Же “Форумдун” медиапрактикасы жөнүндө 

 

Баш прокурордун тапшырмасы неге катуу чоочутту?

Алмаз Атамбаев менен Эдил Байсаловдун экс-президенттин Түркиядагы бизнесин сатуудан түшкөн кирешеси жөнүндөгү бири экинчисин жокко чыгарган чатактарынан улам Башкы прокуратура  аны тастыктап, тактоону УКМКга тапшырды. Бир чоң саясатчы, мурдагы мамлекеттик чиновник экс-президентти кирешелери жөнүндө жасалма документтерди пайдаланып, элди алдап  жаткандыгы тууралуу айыптап чыккандан кийин анын кимисиники  чын экендигин аныктап, элге жеткирүү -   укук коргоо органдарынын, атайын кызматтардын милдети. Бирок, ал тапшырмадан кийин “Форумда” отургандардын стратегдери өзгөчө туталанышып, социалдык тармактар, өздөрү көзөмөлдөгөн бир катар сайттар, “Ачык  саясат”, “Супер инфо” сыяктуу гезиттер, “Апрель”, “7-канал” сыяктуу телеканалдар аркылуу аракеттеги президентти, азыркы бийликти фейктик (бирөөлөрдүн абройлоруна доо кетирген жалган маалыматтарды таркатуу) , троллдук (провокациялык мүнөздө мазактап, шылдыңдап, жалаа жабуу)  ыкмалар аркылуу  шыбоону өзгөчө активдештирип жатышат. Анткени, Эдил Байсалов жадабай кайталап келаткандай, экс-президент Түркиядагы бизнесин өзү кагаздар менен ырастоого аракет кылып жаткандай, 2002-жылы бардыгы болуп 26 млн. доллар киреше алып, кийинки жылы андай сүт көл, май көл болуп турду деген бизнесин 36 млн.  долларга эмес, 27 миң долларга эле саткандыгы, Түркиянын азыркы президенти Реджеп Тайип Эрдоган ага 50 млн.  доллар алууга эч кандай жардам бербегендиги аныкталса, анда ансыз деле эл арасында аброю, таасири калбай бараткан Алмаз Атамбаев сөздүн толук маанисинде  толук саясый банкротко айланып калганы турат. Анын башка жомокторуна эч ким деле ишенбейт. Анда акыркы айларга чейин элден жашырып келген, 19-ноябрда өзүнүн “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда ачыкка чыгарган кирешелери менен чыгашаларын тийиштүү органдардын алдында кааласа, каалабаса да түшүндүрүп бергенге аргасыз болот.

 

Мына ошондон улам экс-президент кол алдындагылары социалдык тармактар, сайттар, жогоруда аталгандагыдай гезиттер, телеканалдар аркылуу аракеттеги президентти фейктик, троллдук ыкмаларда шыбап жаткандыгына канааттанбастан, фейсбукта “Акмарал  акмарал” деген аккаунт ачып алып, эртеден кечке чейинки убактыларын  соцтармактарды чукулоо менен өткөргөн үй кожойкелери, студенттер  менен кайым айтышууда. Өзүн-өзү мактап, атаандашын шыбоодо. Экс-мамлекет башчысынын мына ушундай төмөнкү деңгээлге түшүп кетиши – аянычтуу, өкүндүрөрлүк  көрүнүш.

 

Позициясы начарлап,  катарындагылар азайып баратат

Сегиз жылдан бери экс-президентке саясый технологдук, пиарщиктик кызмат көрсөтүп, Фарид Ниязов менен бирдикте саясый атаандаштарын  каралап, жаманатты  кылуу  боюнча көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган, 2014-жылы “Преломление: события 2010 года в Кыргызстане глазами историка и очевидцев” деген китеп жазып, анда башка убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн салымын жокко чыгарып, Алмаз Атамбаевди алы  жетишинче мактаган Алексей Василивецкийдин жакында Россияга биротоло кеткендиги маалым болду.

 

Анын кетүүсүн КСДПнын штабынын 2017-жылдагы шайлоодогу башкы эсепчиси  Нуржан Сатыгул кызынын  баласы Адилет Сатыгулов менен Индияга чыгып  кеткендиги менен бир өңүттө кароо керек. Анткени, алар экс-президентке байланышкан өтө көп нерселерди билишет. Ошондуктан өзү жөнүндө аябай көп нерселерди билгендер азыркы бийликтегилер менен жакындашып кетип, “мен жөнүндө  билгендеринин бардыгын  ачыкка чыгарып жиберишпесин”- деген ойдо, алардан  убактылуу болсо да өлкөдөн чыгып турууну сурангандыгы кимге деле болбосун белгилүү болуп турат.  Мүмкүн, ал  алардын сапарларын да каржылагандыр. Бул аркылуу ал эки максатка жетишти. Биринчиси, потенциалдуу айгактарды өзүнөн алыстатып салса, экинчиси, алардын чыгып кеткендигин себебин да азыркы бийликтегилерге шылтап, өмүрлөрүнө кокунуч туулгандай көрсөтүүдө.

 

Кыргызстандын Түштүк  Кореядагы мурдагы элчиси Кылыч Султан үчилтиктин (А.Атамбаев, Ф.Ниязов, А.Василивецкий) торпедасынын гана милдетин аткарды. Үчилтиктин  шыкактоосу  енен ал Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин, элчилик  корпусун дүйнө жүзүнө шерменде кылды. Өз миссиясын аткаргандан кийин анын тагдыры  үчилтикти  кенедей да кызыктырбай калды. Адашкан немедей ал ар кайсыл өлкөлөрдө эки айдай темселеп жүргөндөн кийин эми Кыргызстанга келип, аны азыркы бийликтин каматпагандыгына сүйүнүп, эл үчүн кызмат кыларын айтып жүрөт. Бирок, элдин андай саясый маданияты, мекенчилдик сезими, туруктуу позициясы жок,  оргу-баргы, кирди-чыкты кыялы бар неменин кызматына муктаждыгы барбы? Гезитинин полосаларын “Форумга” толук өткөрүп берип, ага алган миллиондогон акчалар менен баюунун үстүндө.

 

20-ноябрда  өткөрүлгөн Элдик  курултайдын жыйынтыктары экс-президент үчүн дагы бир сокку болду. Ал  жердегилердин басымдуу  көпчүлүгүн аракеттеги президентке жан тарткандар катарында айтканга болбойт, алар негизинен сындаганды гана билген, бийлик дегенди апаат катарында элестетишкен көчө саясатчылары. Бирок, алар да бир добуштан экс-президенттин бузуп жаруучулук аракеттерин айыпташып, Сооронбай Жээнбековдун президенттик бир жылын канааттандырарлык деп табышкандыгы - аларда  калыстык, жоопкерчилик   бар экендигин көрсөттү.

 

Ошентип ток этерин айтканда, “Форумдагылар” арам акчаларды актоо үчүн  канчалык  жаалданып, опурулуп-жапырылышпасын, баары  бир алардын позициялары күндөн күнгө начарлап, катарлары бириндеп баратат. Экс-президент акчаларын элди бузуп, жарып, саясый абалды начарлатууга сарптап, өзү кыз-келиндердин атын жамынып алып, үй кожойкелери, студенттер менен соцтармактарда кайым айтышкандын ордуна каржылык мүмкүнчүлүктөрүн, тажрыйбасын - жаратмандык, кайрымдуулук, агартуучулук  иштерге жумшаса, элге көбүрөөк  пайдасын тийгизмек, мүмкүн коррупциялык  иштерге байланышкан күнөөлөрүнүн бир бөлүгүн жуумак.  Бирок, бирок...  бүкүрдүн белин...  дегендей, анын болгон-толгон деңгээли ошол болсо эмне кылабыз?

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg