Азимбек Бекназаров: Ошол даярдыкты ишке ашырса эле Сооронбай утуп кетет. Анткени, ал бийликтин өкүлү. Ал административдик ресурс менен эле ийгиликке жетип алат.

Абактагы саясатчы Текебаевдин юристтери БШКнын үстүнөн арыз жазып, прокуратурага кайрылуу ниетинде турушат.  Анын себеби, Текебаевге  президенттикке талапкер катары мамлекеттик тилден берилүүчү сынакка жолдомо бербей атышканы болууда.

Кечээ президенттикке талапкер Темир Сариев өзүнүн “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасы катары билдирүү таркатты. Аны окурманга толугу менен сунуштайбыз...

“Кыргыз Ата” элдик саясий партиясынын Саясий Кеңеши Кыргызстан коомчулугуна кайрылуу жасады.

Шайлоо-2017: Шайтан оюндар, биригүү-ажырашуулар, компромат согушу...

«Фейсбуктан» түшпөй, айрымдары «лайкылдатып» койсо ошого маашырланып, өзүн социалдык тармактын жылдызы сезип алган Темир Сариев адатынча арманын «Фейсбуктагы» баракчасына төгүптүр.

Бишкек, «Саясат.kg». Кечээ  саясатчылар Келдибеков, Ташиев, Мадумаров жана Төрөбаевдер президенттик шайлоого карата «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгараарын» жарыялашкан.

Бишкек, «Саясат. kg». БШКга Бабанов эки арыз жолдоду

Бишкек, «Саясат. kg». Ташиев, Төрөбаев, Мадумаров жана Келдибеков бир уюмдун алдына баш катышат.

“Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов мамлекеттик тилден экзамен тапшырууда жогорку балл алды” дешип бир катар маалымат булактары жазып чыгышканын окуганбыз. Өзгөчө Бабановдун колунан акча алып, оозун карап жашаган ММКлар мындай маалымат менен Өмүрбек Токтогуловичти аз эле жерден филология илимдеринин доктору кылып кое жаздашкан.

Бишкек, «Саясат. kg». КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековдун үгүт иштери маалынан эрте башталды деген маалыматты Фарид Ниязов четке какты.

2005-жылдагы март революциясы Акаевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун гана кулатпастан көптөгөн мыйзам бузууларга да жол ачып койду. Эркин элдин жеңишин көптөгөн криминалдык күчтөр колдонушканы аз келгенсип, башка бирөөнүн мүлкүнө көз арткандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, алар бул мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок.

Кыргызстандагы шайлоодо административдик ресурс дайыма күчтүү куралдардын бири болуп, бийликтин партиясына иштеп келгени эч кимге жашыруун эмес.

Президенттикке “Ата-Журт” партиясынан талапкер катары учуп чыккан Камчыбек Ташиевдин тегерегине мурда-кийин бийликте чечүүчү кызматта олтургандар топтоло баштаганы, алар: “Камчыке, биз сени колдойбуз, аягына чейин барсаң жеңип чыгабыз”,- деп дем-күч болуп турганы чынбы?

Шайлоо-2017: шайтан оюндар, талапкерлер...

Чыныбай Турсунбеков спикерлик кызматтан кол жууп калбайын деп тизгинин тарттыбы , же КСДПга каршы чыга алган жокпу?

Бишкек, “Саясат. kg”. Кыргызстанда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин бири, жергиликтүү олигарх Өмүрбек Бабановдун жеңишке жетүү шансы олуттуу экендиги айтылууда.