Партиянын төрагасы Адахан Мадумаров муну "атайын бут тосуу аракети менен жасалган",- деп эсептейт.
 
Анын айтымында, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын аталышын добуш берүү кагазына орусча жазуу менен БШК элдин башын айландырууда. Бул маселе боюнча партиянын башкы штабы БШКга жана башка тиешелүү жактарга кайрылмакчы. 

Ал эми БШКнын басма сөз катчысы Токтоболот Жумалиев партия Кыргызстандын Адилет министрлигинен кандай аталышта катталган болсо, добуш берүү бюллетенине да так ошондой жазыларын “Азаттыкка” билдирди.
 
"Азаттык"