Президент Садыр Жапаров 11-октябрда парламент кабыл алган “КРнын министрлер кабинети жөнүндө” Конституциялык  мыйзамга кол койду. 11-апрелдеги жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, Өкмөт башчысы катары Президент өзү эсептелет. Ал эми министрлер кабинети ага караштуу аткаруучу орган болуп саналат. Конституциялык мыйзам күчүнө киргенден кийин министрлер кабинетинин башчысы Президенттик администрациянын жетекчисинин да милдетин аткаруусу  керек.

Өкмөт башчысы катары мындан ары министрлер кабинетинин түзүмүн, курамын да Президент өзү аныктайт. Парламент ага макулдук гана берет. Эгерде министрлер кабинетинин башчысын биринчи сунуш кылганда  парламент кабыл албаса, Өкмөт башчысынын аны экинчи сунуш кылганга да укугу бар. Дүйнөлүк практикага ылайык, парламент үч жолу министрлер кабинетин бекитпесе, Президент парламентти таркатып, кайра шайлоо дайындаганга укуктуу болот. Биздин оюбузча, мындан ары андай прецедент да болбойт, анткени, Жогорку Кеңештин курамы алгачкы чакырылыштардагыдай күчтүү, өз алдынча  эмес. Алдыдагы парламент Президент үчүн тактеке болушу гана күтүлөт. Андан башкага жаңы парламенттин эрки да, кайраты да жетпейт.

Мында мурдагы Баш мыйзамдардан бир өзгөчөлүк; эгерде парламент үч күндүн ичинде министрлер кабинетинин башчысынын талапкерлигин карабаса, аны Президенттин Жарлык менен эле дайындаганга укугу бар. Бул парламентти жарга такап койгондой эле көрүнүш. Анткени, парламент үчүн үч күндүн ичинде министрлер кабинетинин башчысынын талапкерлигин талдап, аны фракцияларда, анан тийиштүү профилдик комитетте карап чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштоого үлгүрүшү  кыйын. Мурдагы убактарда ага эки жумага жакын убакыт берилчү.

Жаңы мыйзамдагы дагы бир өзгөчөлүк, министрлер кабинетинин мүчөсү ишмердигине байланыштуу мыйзам тараптан куугунтукталбайт. Эгерде ал мыйзамга ылайыксыз иштерди жасаса, ага  Президенттин макулдугу менен гана кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул өңүттөн алганда, министрлер кабинетинин кол тийбестиги  Жогорку Кеңештин депутаттарыныкынан да жогору. Эгерде ЖКнын депутаттары кылмыш жасаган жеринде кармалышса, аларды эч кимден макулдуксуз эле кармап, атүгүл камап да салса болот. Бирок, министрлер кабинетинин мүчөсүн кылмыш жоопкерчилигине тартууда сөзсүз мамлекет башчысынын макулдугу керек. Эгерде анын мамлекеттик сыйлыктары болсо, ал абакка камалбайт, үй камагында гана кармалат.

Бизге жакканы, эгерде адам соттолсо, анысы жоюлган күндө деле министрлер кабинетинин мүчөсү боло албайт дегени болду. Мындай норма башка чөйрөлөргө да таркатылса туура болмок.  Антпесе азыр, соттолуу, аны жойдуруу  балдар оюнчук ойногондой эле болуп баратат.

Мында министрлер кабинетинин курамына киргендер үчүн эң опурталдуу жак, бул - эгерде кабминдин мүчөсү терс мотивде кызматынан кетсе, ал экинчи мамлекеттик саясый жана муниципалдык кызмат орундарын ээлей  албайт деген норма. Кыргызстандын жаңы тарыхында буга чейин 30 Өкмөт алмашса, алардын дээрлик бардыгы терс мотивдер менен отставкага кеткен. Алдыдагы кабминдер деле алардын тагдырларын толук кайталоосу ыктымал. Демек, анда кабминге бир жолу мүчө болгон адам экинчи мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жолотулбайбы?

Бир сөз менен айтканда, жаңы Конституциялык мыйзамда ойлондурарлык нормалар жетишерлик.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: «Майдан. kg» гезити