«Фейсбуктан» түшпөй, айрымдары «лайкылдатып» койсо ошого маашырланып, өзүн социалдык тармактын жылдызы сезип алган Темир Сариев адатынча арманын «Фейсбуктагы» баракчасына төгүптүр. Үгүт иштери баштала электе эле «Форумда» иш кайнап, Фарид Ниязов менен Икрам Илмиянов баш көтөргөндөрдүн баарын чакырып алып, бийликтин талапкерине иштете баштады деп көзүн жаштагандай болсо жанына жан чыдай турган эмес. Бир нерсени айта кетсек «Форум» бийликтеги КСДПнын штабы жайгашкан жер. Бул жака ар кандай иштер менен түрдүү жетекчилер, партия мүчөлөрү келип турат. Анын эмнеси бар экен?! Мыйзам бузулгандай бул жакта КСДПнын президентикке талапкеринин атын жазып алып, туу булгалап жаткан эч ким жок. Азыр үгүт жүргүзчү мезгил эмес.
Экинчи жагынан Сооронбай Жээнбеков БШК шайлоо мыйзамдарына ылайык расмий каттагандан кийин, кызматтан кете тргандыгын айткан. Ага деле аз күн калды.
А көрөк президентикке талапкер Темир Аргенбаевичтин өзүнүн айрым кадамдарын айткан киши жок. Ал күбө катары мародерчулукка, коррупцияга шектелип азыр камакта кармалып, сотто сурак берип жаткан үзөңгүлөштөрүн, атап айтканда, Ѳмүрбек Текебаев менен Дүйшѳн Чотоновду сотсуз эле «күнөөсүз» деп таап күлкүнү келтирген. «Өз башындагы төөнү көрбөгөн» Темикең эми болсо алар кыргыз тилинен тесттен өтпөй калмай болду деп кайгыра баштады. Кашайып кан басымы көтөрүлүп кетеби деп бизде жан жок.
БШК көзкарандысыз өз алдынча орган. Аны Темикең жакшы билет. Бул иштердин баары шайлоо мыйзамына ылайык жасалып жатканын да билип эле турат. Анан эле оозун куу чөп менен аарчып, минтип «Фейсбуктан» акчыланып жатпайбы. Сыягы маанайы жоктугуна караганда, «Фейсбукдагы» тарапташтары азыраак «лайкылдатып» коюшса керек.