Бишкек, “Саясат. kg”.  Кыргызстанда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин бири, жергиликтүү олигарх Өмүрбек Бабановдун жеңишке жетүү шансы олуттуу экендиги айтылууда.

 

 Асыресе бул жагдай Бабановду пайда дегенде эч кандай тоскоолдук токтото албаган чектен тыш зыкым катары таасын билген өлкө элитасын жарга такаганын Vesti.uz сайты шардана кылды. “Бабановдун кыялы – кызылы кырмандагыдай акча табуу, кучак жетпес миллиард бакска ээ болуш үчүн ал эч нерседен кайра тартпайт”, - деп аты-жөнү анонимдүү калышын өтүнгөн бишкектик ири ишкерлердин бири Vesti.uzга өз пикирин билдирген. Ал өзү үчүн миллиард кеп эмес деп айта бериши мүмкүн. Бирок, ага жетүүгө кыйла мезгил бар. Ошондуктан, өз мүдөөсү үчүн Өмүрбек өлгөн адамдардын үстүнөн аттап өтөөрүнөн шек саноого болбойт.  

Кыргызстанда Бабановдун башкалардан тартып алгандарынан бөлөк, өзү балапандай бапестеп, бөпөлөп өнүктүргөн бизнеси эч качан болгон эместиги айтылып келет. Ал бир убакта ишкерликти арак сатуудан баштап, андан соң күйүүчү май рыногуна аралашканы белгилүү. Тополоңдуу токсонунчу жылдар абдан чоң кирешелүү болгону менен бул эки тармак криминалдашып турганы белгилүү жана “жаңы кыргыздардын” бир тобунун башын жуткан.

 

Ошол опурталдуу күндөрдө Бабанов “Альянс” мунай тобундагы бир тууган Бажаевдердин жардамы менен аман калып, алардын канатына калкалаган. Бажаевдер “Лукойлдун” Кыргызстандагы өкүлчүлүк башчысы Юсуф Көлбаевдин көзү киллерлер тарабынан тазаланар менен Кыргызстанда пайда болушканы белгилүү. Күйүүчү май рыногун бөлүштүрүү өтө эле катаал шартта өткөндүгүн бул тармактын ачуу даамын татып, бирок азыркыга чейин арабызда бирин-серин аман жүргөн ардагерлер эскерип калышат. Алардын айтымында, ошол мезгилде атаандаштардын май куйгуч жайларына от коюлуп, ээлери балдары менен бирге барымтага алынган сыяктуу жана башка түшкө кирбеген мүшкүл иштер арбын болгон.

 

Өмүрбек Бабанов алгачкы президент Акаевдин уулу Айдар, андан соң кийинки президент Бакиевдин баласы Максим менен дос эле. “Балакайлардын” тигиниси да, кийинкиси да ач көздүктөрү менен айырмаланып, өзгөчө одиоздуу эки жан рейдерлик, ченемсиз уурулук жана “”Манастагы” америкалык аскер базасына күйүүчү май жеткирүү боюнча махинациялары менен атактары чыккан. Бабанов үчүн алардын жардамы абадай зарыл болгон.

 

Өмүрбек Бабанов Максим Бакиевдин жардамы менен ишкер айым Шарипа Садыбакасовадан өзү ага чейин миноритардык акционери болгон “Кыргызстан” банкын тартып алган. Бишкектин чет жакасындагы “Азамат” автоунаа базары ээси, парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиев өлтүрүлгөндөн кийин Өмүрбектин колуна өткөн. Сурабалдиевдердин үй-бүлөсү ага чейин Максим Бакиевдин чексиз кысымына алынган. Ал учурлар тууралуу маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева бир нече ирет “Макс-Бакс” өзүнө чакырып алып: “Балтыр этиң ката элек, жашсың. Мындай чоң бизнести башкара албайсың. Сат!” деп айткандыгын жана арзыбас акча сунуштагандыгын телекөрсөтүүлөр аркылуу көп кайталагандыгы эсибизде. Бул сыяктуу мисалдарды санай берсек жетиштүү. Алар тууралуу жүздөгөн ирет жазылган. Ошого карабастан, калайык Бабановдун шайлоо алдындагы кампанияда оңду-солду берип жаткан опол тоодой убадаларына топуктуу боло баштаганы ойго салат. Байга ишенип баш жаза берүү кымбатка туруп калышы мүмкүн...

 

Бабанов өз оппоненттерине карата кекчилдиги жана агрессивдүү мамилеси, натыйжада рекорддук кыска аралыкта сансыз душман күткөндүгү менен белгилүү.

2011-жылы ал Кыргызстандын премьер-министри кызматына дайындалып, бирок бул орунда кийинки жайга чейин гана отура алды. Чет өлкөлүк коммерсанттар “тартуу кылган” асыл тукум аргымагы жана башка кылыктары тууралуу маселе козголуп, парламент ага ишеним көрсөтпөөгө даяр болуп калган.

 

Анын бактысына парламенттик көпчүлүк коалициясы тарап кетип, Бабановдун абийири төгүлбөй аман калганы эстен кете элек. Кыргызстанда өкмөт башчысын парламенттеги фракциялардын коалициясы дайындайт, ошондуктан ал тараган учурда премьер автоматтык түрдө кызматтан кетет.

 

Азыр мына ушундай таржымалы бай Бабанов президент болууга умтулууда. Кыргызстандын ишкер чөйрөсүндө ал жеке менчикти кандуу жол менен кайра бөлүштүрүүгө барат деген божомолдор айтылууда. Деген менен бизнес-элитанын да ресурстары олуттуу. Ошондуктан, көздөн учкан көк жээкке жеткенге чейин ордунан жылгыс зылдай тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Ал 15-октябрда белгилүү болот.