“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 8-9-май расмий түрдө майрам катары жарыяланганына карабай, мугалимдер менен бала бакча кызматкерлери ишке чыгууга милдеттендирилди.
Маалыматтарга караганда, мектеп мугалимдери Олимпиада шаарчасынын айланасын тазалашты. Көчөлөрдү шыпырып, чөптөрдү тегиздеп, отоолорду жулуп, арыктарды акыр-чикирден арылтышты.
Тазалоо жана көрктөндүрүү жумуштары 17-27-сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарына карата жүргүзүлүүдө.
Олимпиада шаарчасы дагы бул оюнду утурлай салынган. Мамлекет анын курулушуна 5 миллиард, эл аралык аэропорт үчүн 2,3 миллиард доллар жумшаган.