Эске салсак, интернет айдың ында төмөндөгү сүрөт жарыяланып, Нарын облусунун Кочкор районунда үгүт иштери башталганы, ал КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбековго таандык экени айтылган. Сүрөттө көрүнүп тургандай, мамлекеттик кызматкерлер болуп эсептелинген дарыгерлер «Сооронбай Жээнбеков» деген жазуунун алдында жыйын куруп атышат. Оорукана башчысы жана район акими дарыгерлерге Сооронбай Жээнбековду колдоо боюнча үгүт жүргүзгөнү белгиленген.

 

 

Интернетке тараган сүрөттөрдүн бири.  

 

Ал эми КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мындай маалыматтар чагым экенин билдирди.

 

Айтымында, жалган маалымат кимдер тарабынан таратылганы иликтенип атат.

 

Сүрөт жарыялангандан кийин интернет колдонуучулары муну административдик ресурс катары баалашты.