Үстүбүздөгү жылдын 1-майында заманбап NTV телеканалынын ачылышы болду. Бул чындап эле тарыхый окуяга айланчу кабар. Анткени, жаңы редакциянын алдыга койгон максаттары арбын.

 

“Чү”  дегенде эле, NTV телеканалы эфирди өлкөнүн бардык аймагына FullHD форматында алып көрсөтүү менен баштады. Айта кетчү нерсе, учурда мындай жогорку сапат менен Кыргызстанда башка бир дагы телеканал иштей элек. Ал эми жакынкы күндөрү  NTV телеканалы спутникке чыгуу менен  Кыргыз Республикасынан сырткары КМШ өлкөлөрүнө, анын ичинде Орусиянын чоң шаарларына, Казакстанга, андан тышкары Түркияга, ал тургай Түштүк Кореяга чейин обого чыкмакчы.

 

“Бул аймактарда кыргызстандык мигранттар көп болгондуктан, ушундай кадамга барууну туура көрдүк”,- дейт телеканалдын башкы директору Нурлан Шакиев.

 

“Мыкты адистер - ийгиликтин башаты” демекчи, NTV телеканалынын ар бир кадры кылдаттык менен тандалып алынганын айтат телеканал башчысы. Ал эми Нурлан мырза тууралуу айтсак,  ал-журналистика тармагында мол тажрыйбасы бар жетекчи. Убагында мамлекеттик “Эркин Тоо” гезитинин башкы редактору болсо, кийинчерээк  ЭЛТР телеканалын жетектеген. Ошондой эле, Нурлан Шакиев -  мурдагы маданият министри. Бул инсан менен качандыр бир иштешкендер бир ооздон анын мыкты менеджерлик сапаттарын айтышат.

 

Берүүлөрдүн негизги бөлүгүн саясат эмес, маданият, тарых, табият жана акыркы жаңылыктар ээлейт. Жаңы телеканал негизги милдети катары - коомдогу агартуучулукту карманат. Жалаң эле терс көрүнүштөрдү көрсөтө бербей, оң жактарды да көбүрөөк даңазалоого умтулат. Анткени, коңшу өлкөлөр Кыргызстандын жакшы жактарын билүүсү керек деп эсептейт телеканалдын жамааты.

 

NTV каналынын берүүлөрүнүн  70 пайызы кыргыз тилинде, 30 пайызы орус тилинде чыгат. Мындан улам,  Жогорку Кеңеш тарабынан “Телерадиоберүү жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, көрсөтүүлөрдүн 50%ы  өздүк продукция болуп,  60%ы  кыргыз тилинде чыгуусу шарт деген милдетти бул телеканал колдойт жана ишке ашырат. Алгач телеканал суткасына 17 сааттык берүүлөр менен көрүүчүлөрдү кубандырат. Анын ичинде жаңылыктар күнүгө 5-6 жолу чыкмакчы.

 

Телеканалдын техникалык жетишкендиктери да мактанаарлык. Заманбап үлгүдөгү видео жана аудио жабдыктар гана эмес, ал тургай атайын студиялар да бүгүнкү күндүн талабына ылайык, виртуалдык фон менен жасалууда.

NTV телеканалынын аты жөн жерден латын тамгалары менен жазылган жок.  Келечекте эл аралык аренага чыгууну көздөгөн телеканалдын жамааты – атын дал ошол стандарттарга ылайык аткарган. 

 

Булак: “Майдан.kg” гезити