Ой-илик 

 

- Жарандык коом Азиз Суракматовдун мэрликке жылдырышына каршы болууда. КСДПнын талапкер жылдырууга моралдык укугу бар беле? Ал кандай мэр болот?

 

Самсаалы Четинбаев, коомдук ишмер:

 

“КСДПдан көрсөтүлүп шайланган эки мер тең коррупцияга шектелип, УКМКнын абагында жатат”

 

- Мэрдин кандидатурасын көрсөтүүгө чындап эле КСДПнын моралдык укугу жок ! Себеби буга чейинки КСДПдан көрсөтүлүп шайланган эки мер тең коррупцияга шектелип УКМКнын абагында жатат. “Мыйзам жол берет” деп эле жуткуна берген болбойт. Бишкектин мэрлик кызматы оңой-олтоң кызмат эмес. Мамлекеттеги эң чоң кызматтардын бири. Мэрлик кызматка ашынган чарбачыл, саясатта да урулуп согулган, өз алдынча иш жүргүзө алган, “бийлик эмне дейт экен?”- деп бийликтин көзүн кылчактап карай бербеген жетекчи келиши абзел. Антпесек шаарыбыз оңолбойт. Биз ошондуктан дүйнөлүк тажрыйбага таянып “шаар мэрин шаар тургундары шайласын” деп бийликтен талап кылып атабыз. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев тарабынан  жазылган  мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда. Кудай буюруп, бул мыйзам долбоору өтүп калса, мындан ары шаардын мэрин шаар тургундары шайлай турган болуп калат. Ошондо кыйындардын кыйыны шаардын мэрлигине ат салышып, шаар тургундарынын элегинен өткөнү шаар мэри болуп кала алат.

 

Самат Аалиев, жарандык активист:

 

“КСДП партиянын аброюнун төмөндүгүн эске алып, мындай мүмкүнчүлүктөн баш, тартышса болмок”

 

- КСДП партиясынын мыйзам жагынан албетте укугу бар, бирок моралдык жагын, партиянын аброюнун төмөндүгүн эске алып мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартышса туура болмок. Ошондой эле шаардык жана айылдык жетекчилерди, ошол аймактын тургундарынын жалпы элдин чечими менен шайлоо убактысы келди десем жаңылбаймын.

 

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

 

“Мэр сабаттуу болуш керек эле”

 

- Жарандык коом КСДПнын укугуна каршы чыккан жок. Жарандык коом:

1. Мэрди жалпы шаар эли шайлаш керек.

2. Мэр сабаттуу болуш керек эле.

3. КСДП мэрди тандаганга моралдык укугунан айрылган,- деп жатышат...,

 

Турсунбай Шарапов, шааркеңеш депутаттыгына экс-талапкер:

 

“Жалгыз талапкер бир топ одоно мыйзам бузуулар менен баратканы коомчулукка белгилүү болуп калды”

 

- Негизи борбор шаарыбыздын башчылыгына көрсөтүлүп жаткан жалгыз талапкер бир топ одоно мыйзам бузуулар менен баратканы коомчулукка белгилүү болуп калды. Эми ушул талапкер шайлоодон өтө турган болсо, анда шаардыктардын нааразычылыгы көп болоору белгилүү. Элдин нааразылыгын эске албай шаардык депутаттар колдоп берсе, анда депутаттарга дагы ишеним жоголот.

 

Улукбек Маматаев, “Ак калпак” саясий партиясынын лидери:

 

“Кеп Суракматовдо эмес, кеп мыйзамда”

 

- Укугу бар, баары мыйзамдуу эле. Кеп Суракматовдо эмес, кеп мыйзамда, шаардык кеңештин депутаттарында. Чындап келгенде күнөө элдин өзүндө, ким акча берсе ошону шайлашат, анан кайра эле кыйкырып чыгышат. Ал эми депутаттар элдин сабатсыздыгынан колдонушат. Ошон үчүн биз шайлоо системасын өзгөртүшүбүз керек, өзгөртмөйүнчө бул көрүнүш бүтпөйт.

 

Алга Кылычов, коомдук ишмер:

 

“Кененбаев Алмаздын кафе, ресторанында кабыл алынган чечим - бүтүндөй КСДП партиясынын чечими дегенге жатпайт”

 

- Биринчиден, КСДП менен макулдашылганын билбейт экем. Бир жалгыз Кененбаев Алмаздын кайсы бир кафе ресторанында калян чегип бильярд ойноп, үч төрт адамдын чечими менен чечилген чечим - бүтүндөй КСДП партиясынын чечими деген чындыкка коошпойт. Мен ишенимдүү айта алам. Катардагы жөнөкөй партия мүчөлөрү Суракматовдун кандидатурасына каршы көз карашта. Бишкек шаарынын шаардык кеңешинин депутаттары А.Ибраимовду кызматтан кетирип, космостук ылдамдык менен Суракматовду эмне себептен шаар башчылыгына койгулары келип жатканынын сыры билинди окшойт. Кээ бир массалык маалыматтарда айтылгандай, А.Ибраимов бир ууч депутаттарга моюн берген эмес. Алар кызыкчылыктарын каалагандай жүргүзө алышкан эмес деп айтылууда. Угушума караганда кээ бир депутаттарды ашатып сөгүп койчу. Эми тоскоолдукту алышып, каалагандай чартаңбай тебишип Бишкекти каалагандай калчагылары келишүүдө.

 

Шайырбек Маматокторов, медиа-эксперт:

 

“Суракматовду акча жегенин ким көрдү?”

 

- КСДП эле эмес, ар бир фракциянын шаар башчы кызматына талапкер көрсөтүү укугу бар. Андан сырткары, өкмөт башчысында да талапкер көрсөтүү укугу бар. Ал эми жарандык коом Суракматовдун талапкерлигине каршы болуп жатканы деле демократиянын бир көрсөткүчү. Алардын нааразычылыгы болгону талапкердин курулуш тармагына тийешелүү экендигине байланыштуу болуп жатат окшойт. Бирок, ошол эле адамдар талапкер Суракматовдун эмгек тажрыйбасына көз жүгүртүп коюшса болмок. Ошондо алар көрүшмөк, шаардын көйгөйлөрүн билген адам экенин. Себеби, архитектура тармагында иштеген, шаардык кеңештин депутаты болуптур. Андан кийин шаардык кеңештин төрагасы да болгон. Ал эми 2010-жылы Жогорку Кеңешке депутат болгон талапкердин эмнесине нааразы болушат? Же, башкалардай болуп, мэр болгондон кийин курулуш ишканасын же башка ишканаларды акча жасаганбы? Сын пикир айтуунун деле чеги болуш керек. Ал эми нааразы тараптын талапкери катталбай калса эле катталган талапкерге ачыла бериш керекпи? Мен деле Суракматов жалгыз талапкер болуусуна сын көз караштамын. Бирок, башка талапкерлерди шаардык кеңеш же премьер-министр колдобосо не кылмак элек? Демек, ал талапкерлер күн эрте шаардык кеңештин фракциялары менен саясий сүйлөшүү жүргүзө алышкан эмес. Анын үстүнө, шаар башчысын эл тандасын деп жатышат. Мен бул идеяны толук колдойм. Бирок, ал мыйзам азыр болгону коомдук талкууда. Ал эми БШК мыйзамга ылайык ваканттык орунга 10 күн ичинде шайлоо жарыялоосу керек. Эң кызыгы, эгер өз мөөнөтүндө шайлоо жарыялабаса ошол эле активисттер мыйзамды бузуп жатат деп айкырышмак. Ал эми шаар болсо көп нерселерден кечигип жатат. Жолдордун ремонту бүтө элек. Кышка даярдык, мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы, айрыкча жүргүнчү ташуучу транспорттун баш аламандыктары ж.б.у.с маселелер толтура. Ошондуктан, шаар башчысын мыйзамдуу мөөнөттө жана ирээтте өткөрүшүбүз керек.

 

Адил Турдукулов, жарандык активист:

 

“Биздин нааразычылыгыбыз шаардык кеңешке байланыштуу”

 

- Биздин нааразычылыгыбыз жеке Суракматовго байланыштуу эмес, дооматыбыз шаардык кеңешке байланыштуу, анткени алар шаардын жашоочулардын оюна колун шилтеп, Ак үйдөн түшүп жаткан талапкерди сүйрөп жатканында. Элдин добушу менен шайланган мэр Ошто болобу же Бишкекте болобу, сөзсүз түрдө президенттен кийин, керек болсо кээ бир учурда президенттен өйдө турган жана эч кимге көз каранды эмес, кыргыз мамлекетиндеги экинчи саясий фигура болуп калат. Ошондуктан менин оюмча бийлик буга жол бербейт.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg гезити, №29 (366), 08.08.2018-ж.