Акыркы кездери социалдык тармактарга милициянын генералы Курсан Асановдун кезектеги төңкөрүштү ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн аудио жазуусу таркады. Анда шайлоону шылтоо кылып, бийликти тартып алуу аракеттери пландалып, ага аракеттер көрүлүп жатканын түшүнүүгө болот. Кээ бирлер бул шайлоо алдындагы «саясий оюндар» экенин айтышып, анчейин маани беришпесе, бийликтин төңкөрүш жолу менен алмашуусун  каалаган күчтөрдүн чырактарына май тамызууда. 

Аныгында бул сүйлөшүүлөргө маани берип, тийешелүү чараларды көрбөй коюуга болбойт. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, төңкөрүштү ишке ашыруунун анабашында ЖК депутаты Канат Исаев турары айтылууда. Атүгүл Канат мырза бийликти алмаштырууга керектүү каржы маселесин да чечкенин эшиттик. Анын каржы мүмкүнчүлүгү чектелүү, каяктан тааптыр? – деген суроо жаралышы мүмкүн. Ким каржылап жатканын да билдик. Кечээ жакында эле «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына директор болуп келген кадимки Мирлан Жакыпов. Ал буга чейин да аталган ишкананы жетектеп, коррупциялык схеманы түзүп, миллиондорду сологону үчүн кылмыш иши козголуп, кызматынан бошотулган эле. Бирок шойкумдуу өткөнүнө карабай кайрадан «Кыргызкөмүр» ишканасына жетекчи болуп келди. Көрсө, төңкөрүштү каалаган айрым таасирдүү күчтөр Мирлан Жакыповду атайын миссия менен ишканага кайрадан  алып келүүгө жетишиптир. Анын миссиясы – революциялык, реваншисттик иш-аракеттерди ишканадан кымырылган акчалар менен каржылап туруу. Мирлан Жакыпов «Кыргызкөмүрдөн» миллиондорду жасоону мыкты билген, схеманы түптөгөн адам. Ошондой эле Канат Исаевдин протежеси, анын таасириндеги, анын айтканын эки кылбаган жакын адамдарынан болуп эсептелет. Андыктан УКМК башында турган тийешелүү органдар Мирлан Жакыповдун ишмердигине, бул жагдайларга кызыгып койсо ашыкча болбойт. 

Эмне үчүн Канат Исаевдин төңкөрүштү каалап жатат? Анын жүйөлүү себеби бар. Өткөн жылдын октябрындагы окуялар Канат Исаевдин зор пландарынын, кыялдарынын ишке ашуусуна жолтоо болду. Ал окуялар болбогондо Канат Исаев ЖКнын 7-чакырылышынын спикери, балким, өкмөт башчы кызматтарын аркаламак. Саясаттагы кадыры, таасири андан бетер жогоруламак.

Өткөөл мезгилдеги Жогорку Кеңештин төрагасы болду эле, бирок бат эле «кетирип»  ийишти. Ошондуктан  анын бүгүнкүлөргө ызасы, кеги  чоң. Реванш алуу менен төңкөрүштү ишке ашырып, бийликке келсем дегенде эки көзү төрт. Сүйлөшүүлөрдүн  аудио жазуусунда  да анын аты жөнү бекеринен аталган жок…