Акундун жоруктарынан...

 

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери өлкөдөгү демократиялык реформаларга аралашып, узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанымал болгон белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунду бу Кыргызстанда тааныбаган деле адам калбаса керек.

 

“Эки айылды эриктирбей, бир айылды бириктирбей”, кай жерде ызы- чуу болсо учуп жетип, андай жок болсо өзү ойдон таап чыр чыгаргандын устаты эгемендик жылдарында каалашынча эле тайралаңдады. Каалаганын кылды. Кимди кааласа сындайт, сөгөт, абийирин төгөт. Эл алдына чыгып алып, “мен чынчылмын, адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, адамдардын укугун коргоп келатам”,- деп безеленгени безеленген.

 

Турсунбек Акун акыркы кездерде айнып, жоргосунан жаңыла баштагандай. Анысы кечееги президенттик шайлоодо ачык байкалды. “Баары бир админстративдик ресурс жеңет” деген ишеним менен жандалбастап,бийликтин талапкерин колдоп бир топ айкайлады. Сооронбай Жээнбековдун штабын шынаарлап, анын каршылаштарын эфирден болушунча шыбап жан үрөдү.

 

Ошо Тукең шайлоодо жан үрөгөнүнө карабай, Сооронбай Жээнбековдун инагурациясына чакырылбай калып, чуу чыгарганы маалым болду. “Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат,”- деген накыл сөздү этибар албаган Тукең адатынча керегенин тешигинен кирип кетмей адатын карматып, ашкана жагынан жойлоп баратып кармалып калып, күзөтчүлөр, ашпоз, техничкалар менен жулмалашып, инаугурация бүткөнчө  концерт коюптур. Бир колдонулуучу (одноразовый) презервативдей кылып колдонуп таштап кете бермейи бар АШАнын жоругун билбегенсип, чакыруу казагы жок эмнеге барам дейсиң да эй?

 

Тукең ошентип, карыганда алжый баштаганы байкалууда. Кызыл кекиртек, кара-курсактын айынанбы (?), айтор, өтө ылдам деградация болуп баратат. Укук коргоочу экенин унутуп, президенттике талапкерлердин бири Өмүрбек Бабановго карата репрессивдүү чараларды колдонууну талап кылганга чейин барды. Укук коргоочу деген ар дайым  адамды коргошу керектигин, айыбы бар болгон күндө да колдоп, колдобогон күндө да жазалоону талап кылыш укук коргоо этикасына туура келбесине түкүрүп салган адамды кантип укук коргоочу дегенге болот? Албетте болбойт. Ошентип, Тукең катуу жаңылып, эл оозунда “Сайпана” деген каймана атка кабылды.  Кечее эле, отурган-турган жеринде, өзү “ак шакал” деп жамандап жүргөн Жыпар Жекшеевдин катарына кантип барып, тизилип, конуп калганын байкабай да калгандай.

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж