Резонанстуу иштин чоо-жайы

 

 

Экс-президент А.Атамбаевди камакка алуу аракети күч алгандан бери анын аралашкандыгы айтылган коррупциялык схемаларды жарыялоо, издөө күч алды. Ал тургай экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламенттик комиссия беш жыл мурдагы  Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуу тендериндеги орун алган  коррупциялык чатакты алты айыптын бири катары киргизди. Ал эле эмес Аида Салянованын Атамбаев көмүр сатып алууда "Прогресс компани" дегенди колдоп, өткөн тендерди буздуруп, басым жасаганын айынан куугунтукка кабылганы боюнча 2016-жылдагы билдирүүсүн негиз кылышты.

    

25-июнда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да парламентте отчёт берип жатып, экс-президенттин Бишкек ЖЭБге көмүр ташууда катыштыгы бар экенин бышыктап,  депутаттык комиссиянын жыйынтыгын колдоого алып, “Рассвет компани” менен “Прогресс компанини” учурунда Атамбаев калкалоого алганын баса билгиледи.

 

Чынында мамлекеттик ири тендерди жүргүзүүдө жеке компаниялар ортосунда айыгышкан атаандаштык дайыма болуп турат. Ал тургай мындай иштерге атайын чыгарылган ушак сөздөр, компроматтар, каралоолор, тымызын  жеткирип баруулар, сатып алынган эксперттер да колдонулат. Акыркы мезгилде Кыргызстандагы компаниялар ортосунда айыгышкан  курч күрөштөр жүрө баштады. Кытай фирмалары акыркы 15 жылда Кыргызстандагы ири инфраструктуралык проекттерди ишке ашырууну колго алса, казак компаниялары, олигархтары Пекинден айырмаланып, көмүр ташууга кызыкдар болушту. Ошондон уламбы, Кыргызстанга алынып келинген көмүрлөр да акыркы беш жылда саясатташып кетти. Мунун баарына Атамбаевди күнөөлөдүк.  Бирок, убакыттын өтүшү менен бул иш биз бир жактуу ойлогондон башкача болуп, убакыттын өтүшү менен чындык ачыкка чыга баштагансыды.

 

Салянова “Атамбаев колдоого алды” деген “Прогресс компанини” кимдер жетектеген жана ал  кандай иштер менен алек болгон?

 

“Прогресс компани” 2014-жылдагы чатакка чейин ЖЭБге көмүр алып келген алмаштырылгыс кардар болгон. Аталган компанияга акыркы жолу бир канча фирмалардын ээси - Шамшудинова Жаңыл Мукашовна ээлик кылган. Ал ээлик кылган фирмалардын баарына Болотбек Абиров директор болгон. Баса белгилөөчү жагдай, Болотбек Абиров көмүр чырында аты аталган, тендерден жеңип чыккан “Рассвет компанинин” да ээси. Ал жетектеген эки фирма тең тендерге катышып, жеңип чыккан компаниялардан. Аталган эки компаниянын ортосундагы байланыш эч кандай күмөн саноону жаратпайт. Тагыраак айтканда, эки фирма тең Кыргызстанга Казакстандын Шабыркүл деген кенинен көмүр ташыйт.

 

Буга чейин аталган эки компанияны Атамбаевге чаптап, ЖЭБге көмүр ташып келүүдөгү тендерге басым кылып, буларды уттуруп жүргөн деген доомат койсок, ал кызматтан кеткенден кийин деле ушул эле компаниялар тендерден жеңип чыкканына күбө болобуз. Ал тургай Болот Абиров уулу Жаныбек Абировду жаш экенине карабай Бишкек шаардык кеңешине спикери кылууга да үлгүргөн. Ушул жагын эске алсак, аталган эки компаниянын Атамбаевге кылдай да тиешеси  болбогон деген тыянакка келсек болот. Ошондой эле коомчулуктун көңүлүн бурган эки компаниянын ээси бийлик тарабынан тымызын колдоого алынган деген чечим чыгарсак да болот.

 

2014-жылдан бери акчанын жыты көмүр казган Казакстандын ири фирмаларын тартты

 

Чынын айтсак, көмүр тартып келүүдө миллиарддаган суммалар айланат. Ошондуктан  2014-жылдан бери акчанын жытын искеп, Кыргызстанга Казакстандын ири фирмалары келе баштаган. Башкача айтканда, 2014-жылы бул оюнга казактардын өтө алп “Жезказганэнергосбыт” деген фирмасы да аралашуу аракетин көргөн. Ал эми 2018-жылы  аренага “Евротранс групп” деген фирма чыккан. Эки фирма тең бааларды арзандатуу менен жеңишке жетүүгө, тагыраак айтканда, тендерден утууга аракет кылышкан. Казак компанияларынын артында ири ишкерлер жана чиновниктер турушкан. Бирок, “Евротранс групп” энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиевди ишке тартып, бир канча маалыматтарды анын оозу менен айттырышкан деген кептер бар. Ошондой эле Расул Үмбөталиев Аида Салянова менен жакшы мамиледе болуп жүргөн кезинде ага жан тартып, Болот Абировдун эгиз компаниялары боюнча бир топ сындарды айткан учурлары болгон. Ал тургай ушул көмүр кенинин чыры Аида Салянованы кызматтан кетүүгө аргасыз кылган.   

 

Бирок, Атамбаев акыркы мүмкүнчүлүккө чейин Салянованы Башкы прокурорлуктан кетирбөөгө аракет кылып, бул иштен күйөөсүн четтетүүнү суранган. Мына ушул көмүрдүн айынан кызыкчылыктардын каршылыктары пайда болуп, Салянова үй-бүлөсүн тандаган. Бирок, Атамбаевге каршы, олуттуу далилдерди көрсөтө алган эмес.

 

 

Салянованын күйөөсү ортомчу түшкөн көмүр эмне үчүн колдоо тапкан эмес?

 

Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров 2014-жылдагы көмүр сатып алууга кийлигишкен мыйзамсыз иши үчүн 2015-жылы Кылмыш кодексинин “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” жана “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 7 жылга шарттуу түрдө кесилген. Мындан сырткары “Электр станциялары” ишканасынын жетекчилери менен “Жезказганэнергосбыт” компаниясынын өкүлүнө да кылмыш иштери козголгон.

 

Тагыраак айтканда, Бакыт Абдыкапаров мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимди түзүү боюнча айыпталып, тергөөнүн версиясы боюнча “мыйзамсыз пара алды” жана “Башкы прокуратуранын кызматкерлерине басым көрсөттү” деген айып тагылган. Башкача айтканда, Нартазин Джетыбаев Салянованын күйөөсүнөн буйрук алып, казак компаниясы “Жезказганэнергосбыттын” кызыкчылыгын  коргогон. Ошондой эле Бакыт Абдыкапаров Башкы прокуратуранын атынан “Электр станциялары” ачык акционердик коомуна басым көрсөтүп, “Жезказганэнергосбыттын ” сапатсыз 4 жарым миң тонна көмүрүн “Электр станциялары” ишканасына өткөрүүгө аракет кылган. Башкача айтканда, Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаров башында турган топ “Электр станциялар” ишканасынын жетекчилигин мажбурлап, казакстандык “Жезказганэнергосбыттын” көмүрүн сатып алууну уюштурган. Ал тургай  Башкы прокуратуранын  кызматкерлери  аркылуу тендердик комиссияга да басым кылган. Тендерден казактардын “Жезказганэнергосбыт” компаниясын жеңдирип чыгууга болгон аракетин жумшаган. Бирок, алардын  басымынын кесепетинен  үч тендер үзгүлтүккө учурап, 630 миң тонна көмүр сатып алуу кечеңдеген. Бул жагдай кышкыга даярдыкты артка тарткан.

 

Бакыт Абдыкапаров жетектеген топ канчалык жанталашып, тендерден  “Жезказганэнергосбытты” уттурууга аракет кылышып, тийиштүү тармактын баарын кысымга алышып, көмүрдүн баасын арзан көрсөтүшсө да, тендердик комиссия көмүр жеткирүүдө тажрыйбасы жоктугун эске алган. Ошондой эле  аталган компаниянын көмүрүн сатып алууга эксперттер жана көмүрдүн жакшы, жаманын ажырата билгендер каршы чыгышкан. Анткени, “Жезказганэнергосбыттын ” көмүрү сапатсыз экенин, талапка жооп бербесин лабораториядан аныкталган. Башкача айтканда, “Жезказганэнергосбыттын”  көмүрү “Прогресс компанинин” ташып келген көмүрүнө караганда арзан, бирок, майлуулугу аз болгон. Адистер аны жагуу үчүн кошумча газ керектелээрине токтолуп, ал көмүрдү жагуу ашыкча чыгымды талап кылаарын айтышкан.  Эскерте кетсек, 2014-жылы Өзбекстандан жана Казакстандан алынып келген газдар көп көйгөйдү жараткан. Газды алуу Каримовдун жана Назарбаевдин маанайына жараша болгон.  ЖЭБди мына ушундай көз карандысыздыктан кутултуу аракети аны модернизациялоо маселесин жараткан.

 

Балким, 2019-жылы Казакстандын активисти Али Бактыбаевдин белгисиз бирөөлөр тарабынан атылгандыгы кимдир бирөөгө кызыктуу маалымат болоттур. Анын чуулгандуу иши “Жезказганэнергосбыт” менен соттошкону болгон. Бактыбаев “Жезказганэнергосбытты” утуп алып, аталган компаниядан ар кандай тарифте компенсация алган. Бирок, көп өтпөй бул дүйнө менен кош айтышкан.

 

Эмне үчүн Кыргызстанда көмүр кендери жетиштүү болсо да, башка мамлекеттен көмүр сатып алат?

 

Көптөр “Кыргызстан эмне үчүн жетиштүү көмүр кени болсо да, башка мамлекеттерден көмүр сатып алат?”- деп таң калышат. Адистер аны ЖЭБ 50-70-жылдары казак сырёлоруна, башкача айтканда бир гана Шабыркүл кенинин көмүрүнө негизделип курулганы менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Казакстандын көмүрү майлуулугу жогору болгон үчүн ага басым жасалганын айтышат. Баса, ЖЭБдин эки гана жаңыланган казаны жергиликтүү көмүргө ылайыкташыптыр. Башка көмүрлөрдү жагууда кошумча мазут, газ керектелет экен. Адистер ошон үчүн Шабыркүл кенинен чыккан көмүрдөн башка көмүрдү кошулмалары менен жагуу мамлекетке ашыкча чыгымды талап кылат дешет.

 

Көмүрдүн арзаны жаман, кымбаты жакшыбы?

 

Биз эми көмүрдү ташып келүүгө кайрылсак, арзаны жаман, кымбаты жакшы деген маселе жаралат. Бул нерсе Атамбаевдин учурунда эле эмес, ал кызматтан кеткенден кийин да орчундуу маселелерден бири болду. 2018-жылы августтун акырында “Электр станциялары” ишканасы Казакстандан ортомчулук аркылуу көмүр ташыган “Рассвет компани”  менен келишим түзүшкөн. Анткени, тендердин жыйынтыгы менен Абировдун фирмасы утушка ээ болгон. Тендерге 400 миң тонна “д” жана “дг” жана “г” деген маркадагы Казакстандын Шабыркүл кенинен көмүр алып келет деп жазылган. Тендер 2-июлда жарыяланып, 2-августта бүткөн. Бирок, кээ бир  массалык маалымат каражаттары ЖЭБди көмүр менен  камсыздоочу фирма “Евротранс групп”  өзүнүн кызматын бир миллиард 350 миллион сомго баалаган. Ал эми  “Рассвет компани” кызматын 1 миллиард  420 миллион сомго жогору сунуштаганына карабай 100 миллион сом айырма менен “Рассвет компани” утуп алыптыр деп сындап жазып чыгышкан. Бирок, кийинчерээк ЖЭБдеги тендерге көзөмөл кылган “Электр станциялары” акционердик коому  “Евротранс групп” сапаты начар көмүр сунуштаганы үчүн тендерден  утулуп калганын жарыялаган. Башкача айтканда, тендердик комиссиянын мүчөлөрү “Евротранс групп” тендерден жеңгенде 48 миң тонна кошумча чыгымга учураарыбызды айтышкан. Бул көмүрдү пайдаланыш үчүн 25 миллион куб метр газ жагышыбыз керек дешкен. Ал эми келтирилген чыгымдарды толуктоо 520 миллион сомго турган. 70 миллион сом бюджетке күч келип кала турган болгондо “Евротранс групп” фирмасы кине коюштан баш тарткан дешет. 

 

Кандай болгон күндө да эгиз компани деп жээрип, ыгы келсе да, келбесе да сындап жаткан “Прогресс компани” менен “Рассвет компанинин” ташып келген көмүрү сапаттуу болгон. Ошон үчүн тендерде башка компанияларга караганда баасын кымбатыраак көрсөтсө да, талапка жооп бергени үчүн ошол компания ташып келген көмүр жогору бааланган. Анткени, бул компания ташып келген көмүрдүн майлуулугу жогору болгону үчүн кошумча чыгымды талап кылбайт. Ошон үчүн ЖЭБдин ишин, көмүрлөрдүн жаман, жакшысын ажырата билгендер арзан, сапаты начар, кошумча чыгымды талап кылган  көмүрлөргө эмес, майлуулугу жогору, сапаты мыкты көмүрдү сатып алууну колдошот. Анткени, майлуулугу да, сапаты да  жогору көмүрлөр  Кыргызстан үчүн пайда гана болот. Мындай ойду көп жылдан бери ЖЭБди жетектеген Лев Васильев жана башка эксперттер да айтып келишет. Кыскасы, ал калкалайт, бул калкалайт деп сындан башы чыкпаган “Прогресс компани” менен “Рассвет компанинин” ташып келген көмүрү сапаты жагынан алдына эч кимди салбайт. Кайсы бир казак компанияларынын кызыкчылыгын коргоп, Салянованын күйөөсүндөй болуп,  аларга тоскоолдук жаратууну каалагандардын да максаты ишке ашпайт.  Кыскасы, ыксыз каралап, ашыкча дооматтарды койсок да, “Прогресс компани” менен “Рассвет компани” алдына эч кимди салбайт. Анткени, сапат баарынан жогору турарын мезгил өзү далилдеп жатат.

 

 

Жаныбек Калдаров

                                                           

Булак: “Майдан. kg” гезити