Тюрьма плачет? 

 

АШАнын бийлигин өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп (бир жагынан бул кызматташуу атамбаевчилер үчүн да өтө пайдалуу болгон), элдин ырыскысын кемиткен олигархтардын көч башында Рахат Ирсалиев тургандыгы анык. Бүгүн Атамбаев баштаган кайсы долбоор болбосун, арам ниеттер менен коштолгону аныкталып, анын тушунда чоң кызматты ээлеген кадрларынын дээрлик баары камалып, жегенин кусуу алдында турушат. Бирок, коррупцияга каршы күрөш жараяны эмнеге Рахат Ирсалиевге жетпей жатканы аликүнчө табышмак. Же бул эргул азыркылардын да тилин таап алдыбы?

 

Маселен, эмнеге Рахат Ирсалиевдин Улуттук гвардияга таандык 1,6 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп, учурда асман тиреген көп кабаттуу имараттарды куруп чардаганы боюнча козголгон кылмыш иши кайрадан тергелбейт? Эсиниздерде болсо, 2013-жылы 29-октябрда парламентте “Кумтөр” маселеси карала баштаганда АШАнын бийлиги бул ишти чаң басып жаткан жеринен алып чыгып, ошо кездеги “Ар-Намыс” фракциясынын лидери Феликс Куловго кылмыш ишин ачып, позициясын өзгөртүүсү үчүн пайдаланган. Кулов жумшаргандан кийин кылмыш иши кайрадан чаң басып, ага эч ким көңүл деле бурбай калган. Эмнеге, Куловго кылмыш иши козголот? Себеби, Улуттук гвардияга таандык 1,6 гектар жер аянтын “Юнис-курулуш” фирмасына өткөзүп берүү боюнча өкмөт токтомуна премьер-министр Ф.Кулов кол койгон болчу. Анын ордуна фирма Улуттук гвардияга казарма, ашкана, медпункт куруп берүүнү моюнга алып, жасаган. “Юнис курулуштун” ээси Рахат Ирсалиев 2007-жылы КСДП партиясынан депутат болуп келген. Ал кезде премьерликке Атамбаев келип калган учур. Бирок, токтомдун ишке ашырылышына ал да жардам бере алган эмес, себеби, бакиевдик бийлик бул жерде коррупция жыттанып турганын айттырбай эле түшүнгөн. Бул жатта териштирүүлөр башталганда Ирсалиев мандатын тапшырып, депутаттыктан кетүүгө аргасыз болгон.

 

Бирок, апрель төңкөрүшү Рахат Ирсалиевдин пландарынын ишке ашышына жол ачты. Атамбаевдин бийлиги 2006-жылдагы токтомду мыйзамдуу деп таап, Ирсалиевге куп гана жол ачылат. Эми ойлоп көрүңүзчү, Бишкектин чок ортосундагы 1,6 гектар аянттын баасы бир казарма, ашкана анан медпункт элеби? Анын базар баасы ондогон миллион долларды түзөт. Мына ушул жерге көп кабаттуу үй, дүкөн, чайхана ж.б. куруп алган Ирсалиевден өткөн көпөс азыр барбы? Бул маселе бир ирет парламентте каралганда көп нерсе ачыкка чыккан. Ирсалиев салган үйдөн “откат” катары ал кездеги ири чиновниктер квартираларды алышкан. Жада калса, бул масле боюнча суроо бере баштаган Мыктыбек Абдылдаевди да: “сиздин да үлүшүңүз бар”- деп сөзгө жыгышканы эсибизде. Анан албетте, бул ири аферага жол ачкан АШАнын бийлиги да жөн калган эмес. Ирсалиевдин иниси Дүйшөн Ирсалиев Атамбаевдин жанынан чыкпай, кай жерге барбасын, коштоп жүргөнү жалганбы?

 

Былтыр Рахат Ирсалиев Чоң-Кеминде кубаттуулугу 3 мегаватка жеткен “Тегирменти-2” кичи ГЭСин ачкан. Анын курулушуна азыр абакта олтурган К.Кулматов жетектеген Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду 12 пайыз үстөк менен 144 миллион сом бөлгөн. Кичи ГЭС чыгарган электр энергиясын “Северэлектро” 1 киловат саатын 4 сом 70 тыйындан сатып алмакчы болгон. Ошондо К.Кулматов менен депутат К.Иманалиев: “Рахат элдин кыйналып турганын сезип, тарифтер ылдый болсо да мындай кымбат обьект курду”- деп макташкан.

 

Рахат Ирсалиев кантип эле өзүнө чыгашалуу ишке барды десек, иттин өлүгү башка жакта көмүлүп жаткан экен. Мамлекетте өндүрүш ишканалар үчүн электр энергиянын баасы 2 сом 40 тыйын. Ирсалиевдин ГЭСинен чыккан светти мамлекет 100 эсе кымбат сатып алып жатат, 4 сом 70 тыйындан. Эмнеге мамлекет Ирсалиевди байытып, калган 2 сом 30 тыйынды төлөп турушу керек? “Северэлектронун” тарткан зыяны баары бир элдин жонуна илинет. Билбей эле Рахаттын курулушка кеткен кредиттен кутулушуна жалпы эл жардам берип жаткан болобуз ошондо. Булар, ооба, “О возобновляемых источниках энергии” мыйзамына шылташы мүмкүн. “Качантан бери кичи ГЭСтер энергиянын бул түрүнө кирип калды?”- деп сураган адам жок. Айырмасын энергетика боюнча эксперттерден сурасаңар, айтып берет. Же Ирсалиев күндөн энергия алган станция курду беле? Бул жерде да Ирсалиев жана ага жардам берген чиновниктер мыйзамды “эл келесоо да, билбейт” деп коюшуп, жеке кызыкчылыгына оодарып, колдонууда.

 

Мына ушуга окшогон афералары үчүн Рахат Ирсалиевди камакка алышса, аны менен кошо дагы канчалаган арты таза эмес чиновниктер жоопко тартылмак... Аны эмнеге эле мынча тайраңдатып, эркелетип олтурушат, түшүнүксүз. Айтмакчы, Аскарбек Шадиевге окшоп качырып ийбегиле!

 

К.Жолборсов

Булак: “Майдан.kg” гезити, №036, 03.10.2018-ж.