“Жаман айгыр өз үйүрүнө тап” демекчи, азыркы бийлик тарабынан да журналисттерге (оппозициялык) карата зордук-зомбулук, коркутуп-үркүтүү, сотко берип, үйүн тартып алуу аракеттери көрүлүүдө. Бирок өткөн жумада “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованын төмөндөгүдөй билдирүүсү уккан, окуган адамдын жакасын карматып, “Ыйман, адеп, маданият” жылында Алласын оозунан түшүрдү (орфографиясын өзгөрткөн жокпуз): “Көрүнүктүү эле депутат (фамилия-атын жазбай турайын) мага чалып, коркутуп оозго албас уят сөздөр м.н сөгүп, ар бир жазган сөзүңө менин фамилям үчүн миллион сом коём дейт… Жакамды кармадым!!! Анын сөздөрүнөн бир-экисин гана жазайын. Эртен барып бетиңди коөгус кылып түздөп кетем, сен эмне кыла аласын? Д…ка, С…ка, Ж…п ….Сен жди меня! Териңди тескери сыйрып, он эркекке салып берип кетем. Уктуңбу? Бетиңди тилип, туздан сээп коём. Сени он эркекке салып берип коём, даже түшүнбөй каласың…Бой без правилдеги балдар меники экенин билесин, сени зордуктатып коём…оозуңан да….ж.б.. дейт! …( ким экенин айтпай турайын, эл кадырлаган депутаттын сөздөрүнүн жарымы гана…)”. Биз аталган гезит менен байланышканыбызда, журналист кызды коркуткан депутат - бийлик партиясынан экендигин, болгондо да өзүбүздүн эле кесиптеш айым болуп саналарын, азыр анын бул жоругу боюнча тиешелүү уюмдарга, парламент менен президенттин өзүнө кат даярдалып аткандыгын билдиришти. Күтө туралы...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити