Акыйкат издеген кайрылуу

                                                                                         

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш. Жээнбековго

   

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери 29 жылдын жүзү болду. Кыргыз эли эгемендүүлүктүн шарапаты менен өзүнүн улуттук кайра жаралуу доорун өткөрүп, дүйнөлүк аренада демократияны сүйгөн, эркин жашоо курууга умтулган эл катары таанылды десек болот. Кыргыз эли эң байыркы эл катары адамзаттын өнүгүүсүнө зор салым кошкон элдердин бири экендигин дүйнөгө таанымал “Манас” эпосу айгинелеп турат. Кыргыздардын миң жылдык тарыхын камтыган “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизүүгө жетиштик. “Манас” аркылуу кыргыз тили дүйнөгө даңазаланды. Ошондон улам биз бүгүн мамлекеттик тилге өтө чоң маани берүү менен аны өнүктүрүү багытында көп иштерди аткарышыбыз зарыл.

Кыргызстан “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине каттатып жатып дүйнөлүк коомчулук алдында бул улуу элдик чыгарманы таанытып, даңазалап, мамлекеттүүлүк, улуттук баа жеткис баалуулуктарды, гумандуулук идеяларды пропагандалоо жана жайылтуу милдетин аткарып келатат. Б.а. кыргыз элине дүйнөлүк коомчулук тарабынан улуу вазийпа жүктөлгөн. Албетте, биз бул ишеничти, бул вазийпаны кыргыз тилин сактап калуу менен гана аткара алабыз. Тил улуттун, мамлекеттин белгиси. Ошондуктан кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү менен мамлекеттүүлүгүбүздү сактай алабыз. Эгерде кыргыз тили жоголуп кетсе, анда океанга тете “Манас” эпосу да адам баласынын көөнөргүс мыкты чыгармасы катары кароосуз калып, өзүнүн маани-манызын жоготуп, айтылбай калат.

 

Кыргызстанда коомчулук “глобалдаштыруу доорунда майда элдердин тилдери жоголуп, чоң элдердин гана тилдери жашап кала алат”- деген ойго жетеленип келишет. Бирок, глобалдашуу доорунда жеке улуттук мамлекети бар элдердин эне тилин сактап калууга мүмкүнчүлүктөру зор болот. Кыргыз тилинин дагы түбөлүк сакталып калуу мүмкүнчүлүгү зор. Кыргыз элинин көөнө тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, “Манас” эпосунун канчалык реалдуу тарыхый процесстерге, окуяларга жакын экендигин аныктоо жана тактоо иштери дагы алдыда. “Манас” эпосун жеткиликтүү пропагандалоо бүгүнкү күндө өтө актуалдуу . Манасчылардын жаңы муунун тарбиялоо ж. б. у. с. аракеттерди жана иш-чараларды аткаруу милдет. Бирок, биз кыргыз тилинин бүгүнкү абалы менен бул ой-тилектерди жана буларга байланышкан аракеттерди, иш-чараларды ишке ашыра албайбыз. Албетте, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп кабылдангандан бери коптогон мыйзамдар, өкмөттүн токтомдору кабыл алынган. Бирок, иш андан ары жылбай келет. Кыргыз тилине мамлекетик тил статусу берилгенден кийин, ал мамлекеттик тил катары өлкөнүн бардык булуң бурчтарында бирдей кабылданып, бирдей жайылтылып, кыргызстандыктардын орток тилине айланышы зарыл.

 

Бирок, иш жүзүндө - мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Буга чейин тилекке каршы бийлик тарабынан мамлекеттик тилге теориялык жана юридикалык жактан азыноолак колдоо болгону менен, практикалык жактан алгылыктуу колдоо көрсөтүлгөн жок. Бул маселе боюнча аракеттердин баары кагаз жузундө гана аткарылып жана кагаз бетинде гана калып келди. Бийликтин кыргыз тилине мамилеси КТРКнын экранынан алыс чыга албады. Өзгөчө Атамбаевдин мезгилинде бул маселеге таза маани берилбей, бардык иштер токтотулган. Атамбаев өзү адатынча КТРКнын экранынан анын өтө маанилүү экенин белгилегенден башка алгылыктуу иштерди жүргүзө алган жок.

 

Биз дайыма кыргыз тилин Манас атанын тили, Чынгыз Айтматовдун тили деп сыпаттап келебиз. Бирок, эгер кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүүгө жана аны кадимки мамлекеттик деңгээлдеги баарлашуучу тилге айландырып, улуттар аралык тили, интернеттин тили даражарсына жеткирбесек, котормочулуктун деңгээлин көтөрбөсөк, анда бул жана башка мындан башка толгон токой сыпаттоолордон эч майнап чыкпайт. Мындай мамиле менен кыргыз тили жоголуп кетүү коркунучуна кептелүүдө.

 

СССР жоюлгандан бери өлкөнүн ичиндеги демографиялык абал кескин өзгөрдү. Эгер СССР мезгилинде 1989-жылкы эсеп боюнча орус калкынын саны кыргыздардан (52, 37%) кийин болуп, 21,53%ды тузсө, бүгүн 5,6% түзөт. Эгер Бишкекте 17 гана %  кыргыздар жашаса, бүгүн борбор калаа ички миграциянын негизинде миллиондук шаарга айланды. Статистикага көңүл бурсак: Кыргызстанда эгер орустар 2009-жылы 7,8% (419 мин 583) түзсө, 2016-жылга карата бул көрсөткүч 6% (360 миң 580 адамды) эле түзүп калган. 2009-жылдагы статиска боюнча Бишкек шаарында кыргыздар 66,16% түзгөн, ал эми орустар 22,98 % түзүп калган. 1999-жылкы эсеп боюнча эне тилинен башка тилди билгендердин проценттик катнашы республика боюнча өз эне тилинен башка да кошумча орус тилин билгендердин саны 75% түзгөн, ал эми кыргыз тилин 11,5, өзбек тилин 8,2% билгендиги катталган. Бийлик кыргыз тилин өнүктүрүү, өстүрүү маселелеринде ага практикалык колдоо көрсөтпөй, бул маселе көңүлдүн сыртында болуп келди. Мамлекетик деңгээлде колдоо болбогондуктан, кыргыз тили өзгөчө борбор калаада, Чүй областында жана чоң шаарларда колдоого алынбай келет. Айрым учурларда ачыктан ачык собатажга да кабылып келет. Кыргызстанда орус мектептерде кыргыз тили сабагынын жакшы деңгээлде берилбегендиктен кыргыз улан-кыздары ачыктан ачык мамлекеттик деңгээлде ассимилицияга дуушар болуп жатат.

 

Жогоруда көрсөтулгөндөй, эгемендүүлүк жылдары өлкөдө демографиялык көрсөткүчтөр кескин өзгөргөнү менен мамлекеттик тилге болгон саясат жеткиликтүү деңгээлге көтөрүлө алган эмес. Кыргыз Өкмөтү, КР Билим берүү жана илим министрлиги заманбап тил саясатын жүргүзө албай келет. Бул айткандарымды, Бишкек шаарындагы, Чуй областындагы орто мектептердеги кыргыз тилине болгон мамиле жана анын абалы так айгинелеп турат. Бул чөлкөмдөрдө мамлекеттик тил саясаты демографиялык өзгөрүүлөргө жараша жүргүзүлбөй келет. СССР учурундагы орус тилдүү мектептер көпчүлүк учурда мурдагы статусун сактап калышып, ар кандай шылтоолор менен кыргыз класстары ачылбай жатат. Тескерисинче, ошол статусту кандай гана болбосун сактап калуу байлалат. Айрым, аты таанымал мектептин жетекчилиги (Бишкекте 13, 61, 70) министрликтин шалаакылыгынын айынан учурдан пайдаланып, “орус мектептери балдарды мыкты окутат”- деп, ажиотаж жаратып, балдарды сандык нормадан көп кабыл алып (бир класста 50-56 окуучу), коррупциялык негизде шугуулданып, жеке кызыкчылыктарын канааттандарып келишет.

 

Бирок, өкмөт жана министрликтин тил саясатын туура жолго кое албай жаткандыгынын бирден-бир себеби - мектептердеги уюшкан коррупция. Кыргыз Өкмөтү жана КР Билим жана илим министрлиги орто мектептердин статусун өз учурунда өзгөртпөндүктүн айынан аталган Борбор калаада орус тилдүү мектептерде кыргыз класстар ачылбай, ата-энелер массалык түрдө балдарын орус класстарга берип, кыргыз улан-кыздар мамлекеттик денгээлде ассимиляцияга дуушар болуп жатат. Мектептин жетекчилиги ата-энелердин, окуучу балдардын эсебинен орусча китептерди, куралдарды, материалдарды сатып, бизнес жасап жатышат. Жогорудагы статистика көрсөтүп тургандай, Кыргызстан элинин 75% орус тилин кошупча тил катары кабылдап жатса, анда бул чөлкөмдөрдө атайы орус мектептерди кармоонун кажети жок. Бул чөлкөмдөгү окуу жайлары аралаш мектеп статусунда болсо деле жетиштүү. Анан калса, эгер биз Кыргызстанда мамлекеттик тил эл аралык тилге айлансын десек, анда орус, өзбек, дунган ж.б. биздин мекендештер кыргыздар менен аралаш жашашкан шаарларда, айыл өкмөттөрүндө кыргыз-орус, кыргыз-өзбек, кыргыз-дунган аралаш мектептерди ачышыбыз керек. Бул болсо улуттар аралык өз ара мамилени жакшыртат, стабилдүүлүктү шарттайт. Кыргызстандын эли өзүн бир чоң жаамат, бир эл катары кабыл алуусуна жакшы шарт түзүлөт. Муну СССРдин тажрыйбасы таасын көрсөтүп турат. Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Кыргызстанда бүгүн мамлекеттик тили, кыргыз тили мамлекет тарабынан, президенттик, өкмөттүк, парламенттик деңгээлде реалдуу негизде колдоого муктаж. Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүп, өстүрүү үчүн реалдуулукка ылайык мамлекеттик тил саясаты жүргүзүлүшү лаазым. Кыргызстанда мамлекеттик тил саясатынын өзөгүн кыргыз тилине өлкөбүздө өзүнүн нукура ордун таап берүүгө багытталышы керек жана аны улуттар аралык тил катары таануу турушу зарыл.

 

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: “Майдан.kg” гезити