Бийликтин каршы чыгуусуна карабай, 9-майда Дүйшөмбүдө жүздөгөн адамдар “Өлбөс полк” акциясына чыгышты.

Ашхабадда бийлик мектеп мугалимдерин жана бала бакча кызматкерлерин көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери үчүн мажбурлоодо.

Москвадагы миграциялык долбоорлор менен иш алып барган “Утро мира” укук коргоо уюму Орусияда кыргызстандык мигранттар күч органдарынын кысымына кабылып жатканын билдирип чыкты.

Бишкек, «Саясат. kg».   Бишкекте кечээ, 9-майда өткөрүлгөн «Өлбөс полк» жүрүшүнө экс-премьер-министр Темир Сариев да катышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бир жолку төлөм берүү боюнча Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен лидер аталды.

Питердеги терактка шектелип жаткан жаранды тескери жакка Орусиядагы ксенофобдор менен скинхеддер түрткөн болушу ыктымал.

Бишкек, «Саясат. kg».  9-май Улуу Жеңиш күнүнүн урматына Бишкекте Жеңиш аянтында митинг-реквием өткөрүлдү. Ага президент Атамбаев катышып, согуштун ардагерлерине куттуктоо  сөзүн сүйлөдү.

"Маданияттын эмгек сиңирген ишмери"  депутат  Мусабекованын маданиятсыз жоругу 

Тажикстандын Жаштар иштери, спорт жана туризм комитети тарабынан спортчулардын Этикалык кодекси иштелип чыкты. Ага ылайык, спортчулар сакал койбошу, чачын жана тырмагын өстүрбөшү керек болот.

Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, аймактагы жер көчкүнүн астында 24 адам калып кеткен. Аларды издөө жараянына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын кызматы жана жергиликтүү жарандар активдүү катышып жатышат. Ушу тапта көчкү алдында калган үч адамдын сөөгү табылганы белгилүү.

Орусиянын “Жол коопсуздугу” боюнча мыйзамынын өзгөртүлүшү чет элдик айдоочуларды тынчсызданууга салды.

Орусия телеканалдарында “Кыргызстан коркунучта” – аталышында телеберүү “жарк” этти. Ага үңүлө турган болсок, АКШ баштаган батыштын дөөлөрү Кыргызстанда абал жакшы эместигинен пайдаланып, ар кандай күтүүсүз нерселерди жасоону пландап жатыптыр.

Кыргыз саясатында деңгээлдердин эмес, кара пиарлардын, каралоонун гана атаандаштыгы жүрөт. Анын алкагында бейкүнөө саясатчыларга ар кандай ушак сөздөр жармашат. Алардын бир Темир Сариевдин ысымына байланышкан “трайбалист” деген сөз тууралуу кеп улайлы.

Бишкек, «Саясат. kg».  «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары митингге чыгышты.

Бишкек, «Саясат. kg». Депутаттар  Өзгөндөгү жаратылыш кырсыгынан курман болгон адамдардын коопсуздугун убагында камсыздабаган чиновниктерди жоопко тартууну сунушташууда.

Ө.Текебаев менен жакалашып, бирок Өмүке “бир сүзгөндө” астына кулап түшүп, “Турсам өлтүрөм” дегендей тап берген жайы бар.

95 млн. сом кайда, кимге берилери тууралуу бийликтин бир өкүлү ооз ачып койгон жок

"Бетиңди тилип, туздан сээп коём. Сени он эркекке салып берип коём, даже түшүнбөй каласың…"

Транспорт жана жолдор министрлиги жол тармагын өнүктүрүү жана республикалык бюджетке жеңилдик кылуу максатында ушундай сунуш киргизүүдө.