Үчүнчүсү да болобу?

 

Кандуу Бакиевдердин кланы беш жыл өлкөнү башкарган учурда дал ушул электр энергияга болгон бааны жогорулатып, элдин жонунан кайыш тилүүсүн чөнтөк телефондогу сүйлөшүүлөрдөн акча алууга чейин жеткен. Чыдамы түгөнгөн эл кайра кайра нааразычылык акцияларына чыгып жатып, акыры ошол учурдагы оппозиционерлерди камакка чекесинен ала баштагандан улам, катуу толкугандыгы бир Атамбаев жана анын тегерегиндегилердин эсинен чыкпаса, элдин эсинде.  Кандуу 7-апрель күнү аянттагы ачууланган элге ок чыгарылгандан улам ого бетер күчөп отуруп, Бакиевди кубалап азыркы бийликте отургандарды алып келгенбиз. Бирок ошондогу элдин мүдөөсү ишке аштыбы же жокпу тыкыр иликтеп көрсөк, баары тескерисинче артынан кетип,  бийлик башындагылар жети баштуу ажыдаарга айланган.

 

Тоолуу аймактардагы кыштын катаал күндөрүндө электр энергясынын баасы асмандаганы аз келгенсип, кара алтындын тартыштыгы бир топ кыйынчылыкты жаратты. Тапкан акчасын жылуулукту камсыздоо үчүн жумшап коюп, катыган нанды сууга малып ичкен учурга жеткенчекти отура беребизби деп Нарын эли аянтка чыгып, тынчтык жолу менен эч кандай саясаты жок өз пикирлерин билдиришкен. Бирок, өкмөттүн “2018-2010жылдардагы планга киргизилиши мүмкүн” деп берген жообу “ага чейин шыйрагыңарды жага тургула”- дегендей эле таасир калтырды.

 

Бакиевдин учурунда күз келгенде эле кулактап, “тезек тергиле, быйылкы көмүр менен электр энергиянын акчасын жейм” деп айтып уурдаса, Атамбаевдин заманында капталдан күтүүсүз кол салдгандай эле кыштын кыраан чилдесинде тоолуу элди көмүрсүз калтырды. Арийне өлбөгөн жанга жаз келет, бирок жаз келгиче канчалаган адамдар ооруп, канчалаган адамдар запкысын көрүп отура берет белгисиз. Болбосо дал ушул алты ай бою кыш мезгилин көргөн тоолуу аймактарды кароосуз калтыруу менен борборго жетпечүдөй жасаган мамилеси менен өздөрүнө өздөрү балта чапкандык эмеспи деп ойлонгон бир да чиновник жок.

 

Алыскы тоолуу аймакты кой, борбор калаа тургундары дагы өз нааразычылыгын билдирүү менен “Түндүкэлектр” ишканасын сагаалап, эсеп көп чыгып, тапкан-ташыганын энергетикага төлөп отурабыз дегендердин саны арбыды. Бирдей эле энергетика сарптаган үйлөрдүн эсептегичи эки башка чыгып келип жаткандыгы  бир чети жиниңди келтирсе экинчи чети таң калтырбай койбойт. Албетте мамлекеттин эсебинен жашагандарга андай электр энергиясын төлөө дүмүрчөк, эсеп тууралуу башы оорубайт. Анын сыңары башы оорубагандын кудай менен иши жок дегендей эл менен иши жок жаркылдаган келечекти убада кылып келе жатканына беш жыл болду. Беш жылда жыргатпаган эми бир жылда гүлдөтүп  жибермек беле.

 

Элдин үнүн уккусу келбей өзүнүн айткандарына өзү кээде ишенип кетип, ага кошул ташыл жанындагы чабарман кеңешчилеринин гүлдөп жашап, кой үстүнө торгой жумурткалап жатат дегенине муюп жашап жаткан ажонун чээнден анда санда кыйкырып, саясатчылар былгытып жатат, Бакиевчилер дагы эле жүрөт арабызда деп кыйкырганын угуп ажонун акылы жайындабы дегенге аргасыз жетеленесиң. Анткени жалаң ошол Бакиевчил Акаевчилдердин баарын жанына ири кызматтарга өзү бекитип коюп, кыйкырганы албетте таңдандырбай койбойт.

 

Ооба беш жыл аралыгында бирөөнү атып, же тың чыкмалардын көзүн киллер менен тазалоо болгон жок, бирок медалдын экинчи бетинде тың чыкмалардын баары чет өлкөлөп куугунтукка кабылып, соттолчусу соттолуп жатканы шибегени капка каткандай эле кеп. Айрыкча Атамбаевге каршы же ага карата айтылган сын пикирди айткан адамдын акылы жок болуп эле акылдуулар Атамбаевдин айланасында жүргөндөй сүйлөйт. Ананчы азыркы кимди ким көрдү болгон заманда үй жайын таштап талаалап агылган мигранттардын башкы маселеси өлкөдөгү жумушсуздук экендиги, жарыбаган айлык маяна менен кекиртекти майлаганга жетпей, жетсе үй бүлөө бакканга алы келбей, үй жайы жок талаалап жүргөндөрдүн саны миңдеп көбөйүп жатса дагы укмаксан билмексен болгон бийликтин дагы жарылаарынан кабар бергенсийт.

 

Анткени инфляция деген балакеттин айынан базардагы продукциянын баасы асмандап, алган айлык менен сатып ала турган керектөөнүн орток баасы чыкмак түгүл карандабай калгандыгы, жакырчылыкты карай сапар  деп аталып, байыркы феодализмге же капитализмге жол тарткандайбыз. Албетте феодалдык түзүлштөгүдөй  дыйкандарды өз жерлерине иштетип, кандайдыр бир деңгээлде эзүүлор болбосо дагы жаңы  заманбап стилде өздөштүрүп элди эзүү менен мамлекеттин капчыгы эмес, бир канча адамдардын тобун гана байытып жатканы чындык эмеспи. Ар нерсенин бышып жетилген мезгили болгондой эле шаар тургундары менен алыскы тоолуу аймактагылардын энергетикага болгон нааразычылыгы күн санап өсүп отуруп, ыңкылаптын илээбин соктургандай. Бирок өлкөдө стабилдүү жол менен бийлик алмашпаса, үчүнчү төңкөрүштү мамлекет көтөрө алабы, албайбы эң башкы маселе.

 

Булак: “Каганат”