Темир Сариев: “Биз бөлүнүп бүттүк, биригүү убактысы келди”

 

Бишкекте өткөн жумада “Таза шайлоо - туруктуулуктун жана бийликти тынч тапшыруунун кепилдиги” аталышында саясий партия лидерлери, БШК жана жарандык коомдун өкүлдөрү, белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер, анан албетте айрым президенттикке талапкерлер катышкан форум болуп өттү. Анда күздө боло турган президенттик шайлоого даярдык, аны коштогон ар кандай тобокелчиликтер жаатында пикир алмашуулар болду.

 

БШК шайлоонун таза өтүшүнө кепилдик берди

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бийлик тараптан чакырылгандардын ичинен жалгыз өзү келип катышты. Мисалы, президенттик аппарат, өкмөт, парламенттен бир дагы жетекчилик кызматтагы лөктөру басып келбеди.

Ошентип, БШКнын башчысы дароо сөз алып, шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо сыяктуу терс көрүнүштөр жол берилбей, жарыш атаандаштык негизде таза өтөрүнө көңүл буруп, убада берди: “Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону мыкты деңгээлде өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатат. Шайлоону мыкты деңгээлде уюштуруу менен катар талапкерлер ортосунда калыс атаандаштыктын болушу маанилүү. Алдыдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын интернеттен онлайн режимде көрүп туруу мүмкүнчүлүгү болот. Башкача айтканда, республика боюнча шайлоонун жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалыматтар shailoo.srs.kg сайтына онлайн чыгып турат. БШКда же бир дагы шайлоо участкасында  фальсификация, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо болбойт. Буга чейин өткөн ири шайлоо өнөктүгү маалында БШКнын сайтына кирген интернет колдонуучулардын саны демейдегиден 20 эсе көп болуп кеткендиктен онлайн режим камсыз кылынбай калган”.

Ошол эле учурда, БШК төрайымы айрым президенттикке талапкерлерге кайрылып, эрте маалымдоо кампаниясын баштап ийишкенин сынга алды.

 

Күмөн саноолор дале күч

 

Форумда бир катар коомдук жана саясий ишмерлер БШК убада берип, кепил болуу ниетин билдирген менен, таза шайлоо өтүшүнө күмөндүү жагдайлар көп экенине токтолушту.

 

Алардын бири Марат Кайыпов таза шайлоо өтүшүнө биринчи кезекте азыркы президент кызыкдар болуп, коопсуздукту сактоого күч үрөшү керектигин айтты: “Талапкерлер өлкөдөгү коопсуздукка жооп бере албайт. Мисалы, бир талапкер мыйзам бузуп шайлоочуларды сатып алып жаткан болсо, экинчи талапкер аны токтотуп кое албайт. Же болбосо токтотом деп чатак чыгып кетиши ыктымал. Таза, адилет шайлоого, Кыргызстандагы коопсуздук, саясий туруктуулуктун өкүм сүрүшүнө бир гана президент кепил боло алат. Анткени анын колунда бардык куралдуу күчтөр бар, тартип коргоо органдары ага баш ийет. БШК президент тарабынан сунушталып, Жогорку Кеңеш аркылуу шайланат, Боршайкомго да үстөмдүк кылат. Сот системасын да президент көзөмөлдөйт. Ошон үчүн шайлоонун таза өтүшүнө кепилдикти президент алышы керек”.

 

Роза Отунбаеванын чындыгы

 

Экс-президент Роза Отунбаева президенттик шайлоонун алдында өлкөдө саясий куугунтук күч алып жатканын, мындай шартта таза жана адилеттүү шайлоо өткөзүүгө коомчулук ишенбестигин катуу айтты: “Баардык талапкерлер менен саясий күчтөр президенттик шайлоонун таза өтүшүнө өз салымын кошуусу керек. Ага бийлик жана КСДП партиясынан чыкчу талапкер дагы кызыктар болушу зарыл. Азыр коомчулуктун дагы шайлоо системасына, анын жыйынтыгына болгон ишеними маанилүү. Ал үчүн БШК күнү-түнү дебей жарандарга жаңы технологиялар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Эгер ишеним болсо анда шайлоо дагы легитимдүү болот. Бирок, чынын айтканда, бүгүнкү өлкөдөгү кырдаал эски бийликтердин тушундагыдай эле болуп калды. Атамбаевди колдобогон президенттикке талапкерлер мурдагыдай эле саясий куугунтук коркунучунда турушат. Айрымдары камакта, бир тобуна кылмыш иштери козголууда. Жасалма, жетишсиз негиздер менен камашууда. Бул жерде тандалма камоолор айкын болуп турат. Мындай мамиле жоопкерсиздикке, каршылашууга, куугунтуктарга алып барат. Ошондуктан, шайлоого душман эмес, атаандаш катары баруу керек”.

 

Темир Сариев: “Биз бөлүнүп бүттүк, биригүү убактысы келди”

 

Форумда конкреттүү сунуш менен чыккан саясатчылар да болду. Алардын бири – экс-премьер-министр Темир Сариев. Ал бүт саясий күчтөрдү ынтымакка чакырып, бөлүнүп-жарылууну токтотуу керектигине, шайлоо жыйынтыгы кармалбай, дароо жарыяланганда гана коомчулуктан ага карата ишеними жараларына токтолду:

 

- Парламенттик башкаруу системасына өткөнүбүз менен жыйынтык жалпыбыз күткөндөй болбой жатканын баарыбыз түшүнүп жатабыз азыр. Саясий партиялар алсыз болуп калды. Анткени, саясий партиялар парламентти түптөп, парламент өкмөттү түптөп жатат. Саясий партияларда тажрыйба жок, партиялык маданият жок,  партиялык идеология жок болуп,  партиялык ички тартип,  партиялык демократия жок болгонунун мына биз кесепетин көрүп жатабыз. Партияларды “акционердик коомго айланып калды” деген пикир түзүлдү. Муну биз эске алышыбыз керек. Келечектеги президенттин негизги максаттарынын бири - парламентти күчөтүү, ошол эле убакытта аны ирээтке алып келүү болуп эсептелет. Ошондуктан, мен сөзүмдү эки гана маселеге бөлгүм келет.

 

Биринчиден, биригүү убактысы келди. Биз бөлүнүп бүттүк го, дагы кайда барабыз? Бирге басуу, бирге өнүгүү, бирге ынтымакка чакыруу жараянын башташ керек. Акаевдин кеткенине 12 жыл болду, “акаевчил” деп биз дагы деле тилдеп жүрөбүз. Бакиевдин кеткенине 7 жыл болду, бирөөлөрдү “бакиевчил” деп тилдеп жүрөбүз. Отунбаеванын кеткине 6 жыл болду, бүгүнкү күндө “отунбаевчил” деп жүрөбүз. Эртең Атамбаев кетсе, ушу азыр анын тушунда иштеп тургандарды “атамбаевчил” дейт да. Алакандай элбиз. Ары-бери бөлбөй, бийлик, кызматка келгенде профессионалдык деңгээлине жараша тандоо жасашыбыз керек. Жаңы элитаны даярдоо зарыл. Алар менен эски тажрыйба менен бөлүшүп, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшүбүз керек.

 

Экинчиси, шайлоонун жыйынтыгы - мамлекетти биримдикке алып келеби же талаш-тартышка батырабы? Ал сөзсүз түрдө ошол Борбордук шайлоо комиссиясына, аткаруу бийлигине, саясий элитага, анан эң негизгиси шайлоочулардын өзүнөн көз каранды болот. Баарынан мурда - шайлоонун жыйынтыгын эл тааныш керек. Андан соң ошого катышкан талапкерлер таанышы эп. Саясий күчтөр таанышы керек. Мына биз ошондо гана мамлекетти биримдикке чакырып, өнүгүүгө өбөлгө түзөбүз. Программанын баарын айтып жатасыңар. Анын баарын кооз жазып койсо болот. Жаза турган адамдар да бар. Алар тизилип турат ар бир партиянын короосунда, “Мынча төлөп берсеңер сонун кылып жазып беребиз”- деп. А мен ойлойм, “президент болом” деп келген кишинин өзүнүн ички өзөгү болушу керек. Анын чечкиндүүлүгү көрүнүп турушу зарыл. Ал ошол оор жүктү “көтөрүп кете алам” деп, бардык жагынан адис боло албайт. Бирок президент болгон адам чечкиндүү болуп, милдетин албай, илдетин алгандай болуп, ошону чечип, элди биримдикке, ынтымакка чакырып, анан жакшы өбөлгө түзүп бериши керек. Мен муну негизги максаттардын бири деп эсептейм.

 

Шайлоо процессине байланыштуу бул жерде бир топ ойлор айтылды. Кээ бирлери, мисалы, Арслан Малиев айтып жатат: “электрондук эсепти көрсөтпөй туруп, бюллетенди санап туруп, анан чыгаралы” деп. Андай болбойт. 2015-жылы премьер-министр болуп турам, ошондо бир-эки орган атайын кат жазышты, президенттин жана менин атыма. Мына Таттуу Мамбеталиева билет. Мына “биометрика менен барсак абдан чоң тобокелчилик болот, мындан отказ берип, мурунку мыйзамга түшөлү. Жогорку Кеңештин чукул сессиясын чакырып, аны жок кылып, мурунку эски мыйзамга келели”- дешти. Ошол жерде чоң чогулуш болду. Президент менен чогуу отурдук. Ошондо мен: “биз ага бара албайбыз. Эгер биз ага барсак жыйынтыгын эч ким тааныбайт, элдин, эл аралык уюмдардын астында шерменде болобуз”- дегем. Ошондо: “ким жоопкерчиликти алат?”- деген маселе коюлганда, мен премьер-министр катары алгам. Ошону менен кеттик. 8:35 болгондо парламенттин жыйынтыгы чыкты. Баардык партиялар ошону таанышты. Анан эми азыр илимдин, техниканын багыты, эми биз андан кайра баш тартып, кайра эле эски кургуйга түшүүбүз керекпи? Унутуп калдыңыздарбы, ошол комиссиясына кирген көзөмөлчүлөрдүн баарын кууп чыгып, каалагандай жазып туруп, анан колубузга берип коёт, “мынакей жыйынтык” деп. Биз 2007-жылы, 2010-жылы да билебиз кандай болгонун. Бююлетендерди пачкалап салгандарын. Биз ошон үчүн “артык кылабыз” деп, “тыртык” кылбайлы. Шайлоо комиссиянын башчысы “эгерде серверге коомдук көзөмөл кылам десеңер, биз макулбуз” деп айтты. Мына биз ушуну колго алышыбыз керек. Коомдук көзөмөлдү орнотуш керек, ошонун технологиясын, тартибин иштеп чыгышыбыз керек. Бул биринчиси. Экинчиси, жанагындай көз каранды эмес IT-аудит кылышыбыз керек. Мына биз ушуга баралы. Үчүнчүсү, шайлоого катышкан саясий партиялар альтернативдүү онлайн чоң экранды борбордук аянтка коюп коелу, ошолор чыгарып турсун. Ошону менен бириктирип мынакей шайлоонун жыйынтыгын тааныйлы.

 

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg гезити