А-уу, президент мырза! 

 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жаңы кылымдын адамы тан кала турган, мыйзамга туура келбеген көптөгөн мыйзамсыздыктар калкып чыга баштады. Президентибиз С.Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгылыктуу жумуштарды жүргүзүп алып бара жатканы баарыбызды кубандырууда. Тилекке каршы,  президенттин бул аракетине каршы иш жасап, Жалал-Абад мамлекеттик университетин жеке менчигине айлантып, өз кызыкчылыгына пайдалангандар бар.

 

Алар  КСДП  партиясын жууркан катары жамынып алып эски адаттарды унута элек бакиевчил жоон топтон турган командага айланышып, бүгүнкү күндө ЖАМУ деген чон стратегиялуу “кемени” коррупциялык иш аракеттери менен башкарып бара жатышат. Мезгилинде К.Ж.Усенов (азыркы ЖАМУнун ректору) “Ак-жол” партиясына өтө коюп, шаардык кенештин депутаты Акмат Бакиевге “Акмат аке” деп, анын жардамында шаардык кеңештин депутаты, аны менен бирге ЖАМУнун биринчи проректордук кызматына келген. Азыр аларды танып, “СДПК партиясындамын” – деп жүрөт. 2018-жылдын 14-февралында Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги орун алган “Таза Коом” программасынын талаптарына ылайык келбеген коррупциялык схемаларды жана фактыларды белгилеп, көрсөтүлгөн мыйзам бузуу фактыларын текшерүү үчүн республикалык деңгээлде мекемелер аралык комиссия келип, азыркы ректор К.Усеновдун 2009-жылдан бери 9 жыл ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору болуп министрликтин буйругу жок иштегенин аныктаганда төбө чачыбыз тик турду. Анда анын учурда ректор болуп турууга деле моралдык эч кандай акысы жок экен да! Мамлекеттик бийлик бул мыйзамсыздыкка кантип чыдап карап турат?

 

Студенттер төлөгөн акча кассага эмес, капчыкка түшкөн...

 

Түштүк регионалдык «Ош-Аудит» ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин маалыматына таянсак, К.Ж.Усенов өкмөттүн 27.05.2011-ж. № 256 токтомун аткарбастан ЖАМУга окууга келген чет-өлкөлүк студенттердин окуу акысын толук кассага түшүрткөн эмес. (1-табл.).

 

 

1-Таблица

Тайпалар

Студенттердин саны

План боюнча төлөнүүчү контракт төлөмдөрү, сом менен

Факт боюнча төлөнгөн контракт төлөмдөрү, сом менен

Ушул убакка чейин төлөнбөй калган контракт төлөмдөрү, сом менен

1.

ЛД-1-15

189

13 986 700

 

3 844000

-10 142 700

 

ЛДИ 1-16

220

19 800 000

7 070 000

-12 730 000

 

ЛДИ 2-12

19

840 000

60 000

– 780 000

 

ЛДИ 2-13

13

720 000

– –

-720 000

 

ЛДИ 2-14

35

2 563 600

--

2 563 600

 

ЛДИ 7-14

68

5 051 800

150 800

– 4 901 000

 

Жалпысы:

544

42 962 100

11124800

– 31 837 300

             


 

Таблицадагы маалыматка таянсак, анда К.Ж.Усенов 31 837 300 (отуз бир миллион сегиз жүз отуз жети мин үч жүз) сомду түшүргөн эмес. Түштүк регионалдык «Ош-Аудит» ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин “ЖАМУга окууга келген чет-өлкөлүк студенттердин окуу акысын толук кассага түшүрткөн эмес” деген маалыматын 2018-жылдын 14-февралында Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги орун алган “Таза Коом” программасынын талаптарына ылайык келбеген коррупциялык схемаларды жана фактыларды текшерүү үчүн келген республикалык деңгээлдеги Мекемелер аралык комиссия да тастыктаган. Комиссияга университеттин бухгалтериясынын берген маалыматтар боюнча, 2016-2017-окуу жылында Медициналык факультетинин 565 чет элдик студенттеринин төлөнүүчү төлөмдөрү 43679700,0 сом түзгөн, төлөмдөр төмөндөгү жолдор менен төлөнгөн: 2017-жылдын мартында – 791700, 0 сом (5 ай кечиктирилген); 2017-жылдын апрелинде – 9030000,0 сос (3 ай кечиктирилген); 2017-жылдын июлунда – 22 0000,0 сом (9 ай кечиктирилген); 2017-жылдын октябрында – 10118085,0 сом (8 айдан-12 айга кечиктирилген), 2018-жылдын 1-февралына карата Индия мамлекетинин студенттеринин окуу төлөмдөрү үчүн болгон карызы 2243200,0 сомду түзгөн, аталган карыз окуудан чыгарылган 29 студенттин окуу төлөмдөрүн төлөбөгөндүгүнө байланыштуу болгон.

 

2017-2018 окуу жылында студенттердин окуу акысын төлөө боюнча ошол эле кырдаал уланууда. 2017-2018 окуу жылына жалпы 70151400,0 (841 студент) өлчөмүндө эсептелинген, 2018-жылдын 1-февралына жалпы төлөмдөн 3686693,0 сом же 5,2% төлөнгөн.

 

2017-жылдын 8-июлундагы ЖАМУнун №5\333 буйруктарынын негизинде окуу акысын (жалпы 10898553,0 сом) төлөбөгөндүгү үчүн 196 студент окуу жайдан чыгарылган. Биринчи курстун студенттери графике ылайык эки жумалык практикага 2017-жылдын 5-июлунан жөнөтүлгөндүгүн белгилеп коюу керек. Бирок 2017-жылдын сентябрь айында окуудан четтетилген 196 студенттин ичинен 167 студент 8655353,0 сом окуу акысын төлөгөндөн кийин гана студенттердин катарына тикеленген- деп тактап кетишкен.

 

Башаламандык: окуудан чыгарылган студенттер деле билим ала беришет!

 

Жобо боюнча 1-курстар окуу акысын толук төлөгөндөн кийин гана студент деген буйрук чыгат. Бул тартип бир дагы аткрылбаганы көрүнүп турат. Ал эми жогорку курстар контрагын төлөбөстөн курстан курска көчүп жүрө беришкенине эмне себеп болгон? Эң кызыгы, окуу акысынан 50-70%, кээ бирлери 100% карызы бар чет элдик студенттер кышкы, жайкы сессияларын бүтүрүшүп практикага 2017-жылдын 5-июлунан ректор К.Усеновдун буйругу менен Индия мамлекетине кетип калышкан. Түштүк регионалдык “Ош-Аудит” ЖЧКнын жетектөөчү адиси Т.Темирбаевдин ЖАМУга окууга келген чет-өлкөлүк студенттердин окуу акысын толук кассага түшүрткөн эмес деген фактысы боюнча Жалал-Абад областык прокуратурасы текшерүү жүргүзгөндө, практикага кетип калган 196 студентти 2017-жылдын 8-июлунда окуу жайдан чыгаруу боюнча буйругун ректор чыгарган. Окуудан чыкканы жөнүндө кабары жок студенттер сентябрь айында келип, жаңы окуу жылынан окуй беришкен.  Бул студенттер 1-сентябрдан эле группалык журналдарга катталып, окушуп модулдарын тапшырышкандыгын далилдеген ведомостору бар экени аныкталган. КРнын Өкмөтүнүн 2012-жыл 29-майындагы 346-жобосунун 28-пункутуна ылайык жогорку окуу жайынын 1-курсунун студенти окуу семестринен карызы болсо тикеленбеши керек деп турса да, жогоруда комиссия аныктагандай практикасы бүтпөй окуу жайдан чыгарылган биринчи курстун студенттери  2017-жылдын 24-октябрында кайрадан окууга тикеленип жатат. Ошол эле учурда чет элдик студенттердин окуу жайдан чыгарылганы жөнүндөгү маалымат тышкы иштер министрлигине өз убагында билдирилген эмес.

 

2017-жылдн 24-июнунда ЖАМУнун жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-ст. 2-б. жана 350-ст. 5-б. менен 172-17-37 сандуу кылмыш иши козголуп, козголгон ишти тергөөнү Жалал-Абад шаарындагы финансы полициясына өткөрүп беришет. Тилекке каршы финансы полициясы тергөө иштерин сууга сиңгендей деңгээлде аткарышып, жыйынтыгында натыйжа чыккан жок. Билим берүү боюнча мыйзамдын  38-беренесинин “Билим берүү уюмдарын башкаруу” деген бөлүмдөгү мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчисинин ыйгарым укуктары качан токтотулары жөнүндө көрсөтүлгөндөй, прокуратура тарабынан  кылмыш иши козголгондон кийин, тергөө иштерине жетекчи тоскоолдук жаратпаш үчүн кызматтан четтетилиш керек болчу.  

 

Сапар Исаковдон да сестенип койбоду

 

2017-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы С.Исаков Жалал-Абад областына келген иш сапарында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушууга келип кетти. Мына ушул жолугушууда аргасы түгөнгөн ЖАМУнун профессордук-окутуучулар жамааты азыркы ректордун жүргүзүп  жаткан иштерине нааразы болуп былтыркы окуу жылынан бери жогору жактарга кайрылып, кайрылган арыздардан майнап чыкпай өкмөт башчысынын колуна азыркы ректор К.Усеновдун мыйзамсыз аракеттерин далилдеген фактыларын, областтык прокуратуранын кылмыш козгогону боюнча документтерди беришкен. Өкмөт башчы комиссия түзүп, териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгын 10 күндүк мөөнөттө берүү өтүнүчү менен Жалал-Абад областтык администрациясына жолдойт. Тилекке каршы комиссия түзүлбөй, текшерүү жүргүзүлгөн жок. Арыздануучу тараптын кайрадан Өкмөткө кайрылуусунан кийин премьер-министр экинчи жолу виза коюп комиссия түзүлүүсүн талап кылып жөнөтсө да, губернатордун орун басары М.Акматов (азыркы ректордун досу) комиссия түзүлүүсүнө ачык түрдө каршылыгын көрсөтүп, белгисиз маалыматты өкмөткө жөнөтүп, фактыларды бурмалаган.

 

Жасалма дипломдор баяны

 

Ал эми Жалал-Абад областтык прокуратурасы төмөнкүдөй иштерге 2017-жылдын 24-июнунда кылмыш ишин козгогон: “Жалал-Абад областынын прокуратурасы текшерип, ЖАМУнун жооптуу кызмат адамдары тарабынан  Токтогул районунун тургуну Иманова Райкан Тургуналиевнага Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин педагогика жана башталгыч билим  берүүнүн усулу адистигинде окубаса да, ага 2010-жылдын 28-июнь күнү менен педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу адиси квалификациясын ыйгаруу боюнча 2642 С100215642 сандуу жасалма диплом беришкен фактысы боюнча 2017-жылдын 24-июнунда ЖАМУнун жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын КЖКнин 304-ст. 2-б.жана 350-ст.5-б. Менен 172-17-37 сандуу кылмыш иши козголду (2018-жылдын 14-февралында Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги орун алган “Таза Коом” программасынын талаптарына ылайык келбеген коррупциялык схемаларды текшерүү үчүн келген республикалык мекемелер аралык комиссиянын текшерүүсүндө азыркы ректор К.Усеновдун колу коюлган жасалма диплом жасалып берилип кеткен фактысы боюнча 8 дипломдун ээсинин фамилиясы  ЖАМУнун  бүтүрүүчүлөрүнүн тизмесинен чыкпагандыгы аныкталды). Ошондой эле филология илимдеринин доктору, профессор И.Абдувалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда 2011-жылдын 11-январынан бүгүнкү күнгө чейин  жетектөөчү илимий кызматкер катары кабыл алынып, иштеп келгендигине карабастан, жасалма түрдө И.Абдувалиевди Кыргыз тили кафедрасына жумушка кабыл алышып, ал студенттерге сабак өтпөсө дагы аны “сабак өттү” деп, 2011-жылдын январь айынан 2017-жылдын июнь аралыгында жасалма табель толтурушуп, ага мыйзамсыз 388475 сом эмгек акы төлөп беришкен (Ушуга карабастан бүгүнкү күндө И.Абдувалиев ЖАМУда 1 чен саат менен иштөөсүн улантып, Бишкек шаарында туруктуу жашайт). 2013-жылдын 2-октябрындагы №2\75 буйруктун негизинде Г.Ахматов ЖАМУнун окуу имаратына кызмат акысы 1-чен менен күзөтчү болуп, 2013-жылдын 2-октябрындагы №2\76 буйруктун негизинде медициналык колледжинин окуу имаратына багбан жана 2013-жылдын 2-октябрындагы №2\77 буйругунун негизинде  ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректорунун “Мерседесс-Бенц” маркасындагы  мамлекеттик номери 0062ДА автоунаасына айдоочусу жумушуна кабыл алышып,  2013-жылдын ноябрь айынан 2016-жылдын март айына чейинки аралыкта жасалма табель толтурушуп ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректорунун “Мерседес-Бенц” маркасындагы мамлекеттик номери 0062ДА автоунаасына айдоочу болуп иштеди деп жалган маалыматтарды киргизишип, 70550 сом эмгек акы төлөп беришкен; 2016-жылдын 22-декабрындагы №1\394 буйругунун негизинде филология факультетинин Кыргыз тили кафедрасынын филология илимдеринин кандидаты, доцент М.Шакирова Конфуций институтунун директору болуп дайындалып, институт ачылгандан ушул күнгө чейин эч кандай студенттерди кабыл албагандыгын көрбөстөн 2017-жылдын январь айынан июнь айына чейин 73 225 сом, ошол эле институттун адиси У.Омурзаковага 18 937 сом, жалпы 92 162 сом мыйзамсыз эмгек акы төлөнгөн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы №331 “Орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү уюмдарынын окутууну каржылоону бекитүү жөнүндөгү” токтомунун  типтүү келишиминин 2.2 пункутуна ылайык Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректорунун 2015-жылдын 3-декабрдагы №346, 2016-жылдын10-октябрындагы №330 буйругунда көрсөтүлгөндөй талаптарын бузуп, ЖАМУнун кызмат адамдары тарабынан өз учурунда башка тайпага которулган 5 студенттен акча кармалбастан, бюджетке 131482 сом зыян келтирилген фактылары боюнча Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызмат адамдарына карата 2017-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын КЖКнын 304-ст. 2-б., 171-ст. 4-б. 2-п. Жана 315-ст. 1-б., 350-ст. 5-б. Көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен 172-17-38 сандуу жана жазык иштери козголгон”. Г.Ахматовго чыккан үч буйрук бир күндө ошол кездеги окуу иштери боюнча проректор, азыркы ректор К.Усеновдун колу (себеби анын жакын тууганы) менен чыгарылган (далилдөөчү буйруктар бар).

 

Ал эми төмөнкү факты тактоону талап кылат:

 

Республикалык мамлекеттик бюджеттик фондтон каржылануучу илимий долбоорлор боюнча жалпысынан 1 миллион 800 миң сомдун тегерегиндеги акчага Усенов К.Ж. “Катуу пайдалуу казындыларды казып алуу боюнча жер көчкүлөрдүн процесстери” деген темага ЖАМУнун илим бөлүмүндө, о.э. Энергоресурстар жана геоэкология институтунда Ж.Текеновдун жардамы астында “Табигый кырсыктарда көчкүлөрдүн процесстери” – деген темага жетекчилик кылган. Бул темалар бир эле теңдеменин жардамы астында ар түрдүү чектүү шарттарда компьютерде чыгарылат.

 

Ошол эле убакта Усенов К.Ж. эки тарапта тең (Энергоресурстар жана геоэкология институту менен ЖАМУ) жетекчилик кызматта иштеген. Ал эми Эмгек кодекси боюнча бир эле убакта өзүнүн жумушунан башка бюджеттик мекемелерде иштөөгө мүмкүн эмес. Жогоруда сөз кылган республикалык мекемелер аралык комиссиянын аныктамасы боюнча К.Усенов ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректор кызматында 1 чен менен иштесе, ЖАМУнун информатика кафедрасында 0,75 чен менен, Жалал-Абад  Энергоресурстар жана геоэкология институтунда 0,5 чен менен жалпы 2,25 чен (ставка) менен иштегени мыйзамга туура келбейт. Жетекчи мынча ставкада иштөөгө физикалык жактан жетишүүсү мүмкүн эмес, натыйжада бөлүнгөн сааттары өтүлбөй, ар ким аткарды болуп келген. Окутуу формализми орун алып келүүдө.  К.Ж.Усенов “өзүнө” караштуу адамдарын коррупциялык жол менен (туугандары, жакындары, окуучулары, жердештери, “достору” ж.б.) адистиктери туура келбесе да тиешелүү адистиктерди чыгаруучу кафедраларга кафедра башчысы кылып, кээ бир факультеттерге декан, директор кылып дайындап алган. “Геомеханика, тоо кыркаларынын бузулушу, кен аэрогазодинамикасы жана тоо теплофизикасы” жана көчкү процесстери менен илимий иштерин коргогон К.Усеновдун “адистери” педагогикалык-инженердик адистиктерге окуу-процессинин жүргүзүүсү жана жетектөөсү мисал боло алат. Адистик сабактарды өздөрү беришпейт, себеби кафедранын бүтүрүүчү адистиктерине адистиги дал келбейт. Аларга окутуунун сапаты, ЖОЖдун аброю, министирликтин жоболору кызыктырбайт.

 

Сөз болуп жаткан кызматкерлер көп жылдардан бери жетекчилик кызматтарда иштешип, университеттин ичиндеги коллективдин ынтымагын ыдыратып, тынчтыгын да бузушуп өз кызыкчылыктары үчүн ар кандай мыйзамсыз жумуштарды жасап келип жатышат.

 

“Таза коомдо” ЖАМУ да тазарабы?

 

Мамлекетибиз боюнча “Таза коом” саясаты жүрүп жатканына байланыштуу жогоруда аталган көрүнүштөргө конкреттүү чара колдонуу керек. Биз тизмектеп санаган фактылардан кийин ЖАМУ мамлекеттик эмес эле, жеке менчик окуу жайдай таасир калтырат. Ал менчик окуу жайда толук эркиндик: мыйзам кыйгап өтөт, студенттерди окуудан чыгарышат, бирок өздөрүнө кабарлашпайт. Окуу акысына төлөнгөн акчаларды каалагандай сапырышат. Буларды эсине келтирчү эч ким жокпу? Президент Сооронбай Жээнбеков баштаган коррупцияга каршы күрөш Жалал-Абад мамлекеттик университетине качан жетет?

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №010, 21-март 2017-ж.