Эртең менен саат сегизден тарта облустагы бардык шайлоо участоктору эшигин ачты. Жалал-Абад шаарынын мэри Бакыт Адылов 2399-шайлоо участогуна барып добуш берди.
Чынын айтсаң чычалаганды мындай кой , гезит жетекчилигин душман санап, эбиреп-жебиреп президент “аталарына” чейин жеберине жеткире жамандап, колтугуна котур ташын катып алып, сени кайсы жерден каманчасынан чалып түшсөк деген “круглосуточный кыялдан” кутула албаган, Бакиев доорунда, ырасынан эле кыйбас дос, пикирлеш болуп жүрүп, бийликке жеткенде, баарыбызды “кайдан көрдүм кара эшек” деп тааныбай кеткен текеберчил, бийликчил партиялардын бири – Кыргызстан социал-демократтар партиясы.
Бишкек прокуратурасы “Кызматтык абалынын кыянаттык менен пайдалануу” “Кызматтык абалын колдонуу” беренелери боюнча КР президентинин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Курманбек Темирбаевге тагылып аткан кылмыш ишин тергөөнү аяктап аны сотко өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланды.

Саясатчы, коомдук ишмерлер ой бөлүшөт.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын, КР акыйкатчысынын жана КР өкмөтүнүн Нарын облустук өкүлчүлүктөрү биргелешип, «Менин таңдоом - менин келечегим» аттуу жолугушуу жыйын өткөрдү. Жыйынды алып барган акыйкатчынын өкүлү Бакыт Ырысбеков ушул алдыдагы шайлоо тынч, таза, ачык-айкын өтсө, анда Кыргызстанда мындан ары карай алдыга жылуу болооруна терең ишенээрин белгиледи.

«Континент» басмаканасында Бишкек үчүн каралган ашыкча 1 миң 936 даана шайлоо бюллетендери табылды. Бул тууралуу БШК билдирет.
Өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор кызуу жүрүп жаткан кез. Бул сапар, жергиликтүү шайлоолор да толугу менен партиялык негизде өтүүдө.
Башка аймактарга салыштырмалуу, Бишкек шаардык кеңешине шайлоолор өзгөчө маанайда, өтө курч таймашта өтөрү бешиктеги балага деле дайын. Республиканын борборунун парламентине шайлоодо жеңип чыгуу биздин саясий чөйрө үчүн президенттикти алганге тете көрүнүш. Анын үстүнө, жеңген партияда борбор шаардын мэрин шайлап алуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Айта берсе, артыкчылык толуп жатат, кызыл чеке талашка ошондуктан себеп көп.