Аксы окуясына 15 жыл. Бийлик сабак алдыбы?

 

Урматтуу  аксылыктар,  урматтуу Аксы окуясынын катышуучулары,  урматтуу Аксы окуясынын 15 жылдыгына карата эскерүү жыйынына келген коноктор!

 

Мына бүгүн  кыргыз тарыхында  коомдук  бурулуш  жараткан  окуя катары эсептелген  Аксы окуясына  15 жыл толуп олтурат.  Сөзүмдүн башында бизди урматтап, көзү өткөндөргө куран окутуу үчүн  жана  бүгүнкү эскерүү жыйынына  келген катышуучуларга,  алыстан ат арытып келген конокторго терең ыраазылык  билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер!

 

Мындан 16 жыл мурда биздин эл шайлаган депутатыбыз Азимбек Бекназаров ошондогу Аскар Акаев башында болгон кыргыз бийлиги  тарабынан Үзөнгү-Кууш сыяктуу  миңдеген гектар жерлерибиз Кытайга жең ичинен  берилип жатканын Жогорку Кеңеште көтөрүп чыкты. Анын  Акаевдин бийлиги менен бир жылдай күрөшү акыры 2002-жылы 5-январда  жоктон токулган кылмыш иши аркылуу өзүнүн камалышы менен аяктады.

 

Убагында А.Бекназаровду эл өзү тандап шайлагандыктан, аны жабыла коргоого чыкканбыз. Башында биз: “Бекназаровду  подпискага эле чыгарып кой, эгерде күнөөсү далилденсе соттой бер”- деп сурандык. Айылдарда, Кербенде, Бишкекте ондогон пикет, митингдер өткөрүлдү. Бийлик бизди укпай, колубузду кайрып, четибизден камай баштады. Анан көчөгө бастырбай койгондон кийин үй-үйдө ачкачылык кармоого өттүк. Эки  айда республика  боюнча  ачкачылык кармагандардын саны 700 адамга чыкса, пикет, митингге чыккандардын саны 20 миңден ашты. Бийлик анда да басып келип  сурап койгон жок.

 

Тескерисинче, КТРК жана кыргыз радиолору бизди “сепаратисттер, эл бузарлар, мастар, тополоңчулар”- деп күнү-түнү жамандап турду. Өкүнүчтүүсү, бийликке сын айткандар  азыр дагы мамлекеттик телерадиолордон мурдагыдай эле жамандалып, караланып жатат.

 

Бийликтин тоңмоюндугу, элден алыстаган, келечексиз саясаты улуттук каргашага алып келди.  Натыйжада 2002-жылдын 7-февралында  “Кыргыз чекарасын коргоо комитетинин” мүчөсү Шералы Назаркулов 22 күн ачкачылык кармоодон кийин көз жумду. Бийликти бул да акылына келтирген жок. 2002-жылдын 17-мартында Азимбек Бекназаровдун соту боло турган күнү Аксы районунун 6-7 айыл өкмөтүнөн  райондун борборуна тынч  пикет өткөрүү үчүн бараткан куралсыз элди ачык талаада бийлик тарабынган массалык атып өлтүрүү болуп өттү. Аксы районуна аскердик согуш абалы киргизилип, аскер бөлүктөрүнөн, укук коргоо органдарынан 3 миңден ашык мыкты куралданган  адамдар алынып келинген.

 

Мына ошол 17-18-марттагы массалык атуу, уруп-сабоодо  чырактай болгон Сапаралиев Кадыркул, Тагаев Советбек, Четинбаев Эркиналы, Үркүнбаев Сатинбай, Уметалиев Элдияр, Бекмуратов Медетбек сыяктуу уулдарыбыздан айрылдык. 22 адамыбызга ок тийип, оор жаракат алышты. Жүзгө жакын атуулдарыбыз ар кандай ур-токмоктун айынан  жаракат алышып, көбү инвалид болуп калышты. Ошондогу өкмөт башчысы Курманбек Бакиев тарабынан киргизилген  “Тайфун”, “Буран” операцияларынын негизинде  кармалып, жок жерден токулган ар кандай статьялар менен жүздөн ашык жарандарыбыз  камакка алынды. Булар  албетте көптөгөн үй-бүлөлөргө орду толгус кайгы-капаны алып келди.

 

Урматтуу эскерүү жыйынын катышуучулары! 15 жылда эмне өзгөрдү? Күнөөлүүлөр жазаландыбы? Турмушубуз жакшы жакка өзгөрдүбү?  Мамлекетте акыйкаттык орнодубу? Кептин баары мына ушунда!

 

Менимче  жыргап кеткен деле жерибиз жок.  Кайгыдан баш көтөрбөй жүрүп Сатимбай агабыздын апасы Камкаян апа, Эркиналынын атасы Момунбек акенин көзү өтүп кетти. Аксы окуясында тикеден-тике турушкан Кош-Дөбөлүк Турсунбек, Шайымкул абаларыбыз, Кызыл-Жар айылынан Момушер, Өскөн абаларыбыз, Кара-Суу айылынан Шергазы, Борончу, Эргешбек, Өзүбек абаларыбыз, Кайып, Турат, Эльман агайларыбыз, Падыша-Атадан Тажимамат агабыз о дүйнө салышты. Ондогон Аксы окуясынын катышуучулары ошондогу кайгы-капа, стресстен ар кандай ооруларга чалдыгышты. Бүгүнкү күнү биз аларга таазим этебиз.

Бирок, аксылыктар баштаган күрөш Акаевдин, кийин Бакиевдин да түбүнө жетти. Акаевдерди, элди аткандарды Бакиев соттотпой актатып жиберсе, Бакиевдин өзүн сырттан соттогонго гана жетишип калдык. Ал эми Абышкаевдин, Жанузаковдун, Кудайбергеновдордун соту ушул күнгө чейин бүтпөй  чубап келатат. Бирок көптөгөн күнөөлүүлөрдүн  кудай жазасын берип жатат.

 

Аксы окуясынын жабырлануучуларына эч нерсе жасалган жок десек да туура эмес болот. Курман болгондордун эрдиги бааланып “Эрдик” медалдары менен сыйланышты. Шералы  Назаркуловдун аты Бишкек шаарындагы №80-мектепке, Эркиналы Четинбаевдин аты Аксынын Кара-Суу айылындагы №58 мектепке, Кадыркул Сапаралиевдин аты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы мектепке берилди. Аксылыктардын эрдиги Кыргызстандын борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы  эстеликке түбөлүккө жазылып калды. Каргаша болгон Боспиек айылына “Шейит мазар” эстелик комплекси тургузулду. Курман болгондордун үй-бүлөлөрү компенсациялардан тышкары Бишкектен бир бөлмөлүү батирлерге ээ болушту. Жарат алгандар да толук бүтпөсө да, үй салып алышты. Багары жок калган балдар окуу жайларда төлөмсүз окуп жатышат. Чакан болсо да мына бул силер көрүп турган Аксы окуясынын  музейи курулду.

 

Өкүнүчтүүсү, аксылыктарды колдоп, алгачкылардан болуп парламенттин ичинде  ачкачылык жарыялашкан мурдагы депутаттарыбыз Бектур Асанов менен Дүйшөн Чотоновдор азыркы кезде жоктон токулган кылмыш иштер менен түрмөдө олтурушат. Алар бүгүн биз менен ушул жерде туруш керек болчу!

 

Аксылыктарды колдоп, жарандык  акциялардын мыйзамдуу жолдорун көрсөтүп келген  укук коргоочулар Турсунбек Акун, Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова, Асия Сасыкбаева, Зульфия Марат ж.б. бүгүн бийлик тарабынан караланып, “чет элдик шпиондорго” айланып  жатышат.

 

Аксы окуясы болгон учурда аксылыктарды колдогон ошол кездеги депутаттар Исаков, Кадырбеков, Масалиев, Проненко, Текебаев, Мадумаров, Акунов, Дүйшеев, Садырбаев,  Булекбаев, Абдимомунов, Молдоташев, Малиев, Асанов, Чотоновдор менен биз сыймыктанабыз. Ошол эле кезде Бишкекте Турсунбек Акун баш болгон  республикалык “Бекназаровду коргоо комитетинин” мүчөлөрү, Аксыдагы курамында ар айыл өкмөттөн кошулуп отуздан  ашуун жаранды камтыган  “А.Бекназаровду коргоо комитетинин” мүчөлөрү баа жеткис эмгектерди жасашкан. Бул акцияларга Аксы районунда эле элүү миңден ашык адам катышкан. Он беш жыл мурда аксылыктар  Аксы-Ош, Аксы-Бишкек  Улуу жүрүштөрүн жасашып,  карапайым элдин сезимин ойготуп, намысына келтирген. Ошондо күндүн кайнаган аптабында ач-жылаңач, жылаңайлак жүздөгөн километр жол басып, ооруп-сыркаганга карабай, жалаң асфальтта жатып уктап, ач болсоңор да жолдо бышып турган мөмө-чөмөлөргө кол тийгизбей,  тартипти сактап  жүргөн сиздер менен, биз менен кошо Кыргызстандын бардык аймактарынан келип кошо жүргөн кыз-жигиттер менен, Ак-Талаадан келген Дөөлөт, Жалал-Абаддан келишкен Асан, Медер сыяктуу ондогон, жүздөгөн  жигиттерибиз менен  сыймыктанабыз!

 

Болуп өткөн окуялар боюнча Азимбек Бекназаров 2010-жылы  “Аксы ыйы – улут кайгысы”  аттуу  документалдуу китебин чыгарып, элибизге таркатып берди. Аксы окуясына баа берүү али алдыда деп ойлоймун. Улуттук бурулуш жасаган бул окуя боюнча  алдыда көптөгөн илимий эмгектер жаралары шексиз.

Бул күрөштүн  акыры 2005-жылы 24-март революциясына, кийин 2010-жылдагы 7-апрель элдик революцияларына алып келди. 2010-жылы үй-бүлөлүк  башкарууну кулатууга,  бийликтин парламенттик  башкаруу жолуна өтүүсүнө жеткирди. Биз албетте, азыркы президенттин коррупция менен келишпес күрөшүн, бийликке жабышпай, өз мөөнөтүндө  тапшырып кетем деген  сөзүн колдоп, терең урматтайбыз.

 

Бирок, ошол эле кезде, азыркы бийликтин өзүнөн башкача ойлогондорду, сын айткандарды  куугунтуктоо, мамлекеттик ММКлар аркылуу жамандатуу, жасалма кылмыш иштерди токуу менен камакка алуу өнөкөтүн катуу сынга алабыз. Бул Акаев, Бакиевден калган мыйзамсыз жаман адат. Бул ыкмаларды колдонгон  бийлик ээлери  сөзсүз түрдө  “өздөрү казган орго өздөрү түшөрүн” эскертип кеткибиз келет. Муну депутат Текебаевдин мисалында айтсак жетиштүү болот. Алты жылдан бери президент менен депутат Текебаев “табакташ, санаалаш” болуп келип, эми Текебаев президентке сын айта баштаганда эле “кылмышкерге” айланып калганы  туура эмес көрүнүш.  Иштегенди билген, элдин жүгүн көтөрөм деген адам сынды да  көтөрө билиши керек.

 

Урматтуу эскерүү жыйынынын катышуучулары! Учурда мурдагыдай эле массалык каралоолор, жасалма кылмыш ишин токуулар, камоолор улантылып, карапайым элдин кыжырдануусу күчөп бара жатат. Бийликтин бул түркөйлүгүн колдоп, орден-медаль алып,  телерадиодон түшпөй калган “дүжүрлөр” көбөйдү. Бийликти  сындап койгон басылмалар жабылып, журналисттер куугунтуктала баштады. Байкашыбызча, мамлекетибиз сырттан башкарылып калгандай элес калтырат. Бул албетте коркунучтуу сигнал.

 

Эл деген топон суу. Элдин  чыдамы чексиз эмес. Эл бир күнү каптап кетиши толук мүмкүн. Биз экинчи Аксы окуясынын кайталанышын каалабайбыз. Ошондуктан, башыбыздан зор кайгыны өткөргөн  биз – аксылыктар президенттен, Жогорку Кеңештин төрагасынан, Өкмөт башчысынан  тирешүүнү, куугунтуктоону, ар шылтоо менен кылмыш иш токуп камоолорду, башка мамлекеттердин көрсөтмөсү менен иштөөнү токтотуп, бардык саясий көз караштарды эске алуу менен, кеч боло элегинде мамилеге келип, ажырымдап бараткан коомду бириктирип, ынтымакта, Кыргызстандын келечеги үчүн бирге аракеттенип иштөөгө чакырабыз.

Биз сыяктуу эле  кыргыз эли убактылуу кыйынчылыкты, тартыштыкты, жокчулукту  түшүнөт, бирок, акыйкатсыздыкты, теңсиздикти, зордук-зомбулукту көтөрө албайт. Кыргыз элинин түбүнөн табияты ушундай. Ошондуктан менин сунуштарымды бүгүнкү эскерүү жыйынынын резолюциясына киргизип коюуну суранамын.

Аксы окуясынын 15 жылдыгына арналган бүгүнкү эскерүү жыйынына келгениңиздер үчүн дагы бир жолу ыраазылык билдиремин. Элибизде тынчтык, ынтымак, барчылык, токчулук болсун!

 

Көңүл бурганыңыздар  үчүн рахмат.

 

Майрамбек Батырбеков,

Аксы окуясынын катышуучусу  

  

Р.S. 2017-жылдын 17-мартында Аксы районунун Кара-Суу айылында  715 адам катышкан эскерүү жыйынында кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруу, жалпы коомчулукка, тийиштүү мамлекеттик органдарга жеткирүү, жалпы улуттук идеялар менен биригүү, элдик курултайларды өткөрүү, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн бекемдөө боюнча курамында:

Ч.Абыкеев - “Эл үнү” коомдук саясий кыймылынан;

А.Бекназаров -  “Эл үнү” коомдук саясий кыймылынан;

Байас Турал  -  “Элдик Курултай” кыймылынан;

Кубан Дүйшеев  - “Чоролор” кыймылынан;

Кадыр Кошалиев – “Улуттук мекенчил күчтөрүнүн” биримдигинен;

Эмилбек Каптагаев -  Коомдук саясий ишмер;

Эркин Булекбаев    - Коомдук саясий ишмер;

Алманбет Шыкмаматов – КР Жогорку Кеңешинин депутаты;

Мамбетжунус Абылов -  Коомдук саясий ишмер;

Улукбек Маматаев  -  “Ак калпак” саясий партиясынан;

Равшан Жээнбеков  - Коомдук саясий ишмер;

Турсунбек Акун  - Орто Азия адам укугун коргоо конгрессинен;

Рамазан Дырылдаев  -  Коомдук саясий ишмерлерден турган атайын штаб түзүлсүн. Алар 24-мартта Жалал-Абадда өтө турган жалпы улуттук курулайга даярдык көрүшөт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити