Кочкордогу ызы-чуунун уландысы 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш.Жээнбековго

 

 

Ак үйдүн каттар бөлүмү өлкө башчысына багышталган каттарды президент өзү карап, таанышып, кол коюп, текшерүүгө жөнөтөөрүн айтып келет, бул чын болсо, жакшы көрүнүш. Анткен менен, текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен “баланча чиновник кызматтан кетип, түкүнчө соттор соттолуптур” деген сөздөрдү угуп, көрө элекпиз.

           

Жалпы-жонунан, абал Атамбаевдин заманындай эле, эч нерсе өзгөрө элек. Мисалы, мен үстүбүздөгү жылдын январь айынын 17-числосунда президент менен башпрокурорго кайрылдым эле. Белгиленген тартип боюнча менин арызым ОП\81 деген номур менен катталып, Башкы прокуратурага жөнөтүлүптүр. Ал жерден Р.Абдрахман деген прокурор экөөбүз мыйзамдын 20 жерден бузулганын көрүп, билип, окуп туруп, чындыкка туура келбеген чечим чыгарышкан 7 судьяны маашырлана сөктүк дагы, таркап кеттик. Ошентип, мен “чын эле заман өзгөрүлгөнбү?”- деп аябай сүйүндүм. Бирок, менин бул сүйүнүчүм көпкө узабады.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Башкы прокуратаранын башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаев кол койгон менин кайрылуума жооп алдым. Ал жоопто Р.Абдрахман экөөбүз талкуулаган, менин арызымдагы көрсөтүлгөн 20 жерден  мыйзам бузуулар жөнүндө сөз да жок. Алар өз жоопторун “соттордун чечими акыркы болот, аны аткарыш керек”- деп жазышкан. Мен Башкы прокуратурага барып, Р.Абдрахман менен жолугуп, андан “соттор сени өзүң салган үйүңдү “Рамановго бекер эле бересиң” десе үйүңдү мага бересиңби?”- десем, “беремин” деп жооп берди. Урматтуу президент, соттор ак эмгегиң менен салып алган үйүңдү “Алмазбек Атамбаевке жөн эле бересиң” десе үйүңдөн чыгып берет белеңиз, мисалы сиз? Бербесеңиз керек.

 

Башкы прокуратуранын биз сөз кылган кызматкерлери такыр эле тантыган немелер окшойт. Себеби, алар минтип жазышат: “Кочкордогу айыл өкмөтү менен Ш.Солтонкуловдун ортосунда С.Касымов тарабынан муниципалдык жер участогуна мыйзамсыз салынган “Кенч” соода борбору буздурулган”. Урматтуу президент, жогоруда Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин жазган жоопторунан Сиз бирдеме түшүндүңүзбү? Мен түшүнгөн жокмун.

 

Алар сатылган сабатсыз сотторду калкалайбыз деп атышат, өздөрүнүн чулгоолоруна өздөрү чалынып калышкандай. Эки сөздүн башын кошуп жаза албаган дардестердин мамлекеттин башкы көзөмөл органында отурушу Кыргызстан деген мамлекетте, ахвалдын өтө оор экендигинен кабар берет.

 

Сооронбай иним, мен убагында Атамбаевке жаздым эле: “Жетекчилик кызматтарга, директор, аким, губернаторлорду базарда алма сатып отурушкан соодагерлерден же шеф поварлардан дайындай берсең, мен макулмун. Бирок, адистерди мындай кыла көрбө”,- деп. Кейпи Атамбаев мени уккан эмес окшойт, өз атын тыңдап жаза албаган эргулдардын сот болуп, эки ооз сөздү кошуп жаза албаган жогорудагыдай дардес сымалдардын Башкы прокуратурада иштеши, бул Кыргыз Мамлекетинин жоголуп бара жаткандыгы. Эң негизгиси Башкы прокуратурадагылар менин жазган арызымдагы бир дагы талаптарды аткарышкан эмес. Мен койгон талаптардын ар бирин өз өзүнчө талдап, туурасын туура деп, туура эмесин “ката” деп, жооп берүүлөрү керек эле. Бул мыйзам, мыйзамдын талабы. Муну биз кызмат адамдарынын ээлеген ордуларына туура келбегендиги же атайлап фактыны бурмалап, күнөөлүүлөрдү кызмат абалынан пайдаланып куткаруу деп айтабыз. Мунусу үчүн жогорудагы аты аталган Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү түрмөгө камалышы керек. Мындай адамдардын орду Башкы прокуратуранын креслосунда эмес, түрмөнүн нарында болбосо Сооронбай Шарипович, Кыргызстандын иши дегеле оңолбойт.

 

Мындан ары прокурорлор минтип жазышат: “Кыргыз Республикасынын Коснтитуциясынын 96-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт экендигин түшүндүрөбүз”. Бул мыйзам. Буга мен да макулмун. Соттордун чечимдерине сөзсүз баш ийүү керек, эгерде ал чындыкка туура, мыйзамга ылайыктуу чыгарылса. Мен адаммын. Бул статус мага ой жүгүртүүгө, талдоого, мыйзамга баш ийүүгө же баш ийбөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мен соттордун чечимине макул эмесмин, эгерде алар мыйзамдын 20 жерден бузулганын көрүп, билип, окуп туруп, мыйзам бузулган эмес деп мыйзамга каршы чечим кабыл алышса. Сиз кандай дейсиз, Сооронбай Шарипович! Эгерде соттор үйүңүздү бир болбогон эле шылтоолор менен алып койсо, же буздурса макул боло бересизби? Макул болбосоңуз керек. Ал эми Сооронбай иним, азыр Кыргызстандын ар бир жаранынын үйү - сиздин үй. Мына ошол ар бир үйдү коргой алсаңыз гана сиз “Кыргызстандын Президентимин” деп айта аласыз. Эгерде, мамлекет берген бийликти жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, бирөөнүн мал-мүлкүн тартып алып жаткан, же болбосо жөн эле жиндичилик кылып, бирөөнү мазактап, мыйзамдуу эле курулган курулуштарды болбогон эле майда-чүйдө шылтоолор менен буздуруп жаткан чиновниктер менен сотторду түрмөгө отургузбасак, мындай президенттин, мамлекеттин кимге кереги бар?!

 

Эмесе Сооронбай Шарипович! Окуяны башынан угуп туруңуз. Окуянын каарманы Солтонкулов Шумкар Кочкор айылынын чок ортосунда турат. Базарга ылайык болгондуктан, атасынан калган там менен өзү салган үйлөрдү бузуп, базар салат. Базар салыш үчүн банктан кредит алат, арендаторлорду чакырат. Базардын эн негизги жерине, бурчуна чоңураак жеңил желпи дүкөн салууга арендатор болуп, Касымов Съездбек келет. Солтонкуловдор менен Касымовдор 2015-жылдын 1-январында 1 жылга келишим түзүшүп, кучакташышат. 1 жыл өтөт, 1,5 жыл өтөт, Касымов Съездбек жер ээсинин баласы Керим менен сүйлөшкүсү келбейт. Бир күнү Съездбек Керимге: “Дүкөн салынган жерди айыл өкмөтү мага берди, так что “мага аренда төлө” деп менин башымды оорутпа”,- дейт. Керим атасынын жайлоодон келишин күтөт. Ошентип келишим мөөнөтүнөн 8 ай өткөндөн кийин сот башталат. Эреже боюнча бул ишти баякы киши өлтүргүч Батукаевди түрмөдөн куткарган Нарын райондор аралык экономикалык  иштерди караган судья Эрматов карай баштайт. Эрматов болбогон эле себептер менен сотту 6 айга созуп, Солтонкуловдордун адвокаты болуп мен Нарынга барганда баштады. Соттун экинчи отурумунда күбө катары өтүп жаткан Кочкор айылдык өкмөтү жылаан чакпай, жылкы теппей эле Солтонкуловко доо арыз менен кайрылды. Эмне себептен? Көрсө  Кочкор айылдык өкмөтү Солтонкуловко 2,6 сотых жерди арендага берип жатканда гезитке жарнама берилбей, атаандашуу болбой калыптыр. Буга 6 класс билими бар айылдык кеңештин кенже кызматкеринин акылы жестпестигин кимге болсо деле түшүнүктүү го. Кеп судья Эрматовдун кулкунунда болуп жатпайбы, “түшүнүгү начар” ишкерди судьянын “намегун” түшүнбөй, судьяга пара бербегендиги үчүн мамлекетте болуп жаткан бардактан пайдаланып, жазалоо экендигин ким деле болсо түшүнүп жаткандыр. Сот, айыл өкмөтү, мыйзамды көзгө илбей эмне үчүн кутуруп кетишти деген суроо туулат. Булар жөн эле өздөрүнчө кутуруп кете алышпайт эле. Буга себеп болуш керек. Жакшылап ой жүгүртсөк, судьялар бийликтин айтканына чыкпайт, ошол эле кезде бийлик да алардын арам иштерине көз жумуп турат. Буга далилдер бар. Чейрек кылымдан ашык мезгилдин ичинде Кыргызстанда бир дагы судья туура эмес чечим чыгаргандыгы үчүн жоопко тартылбаптыр. Кыргызстандыктардын 90%тен ашыгы судьяларга нааразы болуп жүрүшсө, бир да судья жоопко тартылбаса, кыргызстандыктарды маңкурт дебейбизби же? Ал эми чиновниктер эмне кылып жатат. Мисалы биз сөз кылып жаткан Кочкор айыл өкмөтүн алалы. Булар эмне мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп чыр чыгарыштыбы? Кайсы жинди болсо да айтат, Кочкор айыл өкмөтү менен соттор мамлекеттин эмес, өз кызыкчылыктары үчүн жанталашууда. Сооронбай иним, чынын айтканда, Кыргызстанда мамлекеттин, элдин, мыйзамдын кызыкчылыгын көздөгөн чиновникти, сотту күндүзү шам чырак менен издесең да таба албайсың. Муну жашырганда эмне. Бул жумурай журтка маалым болуп бүттү го. Кочкордогу комокту буздургандан кимге пайда болду. Кочкор айыл өкмөтүнөбү? Элгеби? Менимче мындан зыяндан башка пайда болгон жок. Ал эми Солтонкулов болсо жыйган акчасына айылдагы салынган базарын кеңейтип, пландап жүргөн кичирээк айыл-чарба продуктуларын кайра иштетүүчү цехин эми Кочкорго курбай калды. Ал акчаларын Америкада жүргөн уулуна Нью-Йорктон бир кичирээк цех ачып, иштеткенге жөнөтүүдө. Уккан көргөнүмө караганда чет жактарда жүрүшкөн көптөгөн кыргыздар ал жактарда өздөрүнүн ишканаларын ачышып, Кыргызстанга кайтып келүүгө ойлору да жоктой.

 

Андан көрө бул туңгуюктан чыгууну ойлонолу. Жакында Ак-Кула ат майданы боюнча Бишкек шаардык сотунда соттук териштирүүлөр болду. Бир эки мисал. Ал жерде жаалданган тараптар “Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы Бекбаева эмне үчүн бизди катыштырбай эле бул ишти карап койгон” дешип чуулдашса, шаардык соттун ишти карап жаткан судьялары дооматчыларды “Силер эмне деп атасыңар, судья Бекбаева бул жерде “ипподромчулар чакырылса дагы сотко келген жок” деп жазып жатпайбы” дешип ачуулары келишет. Анда беркилер “Кана бизге жиберилген чакыруу кагаздарынын дүмүрчөктөрүн көргөзгүлөчү” дешет.  Шаардык соттун судьялары соттун иш кагаздарын аңтарып, төңкөрүп, чакыруу кагаздарынын дүмүрчөктөрүн таппай коюшту. Демек, Бишкек шаардык райондор аралык экономикалык иштерди караган сотунун судьясы Бекбаева кылмышка барган. Ал эми шаардык соттун коллегиясы жок дегенде судья Бекбаеванын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого ошол эле сотко жиберүүлөрү керек болчу. Себеби, мыйзамдын талабы боюнча, ишти карап жаткан судья эки жактын тең дооматтары менен далилдерин сөзсүз угуп, талкуулап, анан чечим чыгаруулары керек. Бирок, шаардык соттун бул коллегиясы коз боочу судья Бекбаеванын мыйзамсыз чечимин колдоп жатпайбы.

 

Ушул эле дейсиңерби, шаардык соттун коллегиясы (Алыбаев, Албанова, Исабаев) ушул эле Ак-Кула ат майданына тийиштүү башка бир ишти карап жатканда акылга сыйбаган бир иш болду. Кезектеги соттук отурумда жарыш сөз бүтсө дагы ишти карап жаткан, жогоруда аты аталышкан судьялар: “сот отуруму кийинкиге калтырылат, себеби бүгүн келбей калгандары бар, алардын да сөзүң угалы” дешти. Белгиленген күнү сотко келдик. Бир кезде судьялар залга кирип келишип эле соттун чечимин окуй баштады. Оозубуз ачылып эле калыптыр. Биз оозубузду жапканча төрага соттун чечимин окуп бүттү дагы залдан бизди кууп чыкты.

 

Ишенесизби Сооронбай иним? Ошондон бери менде оозумду жапканга шайым жок. Сен өзүң келип жардам кылбасаң болчудай эмес. Биз муну менен “Кыргызстандын иши бүттү” деп эле мамлекеттин ишин жыйнаштыра берсек болот. Себеби жогорудагы соттордун кылганы бул мыйзамга, сот иштерин жүргүзүүнүн эрежелерине, өзгөчө жаңы шайланган Президенттин бетине түкүргөндүк. Мындай акмакчылык дүйнө жүзүнүн бир да башка мамлекеттеринде боло элек. Соттор эмне үчүн мынчалык  кутуруп кетишти? Ак үйгө көчүгүн такап алган судьялар асмандагы кудайды Кудай дебей, жердеги адамдарды адам дебей, мыйзамды мыйзам дебей калышты. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт, Сооронбай иним.

 

Кыргызстандын мурдагы эки премьер-министрлери Кулов менен Бабанов толгон токой элдин алдында чыгып алышып, “судьяларды Америкадан же Англиядан алып келели” деп шолоктоп ыйлашкандарын унута элек болсоңуз керек. Акылдуу жана амалдуу эң мыкты билим алышкан, мамлекетти башкарууга белсенип калышкан  эр азаматтардын мындай өто оор чечимге келиши бекеринен болбосо керек. Сооронбай иним, булардын тилин албаңыз. Сотторду эки жактан алып келгенге Кыргызстандын акчасы жетпейт. Сиз менин тилимди алыңыз. Адегенде чектен такыр эле чыгып кеткен 50-60 судьяны түрмөгө отургузсаңыз, маселе ошол замат өзүнөн өзү чечилет эле. Эч кандай соттук реформага миллиондогон доллар казынанын эсебинен кетпейт эле.

 

Урматтуу окурманым, алаксып кеттик окшойт. Сөз кылган сот процессине кайра кайтып келелик. Жогоруда биз сөз кылган сот процесси катардагы мыйзамды эле эмес, Кыргызстандагы жана бүткүл дүйнө жүзүндө кабыл алынган сот процессин жүргүзүүнүн эрежелерин бузгандык. Мыйзам боюнча соттор соттук териштирүү аяктап калганда арыздашкан тараптардын жарыш сөздөрүн жана процесске жаңыдан катышып жаткан тараптардын да жүйөөлөрүн угуп көрүшөт. Мына ушундан кийин гана судьялар башка комнатага чечим чечим кабыл алуу үчүн акылдашууга кетишет. Бул сот адилеттүүлүгүн ишке ашыруунун кылымдардан бери келе жаткан эрежеси, кабыл алынган мыйзамы. Демек, бул аты аталган соттор ушул эрежени бузгандыктары үчүн соттолушу керек. Кочкордогу комокко кайра келели. Нарындагы сотто Кочкор айыл өкмөтүнүн арызы боюнча Солтонкуловдун огороду менен (4,6 сотых), огородко жакын жерге (2,6 сотых) салынган дүкөн бузулсун деп чечим чыкты. Эмне себептен? Көрсө Кочкор айыл өкмөтү 2,6 сотых жерди “Солтонкуловко берип жатканда кардар Солтонкулов гезитке жарнама бербей калыптыр” деп күнөөлөйт. Мына ушул ушактын негизинде судья Эрматов “дүкөн бузулсун” деп чечим чыгарган. Желдеген бул судьянын чечимин облустук сот да, Жогорку сот да колдошкон. Мен муну ачык эле айтамын, бул акмакчылык жана жөн эле кутуруп кеткендик. Буга мындан башка сөз жок.

 

Себеби, судьялардын чечими мыйзамга да адамгерчиликке да туура келбейт, Кудайга да жакпайт. Ойлонуп, анализдеп көрөлү, эки жак иштерин өздөрү макулдашып, кол коюшкан документтердин негизинде жүргүзүшөт. Муну аты аталган соттор билүүлөрү керек эле. Себеби, Солтонкулов менен Кочкор айыл өкмөтүнүн ортосундагы он чакты барактан турган келишим Соттун иш кагазында тиркелип турбайбы. Бирок, бул негизги документти кутурган соттор карап да коюшкан эмес. Сотко чогултулган документтерди дыкаттык менен карап, ошол документтердин негизинде, мыйзамга ылайыктуу чечим кабыл алуу ушул ишти карашкан судьялардын ыйык милдеттери болгон. Бул мыйзам. Эми биз соттун иш кагазына чогултулган эң негиздүү жана маанилүү документти “Солтонкулов менен Кочкор айыл өкмөтүнүн” ортолорундагы 4,6 сотых жерди арендага иштетүү тууралуу 20 жылдын бери түзүлгөн келишимди карап көрөлү. Бул келишим ар бир 5 жылда жаңыдан түзүлүп турган. Акыркы келишимге 28.03.2012 жылы кол коюлган. Ал эми Кочкор айыл өкмөтү Солтонкуловду 2016-жылдын декабрында сотко берип жатат. Дүйнө  жүзүнүн басымдуу көпчүлүк мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда, сотко арыз менен кайрылуу мөөнөтү окуя болгон күндөн баштап 3 жыл. Ал эми Кочкор айыл өкмөтү окуя болгондон кийин 4,5 жыл өткөрүп сотко кайрылып жатпайбы. Демек, судья  Эрматовго Кочкор айыл өкмөтүнүн бул арызын кабыл алууга мыйзам жол берген эмес. Убагынан өтүп кеткен арыздарды кабыл алууга мыйзам жол берет, эгерде буга жүйөөлү себептер болсо. Бирок судья Эрматов Кочкор айыл өкмөтүнүн мындай жүйөөлүү себептерин көргөзө алган эмес. Демек, Нарын райондор аралык экономикалык иштерди караган сотунун судьясы Эрматовдун бул арызды териштирүүгө акысы да болгон эмес, бул биринчиден. Экинчиден, эки тараптуу түзүлгөн келишимге ылайык үйгө жакын жерди аукционго чыгарып, сатууга жарнама берүү Кочкор айыл өкмөтүнүн милдети, иши болгон. Демек, судья Эрматовдун “Солтонкулов гезитке жарнама бербегендигинен улам анын Кочкор айыл өкмөтү менен түзгөн келишими жокко чыгарылып, салынган дүкөн бузулсун”- деп чечим чыгарууга мыйзамдуу негиз болгон эмес. Мындай мыйзамга эле эмес, акыл-эске коошпой турган чала сабат дардес сымал судьянын чечимин Нарын облустук сотунун Т.Ташматов, А.Орозалиев, М.Дүйнөшбекова жана Жогорку Соттун судьялары А.М.Базаралиева, А.А.Давлетов, А.Ж.Мухамеджановдор эч кандай мыйзамдарга  таянбай туруп эле, нахалдык менен колдоп чыгышкан. Мыйзамда жазылып турат. Судья (судьялар) өз чечимин эки жактын дооматтарын  угуу менен сот жүрүшүндө чогултулган материалдарга жана фактыларга КР мыйзамдарына ылайык чыгарат деп. Соттун иш кагаздарында 15 жылдан бери эле Кочкор айыл өкмөтү биз сөз кылып жаткан жер аянтын келишим менен ай сайын 1000 сомго арендага Солтонкуловго берип келген.  Солтонкулов менен Кочкор айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим 7 баракта Соттун иш кагазында тиркелип турат. Соттун иш кагазына чогултулган материалдарды кунт коюп окуп, изилдеп чыгуу ошол ишти караган судьялардын ыйык милдети. Биз мына ушу Солтонкулов менен Кочкор айыл өкмөтүнүн ортосундагы 28-март 2012-жылдагы 7 барактан (14 бет) турган келишимин жакшылап окуп чыксак Солтонкулов бул келишимдин бир дагы пунктун бузган эмес экен. Демек, Кочкор айыл өкмөтүнүн Солтонкулов менен болгон келишимин бузууга дегеле мыйзамдуу негиз болбогондугун биз мыйзамдын 20 пункту менен далилдеп чыктык.

 

Демек, жогоруда аты аталган соттор өздөрүнүн чечимдерине биз койгон фактыларды (20 пунктту) жокко чыгарып, анан акыркы чечимге келүүлөрү керек болчу. Бул мыйзамдын талабы. Бирок, жогоруда аты аталган судьялар биз келтирген 20 фактынын бирөөнү да жокко чыгармак турсун, акаарат кылганча чамалары жеткен эмес. Демек, бул судьялардын салынган “дүкөн бузулсун” деп чечим чыгарганга мыйзамдуу негиздери болгон эмес. Салынган дүкөндү бузууга негиз да болгон эмес, Кочкор райондук архитектурасы тарабынан көрсөтүлгөн чекте, чийилген пландын негизинде салынган. Проектиге акча төлөгөн. Биздин сот процессине негизги жана чечүүчү күбөнү, Кочкор райондук архитектурасынын тийиштүү адистерин чакыруу өтүнүчүбүз нарындык соттор тарабынан көңүлгө алынган жок. Иштеги негизги күбө сотко чакырылып, суралбай соттордун эч кандай чечим чыгарууга акылары болгон эмес.

 

Сөзүмдүн аягында айтпайын дедим эле, айтууга туура келип жатат. Башкы прокуратурадан аты аталган арызды Р.Абдрахман текшергендигин сөзүмдүн башында айттым эле. Текшерүү башталганда ал экөөбүз Кыргызстандагы болгон судьяларын баарын сөгүп, бир ырахаттандык эле. Бирок текшерүү жүргүзүлбөй эле отписка алганымды Сизге түшүндүрдүм. Отпискага башкармалыктын башчысы У.Чалбаев кол койгон. Мен көргөзүлгөн телефон боюнча Р.Абрахманга чалсам, ал мени эне атамдан эч нерсе калтырбай сөгүп, экинчи колума калем кармасам өлтүрөөрүн айтты. Урматтуу ажо, Сиз кандай кыласыз мага охрана коесузбу же элге ушундай орой, айбанча мамиле жасаган Р.Абдрахманды камайсызбы?

 

Урматтуу Президент! Мен ушул катым аркылуу Сизди Кыргызстандын бир бурчунда болуп жаткан окуяны кыйытып айтуу менен жогоруда аттары аталышкан судьялар жана Кочкор айылдык өкмөтүнүн башчысы менен кызматкерин жоопко тарттырууну талап кыламын. Эгер булар түрмөгө камалышпаса Кыргыз мамлекетинин кулаганы.

 

К.А.Раманов,

Коомдук ишмер, эркин журналист

 

Булак: “Майдан.kg” гезити

Тема: