Мародерчулуктан рейдерликке кеткен жол

 

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары буга чейин КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү 45-45-а дарегиндеги убагында Максим Бакиевге таандык экендиги айтылып келе жаткан жер участогу боюнча “туура эмес чечим чыгарган”, “качкын канзаадага кайра кайтарып берди”, таризде маселе көтөргөн. Андан кийин айрым депутаттар Мамкаттоонун жетекчисин иштен алуу үчүн өкмөткө жана ага укуктук баа берүү керектиги тууралуу Башкы прокуратурага кайрылган эле. Башкы прокуратура аталган фракциянын чечимин эске алып, Т.Сарпашевге кылмыш иши козголгону маалым болгон. Аталган маселени иликтөө үчүн парламент депутаттары жана өкмөттүн тиешелүү адамдарынан турган атайын иликтөө комиссиясы түзүлгөн. Иш иликтенип бүткөнчө, мыйзамга ылайык өз арызы менен Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматынан бошогон. Ал эми Тайырбек Сарпашев болсо мындай аракет президенттик шайлоого карата айрым саясий күчтөрдүн арам оюну экендигин билдирген эле. Эске салсак, прокуратура органдары тарабынан 2010-2012-жылдары “ЭлитДомСтрой” ишканасынын мүлкүнө, анын ичинде Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест коюлган.


2016-жылы Бишкектеги Биринчи Май райондук соту М.Бакиев, А.Елисеев, Е.Гуревич, М.Надель, С.Ким, У.Мелисбек жана У.Пактын иши боюнча чечим чыгарып, сот айыпталуучуларды эркинен ажыратуу менен бирге мүлкүнөн ажыраткан. Соттун бул чечимин 2017-жылы 11-январда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

 

Аталган жер участогу кантип, кандай таризде Максимдин колуна түшкөн? Бул багытта 15-февралда “АКИпресс” маалымат агенттигинде Коррупцияга каршы эксперттик кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты Кайрат Осмоналиев, кеңешке мүчө – саясий серепчи Бакыт Бакетаев жана “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын (булардын Бишкектеги аукцион аркылуу сатып алган жер участогун Максим Бакиев коркутуп тартып алган) юристи Асель Жолдошова атайын журналисттер үчүн маалымат жыйын курушту.

 

Басма сөз жыйынынын катышуучулары Скрябин көчөсүндөгү Т.Сарпашевдин кызматтан кетишине себепкер болгон жер участогунун чыныгы таржымалын баяндап беришти. Көрсө чындык таптакыр депутаттар кыйкырып чыккандан башкача экен.

 

2007-жылдын 25-январында “Кыргызтелеком” ачык типтеги АКсы директорлор кеңешинин  чечими менен Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндөгү 45-45А  барак тибиндеги чарба базасын 1, 28га жер участогу менен кошо аукциондун негизинде сатыкка коёт. 2007-жылдын 5-февралында ачык аукцион болуп,  үч компания катышып, ОсОО “Глобал Эдертайзинг” эң жогорку бааны сунуштап, 5 миллион сомго сатып алат. Алар минтип маалымат жыйынын өткөрүп, окуя тууралуу айтып бергенден көп өтпөй эле Башкы прокуратура, алардын айтканына өз жообун берип, айткандары негизсиз деген мааниде билдирген. Колдорунда чындыкты далилдеген документтери бар юрист Кайрат Осмоналиев менен Бакыт Бакетаев жана ОсОО “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын жактоочулары кайрадан маалымат жыйынын өткөрүп дагы өз чындыктарын айтышты. Анда ага чейин маалым болбогон маалымат да ачыкталды. Ал дал ошол чуу жараткан Скрябин көчөсү 45-45-а дарегиндеги жерди Болот Шер жана Садык Шер деп (Шерниязов деген) фамилияларын “Шер” кылып  алган (Шерлердин) бир тууган иниси Баткен Шер деген өзүнчө шер жигит шерлигин көргөзүп иштетип жатканы маалым болду. Бул маалыматты юрист Кайрат Осмоналиев айтып чыкты. Баткен Шер аталган жерди качантан бери кантип иштетип, мамлекетке канча салык төлөп келеткандыгы жакынкы күндөрү ачыкталаар.  Калган окуяны басма сөз жыйынынын катышуучуларынын оозунан уксак:

 

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи:

 

- Юридика илимдеринин доктору Кайрат Медербекович негизсиз козголгон кылмыш боюнча өзүнүн сын пикирин айткандан кийин Башкы прокуратура ойлонушу керек эле. Анткени Кайрат Осмоналиев Башкы прокуратуранын ишин  көзөмөлдөөчү  коомдук комиссиянын төрагасы. Кайрат мырза айткандан кийин Башкы прокуратура ишти кылдат карашы керек болчу. Эгер аталган Башкы көзөмөл органы биздин айткандарыбызды негизсиз, туура эмес десе, бизде чындыкты далилдеген дагы материалдар бар. Ошолорду алып чыгып элге ачыктап беребиз. Колубуздагы материалдарды Жогорку Кеңеште, Өкмөттө түзүлгөн комиссияларга берип жатабыз. Президентке дагы кайрылабыз. Биздин колдо эки кагаз турат. Биринчи кагазда көргөзүлгөн негизсиз жагдайлардын негизинде Тайырбек Сарпашев негизсиз күнөөлөнүп, ага негизсиз кылмыш иши козголуп, убактылуу кызматынан четтетилди. Юрист Кайрат Осмоналиев экөөбүз эки кагазды кылдат карап чыктык. Биринчи кагаз эч кандай күчкө ээ эмес экен. Андагы көргөзүлгөн жагдайлардын баары негизсиз болуп чыгып жатат. Кептин баары экинчи кагазда болуп жатат. Мындай аракеттер менен судьялар болуп жаткан сот реформасынын баарын жокко чыгарып жатышат.

 

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору:

 

- Мурдагы күнү биз маалымат жыйынын өткөрүп, Тайырбек Сарпашевдин негизсиз күнөөлөнүп жатканын айтып чыккан элек. Биз маалымат бергенден көп өтпөй эле, эртеси күнү Башкы прокуратура өздөрүнүн билдирүүсүн таратты. Ал массалык маалымат каражаттарына чагылдырылды. Ошол билдирүү негизсиз экенин айтып, бүгүн биз сиздердин алдыңыздарга кайрадан чогулуп отурабыз. Мурдагы күнү адвокат бизге билдирди. Ал айтты, өткөн жылы 2-ноябрда Бишкек шаардык сотунда соттук отурум болгон имиш, анда 2014-жылы райондор аралык соту  ОсОО “Глобал Эдвертайзенг” компаниясына карата чыгарган чечимин жокко чыгарыптыр деп. Азыр биздин колубуздагы кагаздарда Мүлүкбаева деген судьянын колу коюлуптур. Бирок, район аралык соттун төрагасы Алыбаевдин колу жок экен, жок дегенде анын катчысынын колу коюлуш керек эле, аныкы да жок.  Бир эле ошол Мүлүкбаева деген судьянын колу коюлган. Соттун талабы боюнча катчы сөзсүз катышышы керек эле, анын колу сөзсүз коюлушу керек болчу. Бул жерде мыйзамды одоно бузушкан. Биз сиздерге 2016-жылдын 2-ноябрындагы соттук олтурум тууралуу документти көрсөтүп коёлу. Ал күнү сот “ЭлитДомСтройдун” өкүлү жана судья Мүлүкбаеванын келбей калганына байланыштуу болбой калган да, башка күнгө 22-ноябрга жылдырылган. Мына соттук коллегияга төрагалык кылуучу кылуучу А.Алыбаевдин да, судья А.Рыбалкинанын да колдору коюлуп турат. Демек, булар “аткарбай койду” деп, жалгыз судья Мүлүкбаеванын колу коюлган Бишкек шаардык сотунун чечими – жасалма! Мен Башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылат элем, өзүңүздүн кол астыңыздагы кызматкерлерди көзөмөлдөңүз, анткени прокуратурада далайдан бери иштеп, алчы таасын жеген прокурорлор көп. Алар чечимдерди мамлекет үчүн эмес, өз кызыкчылыктары үчүн, жалпы эл үчүн эмес, жеке бир адамдын кызыкчылыгы үчүн чыгарат. Одоно коррупциялык иштерге жол беришет. Коррупциялык ишке жол бергени дал ушул иш аркылуу далилденип турат. Башкы прокурордун биринчи орун басары Токтогулов Кылычбектин, Бишкек шаарынын прокурору Кубанычбек Бейшекеевдин бул ишке тиешеси бар болушу мүмкүн. Алардын ишин Башкы прокурор Индира Жолдубаева такыр иликтөөгө алып, чара көрүшү керек.     

 

 Маралбү Кайназарова, адвокат:

 

- Бишкектеги Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жер аянты боюнча он күндөн бери коомчулукта кызуу талкуу жүрүп жатат. Бирок, эмнегедир Башкы прокуратура жана ЖКнын “Республика-Ата-Журт фракциясынын депутаттары КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы, анын жетекчиси Тайырбек Сарпашев Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан  “Бакиевдердин жери делген жерди сотто арестте турганына карабай каттап койгон” деген негизде биринчиден мамлекеттик мыйзамды бузуп, экинчиден, КР Мамлекеттик каттоо кызматын, анын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди күнөөлөп, үчүнчүдөн, ал тууралуу коомго туура эмес маалымат таратып туура эмес, акылга сыйбаган, мыйзамсыз  иш жасап жатышат. Башкы прокуратура көзөмөл органы болгондон кийин Кыргызстандын, кыргыз атуулдарынын кызыкчылыктарын коргошу керек эле да. ОсОО  “Глобал Эдертайзинг” компаниясынын жетекчиси Башкы прокуратурага буга чейин бир эмес бир нечен ирет кайрылган. Эмне үчүн ошондо маселени карашпайт. Эки жыл өткөндөн кийин “соттун чечимине макул эмеспиз” деп Бишкек шаардык сотуна кайрылыштын кереги бар беле? Бишкек шаардык сотунун чечими жасалмаланган болушу мүмкүн. Менин адвокат болуп иштеп жатканыма далай жыл болду. Колубуздагы документтердин баарын ишти иликтеп жаткан комиссияга беребиз. Биз бул иш менен аягына чейин күрөшөбүз. Укуктук мамлекетте жашап жаткандан кийин кандай иш болбосун укуктук баа берилип, укуктук негизде, мыйзамдын алкагында чечилиши зарыл. Ким туура эмес иш кылса, ал мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү.

 

Мародерчулуктан рейдерликке кеткен жол

 

Буга чейинки маалымат жыйынында Коррупцияга каршы эксперттик топтун төрагасы Кайра Осмоналиевден журналисттер: “6 жылдан бери бул жер участогун ким пайдаланып, пайда көрүп жатат?”- деп сурашкан. Кечээки кайра уюштурулган басма сөз жыйынында бул багыттагы чындык калкып чыкты.

 

2010-жылдагы революциядан кийин аталган жер участогун “Ата-Мекен” партиясынын мүчөсү, ЖК депутаты Болот Шердин иниси Баткен басып алыптыр. Аталган тилкеде чоң унаа токтотуучу жай уюштурулган, соода павильондору бар. Эн аз дегенде бул жерден Баткенге түшкөн киреше ай сайын 20-30 миң долларды чапчыйт, б.а. жылына 240 миңден 360 миң долларга чейин. 2010-жылдын башынан баштап 2 миллион доллардай киреше түшкөнү айтылууда.

 

2016-жылдын сентябрына чейин “Ата Мекен” партиясы бийликте болуп келди. Мындай шартта “Глобал” мүлкүн ала алмак эмес. Кайсы жерге барба, соткобу, прокуратурагабы, каттоо кызматтарынабы, “ата-мекенчилерге” туш келип, тилеги таш каап келген. Булар оппозицияга кеткенден кийин гана адилеттүүлүккө жол ачылган. Албетте, ким эле 6-7 жылдан бери туруктуу киреше алып келип жаткан майталкандан кур калгысы келсин! Партиялык казына да жабыркап жатпайбы! Ошондуктан Шерлер Канат Исаевге кайрылышат. Ошентип, ал демилге көтөрүп, “бакиевдин мүлкү” деген шылтоого жамынып, чынында Баткен Шернияздын арам бизнесин коргоого өттү. Кечээ эле Канат Исаев Токмокко мэр болуп, Бакиевдердин камчысын чаап келгенин эстен чыгарбаш керек. Балким, азыр да чаап жаткандыр!

 

Азыр бул маселе боюнча депутат Алмамбет Шыкмаматов да ар кандай билдирүүлөрдү жасап жатат. Суроо туулат, Шыкмаматов ошончо акылдуу экен, эмнеге “Скрябин” маселесин Мамкаттоо кызматын жетектеп турган кезде көтөргөн эмес?

 

Дагы бир жагдай – “ата-мекенчилердин” Скрябиндеги жерге кызыкчылыгы бар экенин баштап “Глобал Эдвертайзинг” компаниясынын кызыкчылыгын соттордо коргоп келген Таалайгүл Токтакунованын ушу тапта “Ата Мекен” фракциясынын секретариат башчысы болуп иштеп жаткандыгы далилдеп турат. Аталган жер участогу боюнча чоң чуу салардан мурун алар Таалайгүл менен да кеңешип коюшса ашыкча болбойт эле. Дал ушул Таалайгүл Токтакунованын тушунда “Глобал” максимдик “ЭлитДомСтрой” менен түзүлгөн келишимдин тагдыры боюнча соттук териштирүүлөрдү жеңип алган. Бирок, ал “Глобалдын” жерге укугун Мамкатоо кызматында (жетекчиси Алмамбек Шыкмаматов) жана Юстиция министрлигинде (министр Аида Салянова) каттай албай азап тарткан. Б.а. “Ата Мекендин” азыркы юристи бул участок боюнча партиялаштарынын кандай былыктары жатканын мыкты билет. Бирок, “табакташ” болуп калгандыктан, үн чыгарбай келатат.

 

Булак: “Фабула”