Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги куугунтуктар жана коррупция боюнча өлкө жетекчилерине кайрылуу 

 

                                                                                Кыргыз Республикасынын Президенти

                                                                                   Жээнбеков Сооронбай Шариповичке, 

 

                                                                      Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

                                                                          М.Абылгазиевке,

 

                                                                         Кыргыз Республикасынын

Башкы прокурору

                                                                           Ө.Жамшитовго,

 

                                                                                            Кыргыз Республикасынын

                                                                                  Жогорку Кеңешинин депутаттарына

 

Кайрылуу

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Урматтуу мамлекетибиздин жетекчилери, эл өкүлдөрү!

 

Жалал-Абад мамлекеттик университети өлкөбүздөгү тарыхы узун окуу жайлардын бири. Быйыл анын 95 жылдык мааракеси белгиленди. Өкүнүчтүүсү, мына ушул маараке коштогон жылда университеттин жамааты ректор Кеңешбек Усеновдун адамгерчилик чектен чыккан жоруктарынын айынан таркап кетүү коркунучуна кептелди. Жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Шарипович алгачкы кадамдары менен бизди көптөн бери ойлондуруп жүргөн маселелерди чечүүгө бел байлаганы кайрадан жүрөгүбүздө үмүт жандырды. Анткени, адилеттүүлүк, акыйкаттуулук арабызда жашабай калганына көп болду, ушул багыттагы, андан да маанилүүсү, корупцияны ооздуктоо багытындагы мамлекет башчыбыздын аракеттерин ошондуктан бардыгыбыз колдойбуз!

 

Биз бул кайрылууну биринчи кезекте ректор Кеңешбек Усеновдун өзүм билемдик саясатын токтотуу үмүтү менен сиздерге жолдоп олтурабыз. Ректордун артынан көптөн бери жакшы эмес кептер айтылып келет, анын коррупциялык иштери басма сөздө кеңири жазылды. Бирок, укук-тартип органдарынан алынган маалыматтар жарыяланып кеткенин ректор К.Усенов ынтымагы бекем эмгек жамааттан көрүп, жактырбаган адамдарды бирден чакырып, “кетирип тазалайм”,“түбүңө жетем”, “сотко берем”  өңдүү коркутууларды көбөйткөндүктөн, бизде тээ 37-жылдагыдай заман өкүм сүрүүдө. Негизи, өз көлөкөсүнөн өзү корккон жетекчи гана мындай пастыкка барат. Таза, булганбаган адам болсо, анда эмне үчүн актыгын башка жерден барып далилдебейт? Университет ичиндеги былыктарын бизди коркутуп жаап-жашыра албайт! Биз айтпасак да, өздөрүн жаңы муундун жаштары сезген студенттер эле айтып чыгат.

 

Биздеги башаламандыктын баары ЖАМУда ректорлук шайлоо акыйкат өткөрүлгөнү менен жалпы жамааттын укугу тебеленип, шайлоодон экинчи орунду алган К.Усеновду ректор кылып жөнөтүп коюшканда башталган. Мында кантип эмгек жамаат ыдырабайт? Утулган адам келип жатса. Ректорго сын айткандарга ал: “мен шайлоодон өтүп беш жылга шайланып келгем, мени эч ким беш жылга чейин ала албайт. Арыздансаңар жогору жактагылар кайра эле тагдырыңарды чечүүнү мага жиберишет”,- деп коркутат. Акыркы кездери “ЖАМУнун 95 жылдык юбилейин өткөрүп алайын, тазалап жок кылып, анан иштейм”,- деп айтканына тынчсызданчу болдук. Маараке өттү. Эми сөзүндө туруп “чисткасын” баштаса, бул жакта иштей турган бирөө калабы? Айта кетүүчү нерсе, тийиштүү органдар 95 жылдыкка карата ЖАМУда канча акчалар максатсыз чачылганын текшерип чыгышы керек. Мааракени өткөрүүдө профессордук-окутуучулар курамы өз чөнтөгүнөн, конокторду кимдер чакырса ар бир факультет, кафедралар өздөрү сыйлап, мейманкана ж.б. маселесин төлөп бергени кайсы акылга сыят? Ооба муну айтууга болбойт, анткени, учурда ректор К.Усеновго жакын 4-5 аял гана университетти башкарып, ошолордун айтканы-айткан, дегени-деген болуп, аларга кокус жакпай калгандар куугунтукка кабылат.

 

Андан тышкары:

 

1. Кеңешбек Усеновго ЖАМУнун проректору болуп иштеп турган мезгилде тууганы Г.Ахматовду үч ставка жумушка кабыл алып, буйрук чыгартып, кылмыш иши козголгон болчу. Мыйзамсыз айлык акы катары төлөнүп кеткен 70550 сомду мамлекетке ким кайтарат?

 

2. Буга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги орун алган “Таза Коом” программасынын талаптарына ылайык келбеген коррупциялык схемаларды жана фактыларды белгилеп, көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактыларын текшерүү үчүн республикалык деңгээлде мекемелер аралык комиссия келип, К.Ж.Усеновдун өкмөттүн 27.05.2011-ж. № 256 токтомун аткарбастан ЖАМУга окууга келген чет-өлкөлүк студенттердин окуу акысын толук кассага түшүртпөгөнүн аныктаган. Жалпысынан 31 837 300 (отуз бир миллион сегиз жүз отуз жети мин үч жүз) сомду түшүргөн эмес. Жобо боюнча контракттык негиздеги студентке катталуу буйругу окуу акысын төлөгөндөн кийин чыгышы керек. Студент менен ЖАМУнун ортосунда түзүлгөн Келишимде да көрсөтүлгөн 2.1.12 пункту бюонча “Предоставлять ЖАГУ следуюүие документы для зачисления: Квитанция о годовой оплате за обучения в ЖАГУ....”.   Бирок бул студенттерди бир жыл окутуп, сессиясын бүтүргөнгө уруксат берип, 2017-жылдын 5-июлунан практикага Индия мамлекетине кетирип, прокуратура текшерип келгенден кийин 2017-жылдын 8-июлунда аргасыздан окуу жайдан чыгарган. Практикага кеткен чет элдик студенттер окуу жайдан чыкканы тууралуу кабардар болушкан эмес.

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызмат адамдарына карата 2017-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-ст. 2-б., 171-ст. 4-б. 2-п. Жана 315-ст. 1-б., 350-ст. 5-б. көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен 172-17-38 сандуу жана жазык иштери боюнча прокуратура иш козгоп жатса, прокуратуранын  улук прокурору Н.Турганбаев гербовой (фирменный) бланкага эмес же мөөрү жок кагазга жазып чыгарган тактамасында К.Усенов таптаза иштеген адам катары белгилгени эки ача пикирди жаратат. Улук прокурор Н.Турганбаев 2017-жылдын 31-июнундагы тактамасы менен ректор К.Усеновду таптаза деп (23-24-беттерде) Жалал-Абад областынын прокурорунун орун басары Р.Нурмаматовдун прокуратуранын гербовой (фирменный) бланкасы менен жазылган 30-июнь 2017-жылдагы  Түштүк регионалдык “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловго “Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызмат адамдарына карата 2017-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-ст. 2-б., 171-ст. 4-б. 2-п. жана315-ст. 1-б., 350-ст. 5-б. көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен 172-17-38 сандуу  кылмыш иши козголгонун билдиремин” –деп жөнөткөн билдирүүсүн улук прокурор Н.Турганбаев таптакыр жокко чыгардыбы? Улук прокурор Н.Турганбаев гана жалгыз ушул чуулгандуу ишке чекит коө алабы? Анын чыгарып берген бул тактамасын ректор К.Усенов ар кайсы жерге көрсөтүп, актанып жүрөт.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Д.Сагынбаев 20-сентябрь 2017-жылы жогорудагы прокурордун орун басары Р. Нурмаматовдун иш козголгон билдирүүсүн кошумча тактап,  Түштүк регионалдык “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловго  прокуратуранын козгогон иштери КР ӨК караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан ыкчам иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдирген маалымат жиберет. 

 

4. 2017-жылдын 9-октябрында прокуратуранын улук прокурору Н.Тургунбаев гербовой (фирменный) бланкада эмес же мөөрү жок жазган тактамасында чет элдик студенттердин окуу акысын убагында төлөгөн эмес деген Түштүк регионалдык “Ош-Аудит”ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин дооматы өз ордун тапкан жок деп тактаган. Улук прокурор  Н.Тургунбаевдин бул чечими жалгыз К.Усенов үчүн чыкканбы? Ушул чечимди колуна алып алып К.Усенов көрүнгөн эшикти каккылап жүргөнүнө жол болсун.  Анда төмөнкү фактылар эмне болот?

 

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жыл 13-февралдагы №20\2 буйругу менен келген Ведомостволор аралык комиссия Түштүк регионалдык “Ош-Аудит”ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин 31 747300 сом (жетимиш бир миллион жети жүз кырк жети миң үч жүз сом) төлөнбөгөн фактысы боюнча карап чыгышып, чет элдик студенттердин окуу акысынын кечиктирилип төлөнгөнүн конкреттүү аныктаган. Бүгүнкү күндө деле окуу акысы  төлөнбөй жатканы уланып, төлөнгөн сумма болгону 5,2% экенин белгилешкен. “Университеттин берген маалыматтары боюнча 2016-2017-окуу жылында Медициналык факультетинин 565 чет элдик студенттеринин төлөмдөрү 43679700,0 сом түзгөн, төмөндөгү жолдор менен төлөнгөн: 2017-жылдын мартында – 791700, 0 сом (5 ай кечиктирилген); 2017-жылдын апрелинде – 9030000,0 сос (3 ай кечиктирилген); 2017-жылдын июлунда – 22 0000,0 сом (9 ай кечиктирилген); 2017-жылдын октябрында – 10118085,0 сом (8 айдан-12 айга кечиктирилген), 2018-жылдын 1-февралына карата Индия мамлекетинин студенттеринин окуу төлөмдөрү үчүн болгон карызы 2243200,0 сомду түзгөн. 2017-2018 окуу жылында студенттердин окуу акысын төлөө боюнча кырдаал уланууда. 2017-2018 окуу жылына жалпы 70151400,0 (841 студент) өлчөмүндө эсептелинген, 2018-жылдын 1-февралына жалпы төлөмдөн 3686693,0 сом же 5,2% төлөнгөн. 2017-жылдын 8-июлундагы ЖАМУнун №5\333 буйруктарынын негизинде окуу акысын (жалпы 10898553,0сом) төлөбөгөндүгү үчүн 196 студент окуу жайдан чыгарылган.

 

Учурда өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан ыкчам иликтөө жүргүзүлүп жатканы айтылууда. Бирок, улук прокурор Н.Тургунбаев гербовой (фирменный) бланкада эмес же мөөрү жок, “чет элдик студенттердин окуу акысын убагында төлөгөн эмес” деген Түштүк регионалдык “Ош-Аудит”ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин дооматы өз ордун тапкан жок”,- деп алдын-ала эле тактама чыгарып, К.Усеновду калкалап жатат.

 

6. 2017-жылдын 24-июнунда прокуратура жасалма дипломдор боюнча кылмыш ишин ачкан эле. Мына ошол жасалма дипломдордо Усеновдун колу коюлганы айтылууда. Бул иштин да чоо-жайын коомчулук билиши керек.

 

7. 2016-жылы Билим берүү министрлиги тарабынан келген текшерүүдө ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору К.Усеновдун проректорлук кызматка  отургандагы  буйругу жок болуп чыкканы айтылган, ошол эле көрүнүш кайрадан 2018-жылдын 14-февралында Билим Берүү министрлигинен келген Ведомостволор аралык комиссия тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө  К.Усеновдун 2009-жылдан бери ЖАМУда окуу иштери боюнча проректор болуп иштегени жөнүндөгү буйругу жок болуп чыкканы аныкталган.

 

8. Ректорлук кызматка отургандагы алгачкы чыгарган чечимдеринин биринде - бир дагы студенти жок ачылган Конфуций институтуна  2016-жылдын 22-декабрындагы №1\394 буйругунун негизинде филология факультетинин Кыргыз тили кафедрасынын доценти М.Шакирова Конфуций институтунун директору болуп дайындалып, институт ачылгандан ушул күнгө чейин эч кандай студенттерди кабыл албагандыгына карабастан, 2017-жылдын январь айынан июнь айына чейин 73 225 сом, ошол эле институттун адиси У.Омурзаковага 18 937 сом, жалпы 92 162 сом мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөнү боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон болчу. Анын да эбин таап жаптырып койгон.

 

9. Кеңешбек Усенов көрүнгөн жерде: “окутуучуларга 13-эмгек акыны бердим, эмгек акыларын 50% көтөрдүм”,- деп мактанат. Чынында, мурунку ректор убагында алган эмгек акы азайып кеткен. Ал да убагында берилбей, кечиктирилет. “13-эмгек акы” катары 3-4 миңден гана акча берсе айлык болуп эсептелеби?

 

10. Акыркы убактарда ЖАМУда плансыз жасалып жаткан иштердин бардыгына канча акча каражаты сарпталып, каражат булактары кайдан алынып, курулуш иштерине керектүү материалдар кантип сатылып алынганын, алар мыйзам чегинде орундуу жумшалганын жана бүткөрүлгөн Футбол аянтчасы стандартка туура келээрин билгибиз келет. А биздин билишибизче Кытай тарап менен түзүлгөн келишим боюнча университеттин ремонт иштерине сарпталуучу каржыга 12 млн. сом бөлүнгөн. Мындан сырткары ректор К.Усеновдун кытайга барып келгени жөнүндөгү маалыматында Конфуций институтуна кытай тараптан 40 миң доллар ремонт иштерине алып келишкенин билдирген. Ал эми ЖАМУнун 95 жылдыгына карата жүргүзүлгөн ремонт иштерине   университеттин эсебинен каржыланды деген маалыматын юбилей өткөрүлгөндөн  кийин жалпы жамаатка өз сөзүндө билдирди.

 

11. Педагогика факультетиндеги биринчи кабаттагы кызматкерлер үчүн капремонттон өткөн даараткана жакшы иштебейт. ЖАМУнун бардык сатып алуу жумуштарын жүргүзүп жаткан тендердик комиссиянын иш аракетин ким текшерет? Эмне үчүн жаңы эмеректер сатылып алынбай калды? 2 жылдан бери ЖАМУнун окуу процессин жүргүзүү үчүн керектелүүчү кагаз ж.б. керектүү нерселер эмне үчүн алынбай калды? Кафедралардагы принтер, көчүрмө техкаражаттарына боёк куюп иштетүү үчүн окутуучулар айына ортодон акча жыйнап иштеткени кандай?

 

12. ЖАМУнун бардык корпустарындагы ашканаларды иштетүү үчүн тендерди бир адам гана  (ректордун жээни) утуп жатат.

 

13. Жалал-Абад финполунун тергөөчүсү Т.Баев буга чейин ЖАМУдагы мыйзам бузуулар алкагында козголгон № 172-17-38 сандуу кылмыш ишин негизсиз токтотуп салган (кийин кайра жанданган). Көрсө ал ЖАМУнун алдындагы Жалал-Абад колледжинин укук адистигинин окутуучусу болуп 2017-жылга чейин иштеген экен. Бул жерде Баевдин да жоопкерчилиги каралышы шарт.

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

 

Урматтуу мамлекетибиздин жетекчилери, эл өкүлдөрү!

 

Биз сиздердин келишиниздер менен коомдо жакшы өзгөрүүлөр байкалганын чын ниетибиз менен колдойбуз. Айрыкча, Сооронбай Шариповичтин: “Эл башкарам дегендер эң биринчи кезекте өзү таза болуш керек. Антпесе коррупцияны жеңүү татаал болот. Укук коргоо органдарында, сот системасында, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында да коррупцияга каршы күрөш токтобойт, күчөйт. Бардык бийлик бутактарында күчөйт, өзгөчө элге кызмат көрсөткөн мамлекеттик структураларда. Азыр мына процесс кетти - мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу - эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет, антпесе коррупцияны жеңе албайбыз”,- деп айтканы жүрөгүбүздү жылытып, үмүт шооласын чачты. Демек, Кеңешбек Усенов сындуу таза эмес иштеген жетекчилерге сиздин тушунузда, урматтуу Сооронбай Шарипович, орун жок! Дал ошондуктан, биринчи кезекте урматтуу ажо Сизден, андан кийин  Өкмөт башчысынан, Башкы прокурордон, эл өкүлдөрүнөн суранабыз: Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги башаламандыктарды токтотуп бериңиздер! Болбосо, окуу жайдын келечеги коркунучта!

 

Сиздерди урматтоо менен,

ЖАМУнун мурунку-азыркы кызматкерлери

(Аты-жөнүбүздү ачык жазуудан корктук, ансыз деле ректордун куугунтугу катуу болууда)

 

Булак: “Фабула” газетасы