың журттун кайгысын бир аз болсо дагы жеңилдете алат! Башка жол жок.

- Баса, Акылбек Жапаровдун министрлер кабинетин жетектегенине үч ай болуптур. Айрымдар баа бере башташты. Кетсин дегени, калсын дегени бар дегендей. Чынында ал кандай иштеп жатат?

- Акылбек Жапаровдун Министрлер кабинети (өкмөтү) Кыргызстандын азыркы терең экономикалык кризис режиминде иштеп жатат десек болот. Анткени, мындай абалга өлкөбүз 2018-жылдан бери эле кириптер болгон. Ошол кездеги бийликтин мажирөөлүгү менен коррупцияланып кетүүсү мамлекетибизди ондогон жылдарга артка ыргытты. Алынган кредиттер, расмий бюджет дайынсыз таланып-тонолду. Андан кийин Ковид-19 өзүнүн таасирин тийгизди. Өндүрүш менен бизнес өз алдынча иштеп, бирдиктүү мамлекеттик экономикалык саясат биротоло унутулду. Муну абдан чоң мамлекеттик кылмыш деп атап коюубуз керек. Эми мына, ушунун баарын Акылбек Жапаровдун командасы оңдоого аракет кылып, ар түрдүү жолдорду активдүү түрдө издеп жатат. Бюджетти көбөйтүүнүн өндүрүштүк жана фискалдык жолдору бар. Биз бир аз адилет бололу да. Өндүрүштүн абалын көрүп турасыздар. Бирок, аны жандандыруу боюнча бир топ эле реалдуу аракеттер көрүлүп жаткандай. Кен-байлыктар менен энергетиканын ресурстарын эффективдүү пайдалануу программалары иштеп чыгышты. Бирдиктүү "Кыргызиндустрия" мекемесин түзүү дагы кызыктуу келечеги бардай туюлут. Бул жакшы. Фискалдык саясат дагы жөнгө алына баштады. Бирок, биз карапайым эл дагы адилет болсок. Кыйынчылыктар болуп жатат. Аны чогуу көтөрсөк. Дароо ызы-чуу чыгарып көнүп калдык. Бир мисал, кечээги эле ККМ боюнча. Бул дүйнөлүк практика. Анан эле биз бир ууч базарком, “шылуун-бизнесмендердин” айдагы менен катуу протесттерге азгырылып кеттик го? Мындай эмоциялуу мисалдар көп. Ошондуктан, бул өкмөткө убакыт берип, кол кабыш кылып туралы да? Жаңы өкмөт келе калып эле экономиканы “сыйкырлап” жиберет деген ой - бул жаш баланын кыялындай эле болуп калат!

- Каныбек агай, президенттин лыжа тээп жүргөн ролиги Анкаранын көчөлөрүндөгү LED-экрандан көрсөтүлгөндөн кийин Түркиянын телеканалдарынан Кыргызстандагы кышкы туризм тууралуу көрсөтүү көрсөтүлүптүр. Президенттин футбол ойногону спортко болгон ынтызарлыкты жайылтуу, лыжа тепкени туризмге кошкон салымы десек болобу?

- Президенттин кышкы туризмди даңазалап жатканы жакшы жөрөлгө. Дени сак, соо жашаган президент менен сыймыктанышыбыз гана керек. “Бирибиз агынан, экинчибиз кызылынан ичип коёбуз!”- деген ажоолор деле өтүшпөдүбү беле? Кыргызстандын туризмге болгон потенциалын катуу PR кылганыбыз эң туура. Эл мындан пайда гана көрөт. Башка маселе. Кышкы туризмди өлкөбүздүн баардык аймактарында өстүргөнүбүз туура болот!

- Бирок, кышкы туризмди өнүктүрөлү деген максат менен лыжа тээп, туристтерди чакыралы деген  президентибиздин кийген кийимин да сындап жатышат го?

- Бул биздин түркөйлүгүбүзгө жатат. Муну талкуулаштын деле кереги жок болчу. Кээ бир мекендештер өтө эле майдаланып кетип жатышат! Президент бардык жагынан элдин күзгүсү болушу керек. Азыр жарандарыбыз дени-сак турмүшта жашоосу өтө маанилүү. Президент эң туура кылып жатат. Бул жерде жаштарды спортко тартуу аракети дагы бар. Анан албетте, реклама!

 

Маектешкен Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити